Загрузка документа…
АБДЫ СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-ноябрындагы № 79
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын чыгыш тарабындагы 2га жер тилкелерин турак жай үчүн берүүгө аянтын чектеп берүү жөнүндө
Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын чыгыш тарабындагы 2га жер тилкелерин турак жай үчүн берүүгө аянтын чектеп берүү жөнүндөгү маселени Абды Суеркулов айылдык кеңешинин IX чакырылышынын XXIV сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абды Суеркулов айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын чыгыш тарабындагы 2га жер тилкелери турак жай үчүн жарандарга 0,15 гектардан чектелип берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана www.torken.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы Т.Кебековго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кеңештин төрагасы | К.Таалайбек уулу |