Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-августундагы № 65
Баткен шаарынын карамагындагы Дөгмөн жайлоосунан 2,47 га жер аянтына КараБелес ЖЧКсына көмүр казуу иштерине макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администарция жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктчасы, 34-беренесинин 1-пунктунун, 5-пунктчасына, Баткен шаардык Кеңешинин биргелешкен туруктуу комиссияларынын 2023-жылдын 17-майындагы кортундусуна, Баткен шаар мэриясынын 2023-жылдын 21-февралындагы №01-13/420 катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын карамагындагы Дөгмөн жайлоосунан 2,47 га жер аянтына Кара-Белес ЖЧКсына көмүр казуу иштерине макулдук берилсин.
2. Дөгмөн жайлоосунан Кара-Белес ЖЧКсына көмүр казуу иштерине тийиштүү органдардын талаптарына ылайык юридикалык иш кагаздары жана кортундуларынан кийин казуу иштерине уруксат берилүү жагы эскертилсин.
3. Көмүр казуу иштеринде шарттарды аткарууну көзөмөлдөө иштерин жүргүзүү жана келишимге камтуу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары У.Гаиповго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |