КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 8-декабры № 1070-т
Мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 521-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген "Мамлекеттик маанидеги долбоор" статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"
18 | "Металломир" ЖЧКсы, ИСН 03012202110261 | КРПИБ | КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |