Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 5 сессиясы
2025-жылдын 13-февралы № 9
Жер участогунун максатын өзгөртүү жөнүндө
Курама айыл өкмөтүнүн жер суроолор боюнча адиси К.Б.Бейшеналиевдин жер участогунун колдонууга максатын өзгөртүү зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп, талкуулагандан кийин Панфилов айылындагы Центральный көчөсүндө жайгашкан №312 жер тилкесин отурукташкан жерлер максатынан коммерцияга өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин №108-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алуу менен Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфилов айылындагы Центральная көч., №312 дарегиндеги жер тилкесинин максатын өзгөртүү негизинде жер тилкеси №1 аянты 500 м/кв түзгөн отурукташкан жерлер максатынан коммерция категориясына өзгөртүлсүн, жер тилкеси №2 аянты 875,0 м/кв отурукташкан жерлер боюнча калтырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Панфилов филиалына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн жер суроолор боюнча адиси К.Б.Бейшеналиевге жана айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Р.Мамбеталиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Джумагулов А.К. |