Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-марты № 300-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 26-июнундагы № 3340-VII токтому менен түзүлгөн “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны жоюу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к то м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 26-июнундагы № 3340-VII токтому менен түзүлгөн “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия жоюлсун.
2. “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында өзгөчө баалуу (жаңгак жана арча) дарактар породаларын кыюуга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, даярдоого жана пайдаланууга, экспорттоого тыюу салуу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жаңгак плантацияларын өстүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 26-июнундагы № 3340-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Ж. Таайлайбек кызы |