Редакцияот 06.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV сессиясы

 

2023-жылдын 6-марты № XIV/II

 

Сары-Ой айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалык боюнча эрежени бекитүү жөнүндө

 

“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын Сары-Ой айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү, жашылдандыруу тазалыкты сактоо эрежелерин бекитүү максатында  Сары-Ой айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө” 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2. Сары-Ой айыл аймагын көрктөндүрүү боюнча эреже бекитилсин.

3. Ушул токтомду жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Керимовго милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиевге тапшырылсын.

 

 

Төраганын орун басары

 

Заматбек к Ч