КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-февралы № 61
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 390 "Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду өткөрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 390 "Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду өткөрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду өткөрүү жана мамлекеттик каттоолор жөнүндө жободо:
1) 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. Каттоо процессинин жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын расмий веб-порталы (электрондук система) аркылуу пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду жана мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн арыз берүүгө жол берилет.
Электрондук арыз кагаз жүзүндөгү арызга теңештирилет жана ушул Жободо белгиленген материалдардын бардык зарыл болгон электрондук көчүрмөлөрүн камтууга тийиш. Арыздын берилгендигин ырастоо жана аны карап чыгуунун жүрүшү жөнүндө кабарлоо катталуучуга веб-порталдагы (электрондук системадагы) жеке кабинет аркылуу жиберилет.";
2) 4-главанын 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Катталган пестицидге же агрохимикатка мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат, ал эми катталуучуга ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык белгиленген формадагы кагаз жана/же санариптик форматтагы каттоо күбөлүгү берилет. Каттоо жана кайра каттоо номери жана датасы атайын каталогго жазылат.
Каттоо күбөлүгүнүн түп нускасы катталуучуга берилет, көчүрмөсү Департаментте сакталат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 9 (3769) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.Касымалиев |