Редакцияот 05.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII – чакырыгынын ирээттеги XXIII сессиясы

 

2023-жылдын 5-сентябрындагы № 122-6

 

Жер которууга (трансформациялоого) макулдук

берүү жөнүндө

 

Петровка айыл аймагынын Петровка айылын Заводская көчөсүнүн №134 дарегиндеги жер тилкесин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11, 13 беренесине ылайык «Жер тилкесин колдонуу багытын которуу Мыйзамынын негизинде жана “АГРОН” жоопкерчилиги чектелген коомунун жер участогун которууга (трансформациялоого) берген 2023-жылдын 4-сентябрындагы №24/04 арызын карап жана талкуулап.

Петровка айылдык кенеши:

 

ТОКТОМ  ЧЫГАРАТ:

 

1. Петровка айылын Заводской көчөсү №134 идентификациялык номери 7-06-05-0003-0002, жалпы аянты 1,06 га, анын ичинен 0,16 га контур №771, 0,90 га контур №773 - башка жерлер (айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланылбаган), «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына Петровка айыл аймагында жайгашкан жер участогун өткөрүп берүүгө (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Бул токтом Москва райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.

 

Айылдык кенештин орун басары

 

Канатбек уулу М