Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-ноябрындагы № 8/3
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн 05.10.2021-жыл №03-07/675 сунушунда суралган Уч-Коргон айыл аймагынын Рудниктин күн чыгыш жагынан ЖЧК “Ал-Эмир” ишканасы кыш заводу курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Уч-Коргон айылдык кенешинин Агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын 13.12.2021-жылдагы №7 протоколунун чечиминин жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2022-жылдын 7-октябрындагы №01-18/1046 катынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айыл аймагынын Рудниктин күн чыгыш жагынан
ЖЧК “Ал-Эмир” ишканасы кыш заводу курууга “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы, Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 2022-жылдын 7-октябрындагы №01-18/1046 катынын негизинде 9 (тогуз ) га жер аянты мыйзам чегинде трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин жер жана агрардык боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Баймурзаевго тапшырылсын.
Уч-Коргон айыл кенешинин төрагасы: | Б.Юрсунов |