ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш, 3-сессиялык отурум
2025-жылдын 22-январы № 6
Калдык айылындагы жайыт участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин 6-пунктуна, ошондой эле Калдык айылындагы №114 контурун аянты 1,3 га болгон айыл чарба багытындагы “жайыт” жерди “көп жылдык бак-дарактар” категориясына которуу (трансформациялоо) мүмкүндүгү жөнүндө райондук комиссиянын 2024-жылдын 07-июнундагы корутундусуна ылайык, берилген материалдарды угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калдык айылындагы № 114 контурунун, 1,3 га айыл чарба жерлерин «жайыт» категориясынан «көп жылдык бак-дарактар» категориясына өткөрүү (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Жайыл айылөкмөтүнүн башчысы С.Ж.Суйналиевге жүктөлсүн.