Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 16-январы № 16-т
Улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун статусуна ээ болгон объекттерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу жөнүндө", 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомдоруна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 228-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун статусуна ээ болгон курулуш объекттеринин долбоорлорун ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
"
10 | "Премиум" жоопкерчилиги чектелген коому, 00502202410286 | - "Бишкек Арена" стадиону, дареги: Чүй облусу, Сокулук району, Орок айылы (№ 70, 71, 76 контурлар) | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы | КНСтин, анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |