Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш, 3-сессиялык отурум
2025-жылдын 22-январы № 4
2025-жылга бюджетти бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жана каржы -экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Б.Караеванын Жайыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн, 2025-жылдын -1-январына карата акча каражатынын калдыктарын жана айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Жайыл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл айыл аймагынын 2025-жылга чыгаша бюджетти төмөнкү суммада
бекитилсин:
Баардыгы | Теңдештирүүчү грант | Өздүк киреше | Атайын каражат |
29064,1 мин сом | 2894,5 миӊ сом | 24569,6 миӊ сом | 1 600,0 миң сом
|
2. 2025-жылдын 1-январына калдык каражатына чыгаша төмөнкү суммада
бекитилсин:
| Баардыгы | Өздүк киреше | Атайын каражат |
2025 жыл | 9823,3 миӊ сом | 9250,1 миӊ сом | 573,2 мин сом |
3. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга штаттык саны төмөндөгүдөй бекитилсин:
Раздел | Баш саны | Жылдык эмгек акы фонду | СФ чегерүү (17,25%) |
Аппарат | 16,0 | 5945,9миӊ сом | 756,8 миӊ сом |
ЖКХ | 9,0 | 824,0 миӊ сом | 142,1 миӊ сом |
Библиотека | 2,0 | 415,8 миӊ сом | 71,7 миӊ сом |
Маданият үйү | 3,0 | 464,1 миӊ сом | 80,1 миӊ сом |
БАРДЫГЫ | 30,0 | 7 649,8 миӊ сом | 1050,7 миӊ сом |
4. Жайыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө Жайыл айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
5. Жайыл айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы (Караева Э.Б.)- акча каражаттарынын калдыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте максаттуу пайдаланылсын.
Аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
6. Каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы- Караева Э.Б., Жайыл айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата штаттык ырааттамасына ылайык эмгек акы боюнча тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзсүн.
Аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы
С.Ж.Суйналиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| К.К. Чолпонкулов |