Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомуна) |
Мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдарды эсепке алуу тартиби жөнүндө НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдарды эсепке алуу тартиби жөнүндө нускама (мындан ары - Нускама) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан жалпы билим берүү деңгээлинде окутулууга тийиш болгон 5 жаштан 16 жашты кошуп алганга чейинки курактагы бардык балдарды эсепке алууну жүзөгө ашыруу (мындан ары - балдарды эсепке алуу) тартибин, ошондой эле балдарды эсепке алууну жүзөгө ашыруу процессинде алардын жалпы билим берүүнүн жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү, билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү механизмин аныктайт.
2. Балдарды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын билим алууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу жана негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнү камсыз кылуу, жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын биринчи классына кабыл алынуучу билим алуучулардын контингентин рационалдуу пландаштыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, окубаган балдарды табуу жана аларды окутууга чара көрүү максатында жүзөгө ашырылат.
3. Мектеп жашындагы балдарды эсепке алуу тартиби жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети белгилеген форма боюнча мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдардын тизмесин түзүү жолу менен уюштурулат жана жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин органдары негизги баскычтын көлөмүндө милдеттүү түрдө окутулууга тийиш болгон мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдарды эсепке алууга даярдоого жана жүргүзүүгө катышат.
Тизмеге келгендерди киргизүү жана чыгып кеткендерди алып салуу жолу менен тиешелүү туулган жылдардагы мектеп жашындагы балдарга карата жыл сайын өзгөртүүлөр киргизилет. Ар бир бала боюнча окуусу жөнүндө белги коюлат, мында тизмелер жыл сайын жаңыланууга тийиш.
4. Мектеп жашындагы балдарды эсепке алуу айыл аймагынын, шаардын жана башка калктуу конуштардын, ошондой эле административдик райондордун чек араларынын чегинде жүргүзүлөт.
5. Тизмелерди түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) айыл жеринде - "Санарип Аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасында жеткиликтүү болгон маалыматтар, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын үй чарба китептери, ошондой эле убактылуу жашагандардын тизмелери;
2) шаарларда - "Санарип Аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасында жеткиликтүү болгон маалыматтар, ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык жана үй комитеттери, жатаканалардын коменданттары менен биргеликте үймө-үй кыдыруу жолу менен такталган маалыматтар.
6. Айыл аймагынын, шаардын же башка калктуу конуштун аймагында жашаган 5 жаштан 16 жашты кошуп алганга чейинки курактагы бардык балдар, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүүнүн жана бардык түрдөгү башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында билим алуучулар, ошондой эле негизги жалпы билимин бүтүрө элек 16 жашка чейинки курактагы балдар эсепке алынууга тийиш.
7. Акыл-эси жана дене боюнун өсүшүндө кемчиликтери бар (көзү азиз, акыл-эсинин өнүгүүсү кечеңдеген, дүлөй жана дудук) мектеп жашындагы балдарга атайын мектептерде, атайын мектеп-интернаттарда, атайын көмөкчү мектептерде, атайын көмөкчү мектеп-интернаттарда жана санаториялык мектеп-интернаттарда аларды окутуу менен камтуу үчүн пайдаланылуучу өзүнчө тизмелер түзүлөт.
8. Мектеп жашындагы балдардын тизмеси расмий статистикалык отчеттуулукту түзүү үчүн материал катары жергиликтүү мамлекеттик администрацияда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында сакталат.
9. 5 жашка толгон балдардын тизмеси алар 16 жашка толгонго чейинки бүткүл мезгил ичинде колдонулат.
10. Менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүүнүн жана бардык түрдөгү башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын директорлору окуу жылынын ичинде билим берүүнү башкаруунун тиешелүү аймактык органына системалуу түрдө (катары менен 10 окуу күнүнүн ичинде) жана жүйөлүү себептерсиз окуу сабактарын өткөрүп жиберген балдардын тизмесин берүүгө милдеттүү. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органы өз кезегинде, көрсөтүлгөн маалыматтарды жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, шаардын мэриясына же айыл өкмөтүнө бул балдарды билим берүү уюмдарына кайтаруу боюнча зарыл чараларды көрүү үчүн жиберет. Окуу сабактарына катышпаган балдар жөнүндө маалыматтар 10 күн катышпагандан же окуу сабактарына келбегенден кийин 5 жумуш күндөн кечиктирилбестен жиберилет.
11. Билим алуучулардын окуу сабактарына катышуусун контролдоо төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
1) 10 окуу күнүнө чейинки мөөнөткө сабактарга катышпаган балдарды эсепке алуу жалпы билим берүүнүн жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюму тарабынан жүргүзүлөт;
2) катары менен 10 окуу күнүнөн ашык мөөнөткө сабакка келбеген балдарды эсепке алуу жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, шаардын мэриясынын жана айыл өкмөтүнүн социалдык комиссиясы тарабынан социалдык кызматкерлерди жана жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлорду тартуу менен жүргүзүлөт.
12. Сабакка катышпаган балдар жөнүндө материалдар жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, шаардын мэриясына жана айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген учурдан тартып окуп жаткан адам сабакка катышпаган деп эсептелет.
13. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, шаарлардын мэриялары жана айыл өкмөттөрү балдарды жалпы билим берүүнүн жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кайтаруу боюнча контролдоону жүзөгө ашырат жана чараларды көрөт.
14. Балдар иштери боюнча комиссия 10 календардык күндүн ичинде үй-бүлө менен жекече иштөө планынын жана/же баланы коргоо боюнча жекече пландын материалдарын карап чыгат, тиешелүү чечим кабыл алат, ал жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн чечимдери түрүндө таризделет.
2-глава. Эсепке алууну жүргүзүү боюнча даярдык иштери
15. Мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдардын тизмесин өз убагында түзүү жана текшерүү максатында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, айыл өкмөттөрү, шаарлардын мэриялары жыл сайын 1-августка чейин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, муниципалдык аймактык башкармалыктарга, кварталдык комитеттерге, үй комитеттерине, жатаканалардын коменданттарына жана ички иштер органдарына "Санарип Аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасында жеткиликтүү маалыматтардын негизинде, ошондой эле бекитип берилген аймактарда үймө-үй кыдыруу жолу менен 5 жаштан 16 жашка чейинки курактагы балдар жөнүндө маалыматтарды тактоону сунуштоого;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин органдары менен биргеликте мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдарды эсепке алууну өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү үчүн жооптуу адамдарга инструктаж уюштурууга жана өткөрүүгө;
3) балдарды эсепке алууну жүргүзүүчү адамдарды эсепке алуу тизмелеринин формалары менен камсыз кылууга, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдын 24-июлундагы № 6 токтому менен бекитилген "Окуу жылынын башына карата жалпы билим берүүчү мектептерде жана башка билим берүү уюмдарында окууга кирбеген 5-16 жаштагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны жөнүндө отчет" (№ 77 форма) деген бланктарга ээ болууга (мындан ары - № 77 форма).
Жыйынтыкталган отчеттун формаларын (№ 77 форманы) басып чыгаруу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жана анын жер-жерлердеги органдары тарабынан жүргүзүлөт.
3-глава. Айыл жериндеги балдарды эсепке алуу тартиби
16. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) "Санарип Аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасында жеткиликтүү маалыматтардын негизинде 5 жаштан 16 жашты кошуп алганга чейинки курактагы балдар жана өспүрүмдөр жөнүндө маалыматтарга тактоо жүргүзүүгө;
2) 5 жаштан 16 жашты кошуп алганга чейинки курактагы балдар жана өспүрүмдөр жөнүндө маалыматтарды үй чарба китептеринен жана убактылуу жашагандардын тизмелеринен тактоого;
3) жергиликтүү мамлекеттик администрацияда жана айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында сакталган балдардын жана өспүрүмдөрдүн тизмелеринин түп нускаларына тактоонун негизинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
4) 15-августтан кечиктирбестен 1-сентябрга карата 6 (7) жашка толо турган балдардын тизмесин, ошондой эле башка курактагы окубаган балдардын, анын ичинде майыптыгы бар жана өнүгүүсү кечеңдеген балдардын тизмесин түзүүгө;
5) 20-августтан кечиктирбестен датасын, балдарды эсепке алууну жүргүзгөн уюмдун жетекчисинин кызмат ордун жана мөөрүн көрсөтүү менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан ар бир билим берүү уюмунун директоруна алыскы жайыттарда жана алыскы жерлерде ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен жашаган малчылардын балдарын милдеттүү түрдө бөлүү менен ушул билим берүү уюмунда окутулууга тийиш болгон мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы (5-16 жашты кошо алганда) балдардын тизмесин берүүгө.
17. Менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүүнүн жана бардык түрдөгү башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын директорлору окуу жылынын башында билим алуучулардын (балдардын жана өспүрүмдөрдүн) окуу сабактарына келишин текшерет.
Менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүүнүн жана бардык түрдөгү башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын директорлору билим алуучулардын келбей калышынын себептерин аныктайт жана учурдагы жылдын 21-сентябрынан кечиктирбестен айыл аймактарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органдарына жана жалпы билим берүүнүн жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн билим берүү уюму жайгашкан жердеги жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга келбей калышынын себептерин көрсөтүү менен окууга киришпеген балдардын жана өспүрүмдөрдүн тизмесин берет.
Жалпы билим берүүнүн жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмуна келген, бирок айыл аймактарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан түзүлгөн тизмеге киргизилбеген балдар табылган учурда менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү жана бардык түрдөгү башталгыч кесиптик билим берүү директорлору мындай балдар жөнүндө маалыматтарды айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун тиешелүү аткаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жиберет.
18. Учурдагы жана кийинки окуу жылдарында жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окутулууга тийиш болгон 6 (7) жаштагы балдардын тизмелеринин негизинде, ошондой эле жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдары тарабынан алынган сабакка келбей калган балдар жөнүндө маалыматтардын негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация жана айылдык аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы 1-сентябрга карата 6 (7) жаштагы балдардын жана окуу жылынын башында жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окубаган 6 жаштан 16 жашка чейинки курактагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн санын эсепке алуу боюнча тизмени (№ 77 форма) түзүшөт жана аны 8-октябрдан кечиктирбестен статистика боюнча аймактык органга беришет.
19. Окуу жылынын ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрация жана айыл аймактарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарына жана жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окуу жылы башталгандан кийин өздөрүнө караштуу аймактарда жайгашкан калктуу конуштарга жашоо үчүн келген жана негизги жалпы билим берүү деңгээлинде окууга тийиш болгон мектеп жашындагы балдар жөнүндө маалыматтарды билдиришет. Материалдар мектеп жашындагы жана мектепке баруу алдындагы жаштагы балдар ушул калктуу конушка келгенден кийин 5 күндөн кечиктирилбестен жиберилет.
4-глава. Шаарларда мектеп жашындагы жана мектепке баруу алдындагы жаштагы балдарды эсепке алуунун тартиби
20. Шаарларда муниципалдык аймактык башкармалыктар, кварталдык жана үй комитеттери, ошондой эле жатаканалардын коменданттары шаарлардын мэрияларынын көрсөтмөсү боюнча учурдагы жылдын 1-августуна чейин "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасында жеткиликтүү маалыматтардын негизинде, ошондой эле кварталдык жана үй комитеттери менен биргеликте үймө-үй кыдыруу жолу менен мектеп жашындагы жана мектепке баруу алдындагы жаштагы (5-16 жашты кошо алганда) балдар жөнүндө маалыматтарга тактоо жүргүзүүгө тийиш. Тактоонун жыйынтыгы боюнча эсепке алуу тизмелерине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.
21. Муниципалдык аймактык башкармалыктар, ведомстволук үйлөрдүн жана жатаканалардын коменданттары, кварталдык комитеттердин төрагалары "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системасынан жана үймө-үй кыдыруудан алынган такталган маалыматтардын негизинде 6 (7) жаштагы балдардын тизмесин, ошондой эле башка курактагы окубаган балдардын тизмесин түзүшөт жана аларды учурдагы жылдын 10-августунан кечиктирбестен шаардын мэриясына беришет.
22. Шаарлардын мэриялары 1-сентябрга карата 6 (7) жашка толгон балдардын тизмелерин жана башка курактагы окубаган балдардын өзүнчө тизмелерин текшерет жана системалаштырат, билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары биргелешип бул балдарды жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдары боюнча бөлүштүрүшөт жана 15-августтан кечиктирбестен тиешелүү билим берүү уюмдарынын директорлоруна ошол билим берүү уюмунда милдеттүү түрдө окутула турган балдардын тизмелерин тапшырышат. Балдардын негизги тизмелери шаарлардын мэрияларында сакталат.
23. Менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүүнүн жана бардык түрдөгү башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын директорлору мектеп жашындагы билим алуучулардын сабакка келүүсүн текшерүүгө, алардын келбей калышынын себептерин аныктоого жана учурдагы жылдын 30-сентябрынан кечиктирбестен шаарлардын мэрияларына билим берүү уюмдарында окууга киришпей калган билим алуучулардын маалыматтарын (тизмелерин) алардын жок болуу себептерин көрсөтүү менен берүүгө милдеттүү.
Менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүүнүн жана бардык түрдөгү башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын директорлору мурда мэрия тарабынан берилген тизмелерге киргизилбеген балдардын билим берүү уюмуна келген учурлары жөнүндө шаарлардын мэрияларына маалымдоого милдеттүү.
Билим алуучулардын келишин текшерүү шаарлардын мэрияларынан алынган тизмелердин, ошондой эле өткөн окуу жылында билим берүү уюмунда эсепке тургандардын жана билим алгандардын тизмелеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
24. Учурдагы жана кийинки окуу жылдарында жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окутулууга тийиш болгон 6 (7) жаштагы балдардын тизмелеринин, ошондой эле жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдары тарабынан берилген окууга киришпеген балдар жөнүндө маалыматтардын негизинде шаарлардын мэриялары учурдагы жылдын 1-сентябрына карата 6 (7) жаштагы бардык балдардын саны жөнүндө, ошондой эле окуу жылынын башында жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окубаган мектеп жашындагы 6 жаштан 16 жашка чейинки балдардын саны жөнүндө жыйынды отчет (№ 77 форма) түзүүгө жана көрсөтүлгөн отчетту тиешелүү статистика боюнча аймактык органга учурдагы жылдын 8-октябрынан кечиктирбестен берүүгө милдеттүү.
25. Окуу жылынын ичинде муниципалдык аймактык башкармалыктар, ведомстволук үйлөрдүн жана жатаканалардын коменданттары, кварталдык комитеттердин төрагалары окуу жылы башталгандан кийин жашоо үчүн келген жана негизги жалпы билим берүү деңгээлинде окутулууга тийиш болгон мектеп жашындагы балдар жөнүндө маалыматтарды шаарлардын мэрияларына, тиешелүү аймактык билим берүүнү башкаруунун органдарына жана жалпы орто билим берүү уюмдарына билдирүүгө милдеттүү. Шаарлардын мэриялары көрсөтүлгөн материалдарды мектеп жашындагы жана мектепке баруу алдындагы жаштагы балдар келген күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен жөнөтүшөт.
5-глава. Билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарынын функциялары
26. Мектеп жашындагы жана мектепке баруу алдындагы жаштагы балдарды эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары:
1) жыл сайын аларга берилген тизмелерди талдайт жана алардын негизинде негизги жалпы билим берүү деңгээлинде окутулууга тийиш болгон балдар жөнүндө жыйынды маалыматты (№ 77 форма боюнча) түзөт, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине жөнөтөт, ошондой эле сабакка барбаган же жүйөлүү себептерсиз системалуу түрдө сабактарды калтырган жашы жете электер жөнүндө статистикалык маалыматтарды эсепке алышат жана талдоону жүргүзүшөт;
2) жалпы орто билим берүү уюмдарынын тармагын рационалдаштыруу үчүн жыйынды маалыматты колдонушат;
3) негизги жалпы билим берүү деңгээлинде окутулууга тийиш болгон балдарды эсепке алууну уюштуруу маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация, айыл өкмөтү жана шаарлардын мэриялары менен өз ара аракеттенишет;
4) жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдарында балдардын иш жүзүндө окуп жатышын текшерүүнү жүргүзүшөт;
5) билим берүү уюмдарында окууга киришпеген же окуусун токтоткон балдарды башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарына жиберүү боюнча чараларды көрүшөт;
6) билим алуу укугун бузууларды же мыйзамсыз чектөөлөрдү аныктоо жана аларга бөгөт коюу маселелери боюнча ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырышат;
7) балдарды эсепке алууну жүзөгө ашыруу боюнча билим берүү уюмдарынын ишине жетекчиликти жана контролдоону жүзөгө ашырышат, ошондой эле окубаган балдарды окутууга тартууга аларга көмөк көрсөтүшөт.
6-глава. Жалпы билим берүүнүн жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын директорлорунун функциялары
27. Балдарды эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын директорлору:
1) сабакка келбеген балдарды эсепке алуу боюнча документацияны үзгүлтүксүз жүргүзүшөт, жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алуу пландарын тактоо үчүн маалыматтарды колдонушат;
2) билим алуучулардын сабакка баруусуна системалуу контролдоону жүзөгө ашырат, жүйөсүз себептер боюнча сабактарды системалуу түрдө өткөрүп жибергендердин эсебин жүргүзүшөт, социалдык кооптуу абалда турган жашы жете электерди, ошондой эле жүйөсүз себептер боюнча сабакка барбаган же дайыма барбай тургандарды аныкташат, алардын жалпы билим алуусу боюнча чараларды көрүшөт, ар айдын 30уна чейин отчет түзүшөт жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарына (кагаз жүзүндө жана зарыл болгон учурда электрондук түрдө) беришет;
3) негизги жалпы билим берүү деңгээлинде окутулууга тийиш болгон балдарды эсепке алууну уюштуруу маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация, айыл өкмөтү жана шаардын мэриясы менен өз ара аракеттенишет;
4) зарыл болгон учурда билим албай жаткан балдары бар үй-бүлөлөргө барууда өз өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздашат;
5) билим берүү уюмдарында окууга киришпеген же окууну токтоткон балдарды жалпы билим берүүнүн билим берүү уюмдарына аныктоо боюнча чараларды көрүшөт;
6) баланын жалпы билим алышын камсыз кылуу үчүн зарыл болуучу чараларды көрбөгөн балдардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чараларын колдонуу тууралуу ички иштер органдарына өтүнүч беришет.
28. Мектеп жашындагы балдарды эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын директорлору:
1) окуу сабактарына катышпаган же жүйөлүү себептерсиз окуу сабактарын системалуу түрдө өткөрүп жиберген билим алуучуларды эсепке алуу боюнча документацияны үзгүлтүксүз жүргүзүшөт;
2) окуу жылынын башталышында жана окуу жылынын ичинде окуучулардын келишин контролдоону камсыз кылышат;
3) окуу сабактарына келбей калышынын жана (же) калтыруусунун себептерин аныкташат жана ушул Нускамада белгиленген тартипте жана мөөнөттө билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, шаарлардын мэрияларына жана айыл өкмөттөрүнө тиешелүү маалыматтарды жиберишет;
4) мурда берилген тизмелерге киргизилбеген билим алуучулардын келгендиги жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга маалымдашат;
5) билим берүүнү башкаруунун аймактык органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация, шаардын мэриясы жана айыл өкмөтү менен билим алуучуларды билим берүү процессине кайтаруу маселелери боюнча өз ара аракеттенишет;
6) окууну токтоткон же окууга кирише элек билим алуучуларды окутууну улантуу боюнча чараларды көрүшөт;
7) башталгыч кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарында окууну улантууга тоскоолдук кылган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жашы жете электердин ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чараларын колдонуу тууралуу ички иштер органдарына өтүнүч беришет.