Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык Кеңешинин lX чакырылышынын кезектеги XXlVсессиясы

 

2023-жылдын 27-январындагы № 2

 

«Кара-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетун угуу, 2023-жылга бюджеттин жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Райышбековдун 2022-жылдагы аткарган иштери боюнча отчетун жана 2023-жылга карата бюджеттин аткарылышынын долбоорун угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык Кеңешинин lX чакырылышынын кезектеги XXlVсессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

 

1. Кара-Суу айыл Өкмөтүнүн башчысы Райышбеков Курсантбектин 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2. Кара-Суу айыл Өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген киреше 8394,0 (сегиз миллион үч жүз токсон төрт мин) сом, теңдөөчү грант 7623,0 (жети миллион алты жүз жыйырма үч мин ) сом, бала бакчадагы балдарга тамак аш үчүн ата энелер төлөмдөрү 600,0 (үч жүз мин) сом кошулуп, жалпысы: 16617 (он алты миллион алты жүз он жети мин) сом суммасында № 1 тиркемеге негиз бекитилсин.

3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга жергиликтуу бюджеттин трансферттеринин болжолдуу көлөмү № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин. Өздүк бекитилген киреше мурунку жылдын фактысына негиз бекитилсин.

4. Ата-энелер төлөмдөрүнөн түшүүчү 600,0(алты жүз мин) сом акча каражаты 2023-жылга атайын каражаттар бөлүгүнө планга кошулсун.

5. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 160,0 (бир жүз алтымыш мин) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.

7. Кыргыз Респуликасынын Финансы министрлигинин Аксы башкармалыгы тарабынан берилген кошумча уведомленияларга негиз бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кенешке сунуш берүү жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн бухгалери Т. Тилекбаевге милдеттендирилсин.

8. Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрү боюнча аткарууну айыл өкмөттүн кирешелер боюнча башкы адиси Сейитбек уулу Кудаярга милдеттендирилсин.

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403-токтомунун редакциясына ылайык айыл өкмөттүн 9 айылына айыл аймактын администрациясы болуп саналган калктуу пункттан тышкары 8 айылга 8 (сегиз) айыл башчы, жетектөөчү адистин айлык акысынын денгээлинде, жана 2343 милдеттүү жана аскерге чакырылуусу бар, жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо максатында 2(эки) аскердик учетко алуу кызматкери, айлык акылары адистин айлык акысынын денгээлинде каралып бекитилсин.

10. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 350,0( үч жүз элүү мин ) сом өлчөмүндө бекитилсин.

11. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комиссиясына билдирүү берип туруу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Тилекбаевге милдеттендирилсин

12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комисиясынын төрагасы А. Алымкуловго жүктөлсүн.

 

 

Кара-Суу айыл кеңешинин төрагасы

У.Жунусалиев