Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 4-марты № 103
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 210 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
I бөлүмдүн 1-главасында:
–.он биринчи абзацта «, Президенттин атайын өкүлү» деген сөздөр алып салынсын;
– он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары (башкармалыктын курамында, башкармалыктагы борбордун курамында), Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары – сектордун башчысы (башкармалыктын курамында), Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары, Президенттин Администрациясынын өз алдынча секторунун башчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары»;
–.он төртүнчү абзацта «, катчылыктын» деген сөздөр алып салынсын.
2..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын7-майындагы № 134 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо:
– 28-пункттун төртүнчү абзацындагы «, кызмат, катчылык» деген сөздөр алып салынсын.
3..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1)(КР Президентинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 210 Жарлыгынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2).жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
4..Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 6-мартындагы № 17 (3777) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |