Редакцияот 28.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы

 

2026-жылдын 28-январы № 1

 

Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жыл үчүн

иш планын бекитүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Чолпонбай уулу Сагындыктын маалыматына ылайык Салам-Алик айылдык кеңеши токтом кылат

 

1. Кеңештин 2026-жыл үчүн иш планы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен кабыл алынсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Чолпонбай уулу Сагындык

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2026-жылдын 28-январындагы №1 токтому менен бекитилген

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2026-жыл үчүн

ИШ ПЛАНЫ

I. Кеңештин сессияларында каралуучу негизги маселелер:

№

Каралуучу маселелердин мазмуну

Мөөнөтү

Ким даярдайт

Ким маалымат берет

I

Биринчи квартал

 

 

 

1.

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин 2026-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

Январь

Айылдык кеңештин төрагасы

Кеңештин төрагасы берет.

2

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө

январь

Бюджет комиссиясы.

Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет

3

Салам-Алик муниципалдык ишканасынын Таза-Суу жана Жайыт комитетинин 2025-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жана 2026-жылга Салам-Алик муниципалдык ишканасынын Таза-Суу жана Жайыт комитетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө

январь

 

Салам-Алик муниципалдык ишканасы жана экономика, бюджет комиссия

Салам-Алик муниципалдык ишканасынын Таза-суу жана Жайыт комитети жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет

4

Ар түрдүү маселелер

январь

 

 

 

Экинчи квартал

 

 

 

1

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылган иштери жана 2026-жылга карата аткарыла турган милдеттери жөнүндө

март

Айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы

Айыл өкмөтүнүн башчысы маалымат берет

2

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө

март

Бюджет комиссиясы.

Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет

3

Көмүр кен ишканалары менен түзүлгөн келишимдерди бекитүү жана алардын ишмердүүлүктөрүн кароо жөнүндө

март

Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Айыл өкмөтүнүн башчысы жер, турак-жай боюнча башкы адис, жана айыл башчылар

4

Билим берүү, бала бакча жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишмердүүлүктөрү жөнүндө

март

Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Айыл өкмөт башчы, ФЭБ башчы, айыл башчылар

5

Салам-Алик айылдык аймагында жазгы талаа, мал чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча жумуштарынын жүрүшү

март

Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Айыл башчылар.

жер адис, өзгөчө кырдаалдар адиси маалымат беришет

2

Ар түрдүү маселелер

март

 

 

III

Үчүнчү квартал

 

 

 

1

Бюджеттин 2026-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө

июль

Бюджет комиссиясы...

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы маалымат берет

2

Көмүр кендеринин, соода сатык мекемелеринин ишмердиги жана алардын салыктарды төлөөсүнүн абалы, жерлерден, транспорттон ж.б. түшкөн салыктарынын бюджетке түшүшү жөнүндө

июль

Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт,байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Бюджет комиссиясы...

Өкмөт башчы, ФЭБ башчысы билдирүү,

Салык  кызматкери маалымат берет

3

Ар түрдүү маселелер

июль

 

 

IV

Төртүнчү квартал

 

 

 

1

Салам-Алик муниципалдык таза суу, жана жайыт ишканаларынын 2026 -жылдын 9 айынын пландарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

Октябрь

Айыл-суу чарба, мал, токой, экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт жана энергетика тармактары жана экономика, бюджет комиссиясы

Салам-Алик муниципалдык ишканасы жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы

2

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 9 айлык пландарынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндө

   Октябрь

 

 

Бюджет комиссиясы.

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы маалымат берет

 

3

Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча кызматкердин социалдык абал боюнча иштери жөнүндө

декабрь

Билим берүү, маданият, жаштар уюму, спорт, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелери жана дин иштери тармактары боюнча туруктуу комиссия;

Соц.адис, айыл башчылар

4

Ар түрдүү маселелер

декабрь

 

 

 

II. Уюштуруу-массалык иштер:

1

Депутаттык окууларды уюштуруу

Кварталда бир жолу (сураныч боюнча)

Кеңештин төрагасы жана орун басары

 

2

Атуулдардын кайрылууларынын негизинде тейлөөлөр: жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу, малдарды багуу шарттары, ж.б. боюнча ар бир айылдарда депутаттык угууларды уюштуруу

4 айда бир жолу

Тиешелүү туруктуу комиссиялар

 

3

Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушууларды уюштуруу

6 айда бир жолу

Кеңештин төрагасы жана орун басары,

Тиешелүү туруктуу комиссиялар

 

4

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету)

Жылына 1 жолу

Кеңештин төрагасы жана орун басары,

Тиешелүү туруктуу комиссиялар

 

Чолпонбай уулу Сагындык