Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-ноябрындагы № 80
Aбды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 9айдагы аткарылышы, үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жана айрым беренелерди жылдыруу жөнүндө
Aбды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 9айдагы аткарылышы, үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жана айрым беренелерди жылдыруу жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын XXIV сессиясы карап жана талкуулан
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Aбды Суеркулов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 9айдагы аткарылышы канаатандырарлык деп табылсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин 9ай ичиндеги аткарылган жумуштардан төмөндөгү
беренелерден үнөмдөлгөнү белгиленсин:
Мектеп бөлүмүнөн-
-2222 беренсинен 149142сом (канцтовар жана хозтовар- 11217сом, Мамыров мектебинин жылуулукка болүнгөн каражаттан -3725сом)
-2215 беренесинен - 211000сом (Ашыралиев, Жүндүбаев мектептеринин жылуулук системасы үчүн ПСДсынан)
Аппарат бөлүмүнөн-
-2231 беренесинен- 1770сом (электроэнергия)
Бала бакча бөлүмүнөн-
-2221 беренесинен -3288сом (Сезим келечеги бала бакчасынан)
Жалпы 231000сом.
3. Үнөмдөлгөн акча каражаттары төмөндөгү беренелерге бөлүштүрүлүп жумшалсын:
Аппарат бөлүмүнө-
-2215 беренесине-31000 сом Кара-Жыгач айылындагы трансформатордун документацияларына.
-2222 беренесине-35000сом мунун ичинен;
-10000сом канцтоварга
-25000 сом Торкен таза суу насостук станциясына керектүү материалдарга
-2211 беренесине-50000 сом сапар чыгымдарына
Бала бакча бөлүмүнө-
-2222 беренесине 65000 сом мунун ичинен:
-40000сом Сезим келечеги балдар бакчасынын туалетине пескоблок сатып алууга
-25000сом Шамшыкал балдар бакчасына печка жана килем сатып алууга.
Соцобеспечение бөлүмүнө-
-2721 беренесине -50000сом мунун ичинен;
-30000сом жакыр кароосуздарга
-20000сом Баткенге палатка сатып алууга.
4. Жергиликтүү бюджеттин төмөндөгү беренелери жылдырылсын:
Аппарат бөлүмүнөн
-2215 беренесинен 20000 сом (өзгөчө кырдаалдар)
Мектеп бөлүмүнө
-2222 беренесине Мамыров мектебине шифер сатып алууга.
5. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
7. веб Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кеңештин төрагасы | К.Таалайбек уулу |