Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 5 сессиясы
2025-жылдын 13-февралы № 9
Курама айыл аймагынын 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Курама айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жоопту катчысы Н.З.Атакеевдин айыл аймагынын 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча планын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Курама айыл аймагынын 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Курама айыл өкмөтү 2025-жылдын 1-жарымында жана жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бекитилген планга карата отчетун берүүсү милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Курама айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жоопту катчысы Н.З.Атакеевге милдеттендирилсин.
Төрага | Джумагулов А.К. |