Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-августундагы № 66
Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүнүн №18а тургуну Кошумбет уулу Орозбайдын 58,50 м2 жеке менчик (автоунаа кызматы багытындагы) жер аянты Ц-1 шаардын борборунун мамлекеттик жана ишкердик коммерциялык ишмердүүлүк зонасындагы жер аянты багытына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пункттуна жана ММДинин 2023-жылдын 29-июнундагы №02-16/143 катына, шаар куруу жана архитектура башкармасынын 2023- жылдын 15-майындагы №127 кортундусуна, Баткен шаардык Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын августундагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын М.Салихов көчөсүнүн №18а тургуну Кошумбет уулу Орозбайдын жеке менчик 58,50 м2 (автоунаа кызматы) багытындагы жер аянты Ц-1 шаардын борборунун мамлекеттик жана ишкердик коммерциялык ишмердүүлүк зонасындагы жер аянты, багытына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Кошумбет уулу Орозбайдын менчик жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |