Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-марты № 09
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IV-кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айылдык кенешинин төрагасы Кочоркулов А. билдирүүсүн жана К.Р транспорт жана жол министрлигинин № 09-11/4673 сандуу кайрылуусун , № 47 жол тейлөө мекемесинин кайрылуусун угуп, Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап, Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IV–кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги №234, 235 контурлардагы жер тилкеси Урмарал суусунан өтүүчү көпүрө салып, жол куруу максатында Талас-Тараз-Суусамыр автожолунун 82 чакырымына К.Р. жер колексинин 32-беренесинин 4-бөлүмүнүн негизинде К.Р. Транспорт министрлигине жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы И.Сарыевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
|
А. Кочоркулов |