Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-сентябрындагы № 6/3
Уч-Коргон айыл аймагынын Боз участкасында жайгашкан “НПЦ ТЯНЬ-ШАНЬ” ЖЧКна Уч-Коргон айылдык кенешинин 11.04.2016-жылындагы №03-10/03 токтомуна толуктоолор киргизүү жөнүндө
Т О К Т О М К Ы Л А М Ы Н:
1. Уч-Коргон айыл аймагынын Боз участкасында жайгашкан “НПЦ ТЯНЬ-ШАНЬ” ЖЧКна, Уч-Коргон айылдык кенешинин 11.04.2016-жылдын №03-10/03 токтомунун негизинде узак мөөнөттүү мезгилге ижарага пайдаланууга 58,82 га берилген жер аянтына Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктунун негизинде айыл чарба багытында эмес жер салыгын 0,9 зоналдык кооэфицент менен жүргүзүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын айылдык кенештин төрагасынын орун басары С.Атамбаевге жүктөлсүн.
Уч-Коргон айыл кенешинин төрагасы: | Б.Юрсунов |