Редакцияот 27.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин

 

 XXIХ-чакырылышынын  кезектеги   III-сессиясы

                                                   

                                           ТОКТОМ

 

2026-жылдын«11» марты№ 15  

     

  Таштандыларды ташып чыгаруу жыйымдары жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74- беренесинде  калктуу конуштардын таштандыларын  ташып чыгаруу үчүн  жыйымды убагында жана толук түшүүсүн камсыз кылуу үчүн,Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө  кодексинин 76- беренесинин 2- бөлүгүнө ылайык Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын  кезектеги   III-сессиясы токтом кылат:

 

1.            Юридикалык жактар,мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин  ар  бир кызматкерлерге 50 сом болуп бекитилсин;

2.            Жеке ишкерлерге ар бир кызматкерлерге 50 сом болуп бекитилсин;

3.            Калктуу конуштардын  таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөөнү тапшыруу мөөнөтү учурдагы жылдын  1- апрелине  чейин деп белгиленсин;

4.            Калктуу конуштардын  таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөөнү төлөө мөөнөтү учурдагы жылдын  1- апрелине  чейин деп белгиленсин;

5.            Токтомдун аткарылышын Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.И Момоевке   жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                    Н. А Амасбаева