Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VIII-чакырылыш, 3-сессиялык отурум
2024-жылдын 27-ноябры № 1/1
Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жана өткөрүү тууралу
“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6 -сентябрындагы № 199 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Тескемесин, Кыргыз Респубдикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайдын өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоону уюштуруу комитетинин 2024-жылдын 1-октябрындагы № 2-протоколу менен бекитилген календардык планына ылайык иш алып баруунун негизинде, Жайыл айыл аймагында
1.Бекитилсин :
- Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2024-жылдын 7-декабрында саат 10:00дө Алексеевка айылынын орто мектебинин актовый залында өткөрүлсүн;
- өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны квотага ылайык 100 адам аныкталсын;
- жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча аймакты Алексеевка, Жайыл, Калдык, Кара-Дөбө айылдары боюнча бөлүктөргө бөлүнүсүн;
- жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
- жарандардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын саны , № 2 тикермеге ылайык,
2. Жумушчу топко:
- делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча өз убагында графиктеги мөөнөтүнөн кечиктирбестен иш алып баруусу зарыл.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жайыл айылдык кенешинин төрагасы К.К.Чолпонкулов жана Жайыл өкмөтүнүн башчысы М.Кокоевке милдеттендирилсин.
__________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагаздарына, Жайыл айылдык кеңешинин депутаттарына, Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кокоевке.
Төрага |
| К.К. Чолпонкулов |
Тиркеме № 1
Жайыл айыл аймагында Кезектеги Курултайды өткөрүү жана шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча жумушчу топтун курамы
Чолпонкулов К.К. – Жайыл айыл аймагынын
жергиликтүү кеңешинин
төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
Алымкулова Г.К. - жергиликтүү кеңештин жооптуу
катчысы, жумушчу топтун катчысы;
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Алымбеков Р.Ш. - Жайыл айылдык кеңешинин
депутаты;
Джумабеков М.Б. - Жайыл айылдык кеңешинин
депутаты;
Маматбабаев Э.А. - Жайыл айылдык кеңешинин
депутаты;
Сыргабаев А.С. - Жайыл айылдык кеңешинин
депутаты;
Джандралиев Ч.Дж. - Жайыл айыл өкмөтүнүн
жетектөөчү адиси-юрист;
Керимбеков Э.А. - Жайыл айылынын айыл
башчысы;
Дадаков Р.Д. - Кара-Дөбө айылынын айыл
башчысы.
Төрага |
| К.К. Чолпонкулов |
Тиркеме № 2
Жайыл айыл аймагында Кезектеги III Курултайды өткөрүү жана шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарынын өткөрүү графиги
№ | Өткөрүлүүчү айылдын аталышы | Жооптулар | Өткөрүү күнү, сааты | Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын саны | Өткөрүлүүчү жер |
1 | Алексеевка айылы | Чолпонкулов К.К. –Жайыл айылдык кеңешинин төрагасы | 2024-жылдын 5-декабры саат 10:00 | 60 | Алексеевка айылынын орто мектебинин имаратында |
2. | Жайыл айылы | Сыргабаев А.С.- Жайыл айылдык кеңешинин депутаты | 2024-жылдын 5-декабры саат 14:00 | 20 | Жайыл айылынын негизги мектебинин имаратында |
3. | Кара-Дөбө айылы | Бекдулетов У.У.-Жайыл айылдык кеңешинин депутаты | 2024-жылдын 4-декабры саат 14:00
| 10 | Кара-Дөбө айылынын негизги мектебинин имаратында |
4. | Калдык айылы | Бекдулетова Рыскуль Качкыналовна- Жайыл айылдык кеңешинин депутаты | 2024-жылдын 4-декабры саат 10:00 | 10 | Калдык айылынын клубунда |
Төрага |
| К.К. Чолпонкулов |