Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айылдык кенешинин I чакырылыштын кезектеги IV отурумунун
2025-жылдын 20-февралы № 24
Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринин ижара акысынын башталгыч баасын карап берүү жөнүндө
Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Айылдык кенешинин I чакырылышынын IV сессиясынын отурумунда Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин фондунун жеринин башталгыч ижара акысын коюп берүүсүн карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 4-бөлүмүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жыл 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген.”Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобого” ылайык, 22-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомунун 13-тиркемесинин 1-пунктуна ылайык,
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин фондунун жеринин башталгыч ижара акысы;
- Сугат айдоо жерлеринин 1 га ижара акысы -5000сом
- Көп жылдык бактар 1 га ижара акысы - 5000 сом
- Кайрак айдоо жерлеринин 1 га ижара акысы - 1000 сом
- Чабынды жерлеринин 1 га ижара акысы -300 сом
болуп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Султан Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго тапшырылсын.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |