Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-январындагы № 1
Айыл өкмөтүнүн 2023-2024-2025 жылдарга карата өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Райышбеков Курсантбектин 2023-2024-2025-жылдарга карата түзгөн айыл өкмөтүнүн өнүгүү планы менен таанышып, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-2024-2025- жылдарга карата Кара-Суу айыл өкмөтүнүн өнүгүү планы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн;
Кара-Суу айыл кеңешинин төрагасы | У.Жунусалиев |