Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 5 сессиясы
2025-жылдын 13-февралы № 11
Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси Курама айылдык кеңештин туруктуу жер комиссиясынын жана жергиликтүү кеңештин макулдугу менен иш алып баруу тууралуу
Айылдык кеңештин туруктуу жер комиссиясынын төрагасы Р.Р.Мамбеталиевдин 13-февралдагы кезектүү 5-сессиянын отурумунда Курама айыл аймагындагы жайгашкан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу иштери боюнча Курама айылдык кеңештин туруктуу жер комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн деген сунушун угуп, талкуулагандан кийин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтомуна ылайык жана “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алуу менен Курама айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин иштери Курама айылдык кеңештин туруктуу жер комиссиясынын жана жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Р.Мамбеталиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Джумагулов А.К. |