Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-ноябрындагы № 8/5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.03.2017-жылдагы №176 “Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын администрациялык комиссиялары тууралуу типтуу жобону бекитуу жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, Уч-Коргон айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айылдык кенешинин администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча администрациялык комиссиясы түзүлсүн.
2. Уч-Коргон айылдык кенешинин администрациялык комиссиясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин.
1. Б.Карабаева Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы.
2. Х.Ахмедов - айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү
3. А.Хошимов – айыл башчы, айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы
4. Р.Балтабаева – айылдык кенешинин депутаты
5. Н.Исраилов – айылдык кенешинин депутаты
6. А.Шамшиев – аймактык милиция бөлүмүнүн ага тескоочусу
7. Р.Ташкенбаева – айылдык аялдар конгрессинин торайымы
8. А.Насридинов – Уч-Коргон ЖДПБнын ден-соолукту коргоо кабинетинин башчысы
3. Айылдык кенешинин администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча администрациялык комиссиясынын ишин көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Уч-Коргон айыл кенешинин төрагасы: | Б.Юрсунов |