Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 5 сессиясы
2025-жылдын 13-февралы № 8
Панфилов айылындагы Каптал-Арык кичи айылындагы футболдук аянтчага Бектурбек уулу Бектемир атын ыйгаруу боюнча
Курама айылдык кеңештин депутаты Мунарбекова Айна Мунарбекованын сунушу менен Панфилов айылындагы Каптал-Арык кичи айылында жайгашкан футболдук аянтчага айылдын активисти Бектурбек уулу Бектемир атын ыйгаруу боюнча сунушу Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 2025-жылдын 13-февралындагы кезектүү бешинчи сессиясынын отурумунда депутаттардын жалпы бир добушу менен атын берүү бекитилди. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алуу менен Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин депутаттарынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Курама айыл аймагына караштуу Панфилов айылындагы Каптал-Арык кичи айылында жайгашкан футболдук аянтчага Бектурбек уулу Бектемир атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Курама айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жоопту катчысы Н.З.Атакеевге милдеттендирилсин.
Төрага | Джумагулов А.К. |