Загрузка документа…
СУЛТАН ИБРАИМОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Султан Ибраимов айылдык кенешинин I чакырылыштын кезектеги IV отурумунун
2025-жылдын 20-февралы № 20
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилерди баланска алуу жөнүндө
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы С.Б.Жантемиров Султан Ибраимов айыл өкмөтүнөн түшкөн кат менен тааныштырып өттү. Ал катта айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык объектилерди Р.Тельтаев атындагы толук эмес орто мектебин, Советское айылындагы орто мектепке караштуу 4 чарчы метр жер тилкесин жана узундугу 30 метр, диаметри 300 мм болгон темир түтүктү айыл өкмөтүнүн балансына алууну суранышкан. Кыргыз Республикасынын 2002-жылынын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык объектилерди баланска киргизүү жана бекитүү жөнүндөгү маалыматын депутаттар угуп, талкуулап чыгып,
Султан Ибраимов айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Султан Ибраимов айыл өкмөтүнө караштуу социалдык объектилер 1 га жер тилкесинде жайгашкан Р.Тельтаев атындагы толук эмес орто мектеби, Советское айылындагы орто мектепке караштуу 4 чарчы метр жер тилкеси жана узундугу 30 метр, диаметри 300 мм болгон темир түтүк айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышы жана документтерин бүткөрүп кабыл алуу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономика бөлүмүнүн бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Г.Ж. Иманакуновага тапшырылсын.
3. Көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.Б. Жантемиров |