Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 19-марты № 30
Кыргыз Республикасынынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
137-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кызмат адамы же расмий ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу адам тарабынан же болбосо анын алдын ала билип тукуруусу менен же анын аракетсиздигинин натыйжасында жасалган кайсы бир адамдан же башка адамдан маалымат алуу же мойнуна алдыруу, ал же башка адам жасаган же болбосо ал же башка адам жасады деп шектелген жосун үчүн аны жазалоо, ошого тете аны же башка адамды белгилүү бир жосундарды жасоого мажбурлоо же коркутуу максатында же ар кандай мүнөздөгү басмырлоонун себеби боюнча физикалык же психикалык кыйноо, -";
б) төмөнкү мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Бул беренеде расмий ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу адам деп кызмат адамынын же бийлик өкүлүнүн аныктамаларына кирбеген, бирок андан көз каранды болгон адамдарга карата тескөө, көзөмөлдөө, контролдоо, окутуу, дарылоо, кармоо ыйгарым укуктарына же башка ыйгарым укуктарга ээ болгон, аны мындай функцияларды аткарууга тартуунун негиздерине жана тартибине карабастан, көрсөтүлгөн функцияларды туруктуу же убактылуу негизде, анын ичинде эмгек келишими же болбосо жарандык-укуктук макулдашуу боюнча аткарган адам түшүнүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 18-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |