Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-ноябрындагы № 8/8
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы автомобил жолдорунун категориялары боюнча жол четиндеги жер аянттарын КРнын Транспорт жана комуникациялар Министрлигинин №46 Кадамжай жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 17-март 2022-жылдагы №18-7865 тапшырмасына, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комуникациялар Министрлигинин 2022-жылдын 26-мартындагы №03-4/1927 сандуу факсограммасына жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 11.04.2022-жылдагы №1/181 катын аткаруу максатында Уч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы автомобил жолдорунун категориялары боюнча ээлеген жерлерди Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Комуникациялар Министрлигинин №46 Кадамжай жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүүгө макулдук берилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин жер жана агрардык боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Баймурзаевго тапшырылсын.
Уч-Коргон айыл кенешинин төрагасы: | Б.Юрсунов |
Уч-Коргон айылдык кеңешинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы VIII сессиясынын №8/8 токтомуна тиркеме |
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Комуникациялар Министрлигинин №46 Кадамжай жолдорду тейлөө ишканасынын балансына өткөрүлуучу жолдор .
№ | Жолдун аталышы | км | Аянты м2 | Категория | Айыл өкмөтү |
1. | Уч-Коргон –Разъезд -61 | 11 | 198000 | IV | Уч-Коргон |
2. | Уч-Коргон-Кувасай | 8 | 144000 | IV | Уч-Коргон |
3. | Ош-Исфана 86-92км | 6 | 168000 | III | Уч-Коргон |
4. | Бардыгы: | 25 | 510000 |
|
|
Жооптуу катчы: |
| Д.Ахунова |