Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-сентябрындагы № 6/4
“Стандарт Цемент ЖЧК”сы жаңы цемент завод куруу үчүн Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кыя шаарына чейинки аралыгындагы Кадамжай районунун Уч-Коргон айыл аймагына тиешелүү 3км аралыктагы эски жолду убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
Т О К Т О М К Ы Л А М Ы Н:
1. “Стандарт Цемент ЖЧК” сы жаңы цемент завод куруу үчүн Ноокат районунун Ынтымак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Кыя шаарына чейинки аралыгындагы Кадамжай районунун Уч-Коргон айыл аймагына тиешелүү 3км аралыктагы эски жолду убактылуу пайдаланууга “Стандарт Цемент ЖЧК”сына 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Уч-Коргон айыл кенешинин төрагасы: | Б.Юрсунов |