Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 05/2-17/28 буйругуна)
|
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1. | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Арыздар боюнча жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин мамлекеттик сыноо жүргүзүү. |
2. | Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти |
3. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү | Ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий-изилдөө мекемелери, компаниялар, фирмалар, ошондой эле жеке жактар – Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн.жарандары |
4. | Мамлекеттик кызматты алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын " Үрөн жөнүндө " Мыйзамы, 3-ст., Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департамент жөнүндө” жобо
|
5. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасы | Сыноодо оң натыйжаларды көрсөткөн сорттор жана гибриддер “Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекеттик тизмесине” кошулат, арыз ээсине корутундусу берилет. Сыноодо терс натыйжа алган учурда арыз ээсине билдирүү жиберилет. |
6. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй ишке ашырылат: – Мамлекеттик кызмат көрсөтүү “Экспертиза” АМС колдонуу менен, электрондук түрдө арыздарды (өтүнмөлөрдү) кабыл алуу бөлүгүндө жүзөгө ашырылат; - айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинде; - ар кандай кыртыш-климаттык зоналарда жайгашкан мамлекеттик сорт сыноо станцияларында жана тилкелеринде ; - айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин сыналуучу сортторду жана гибриддерди сапаттык баалоо боюнча лабораторияда; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн (мындан ары - ДМЧА) ыңгайлуу пандустар, туткалар менен жабдылуусу; - кезек күтүү тартиби менен, жарандардын жеңилдик берилген категориялары (ДМЧА, кош бойлуу аялдар ж. б.) кезексиз тейленет. |
7. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 15 мүнөт. - электрондук форматта (“Экспертиза” АМС аркылуу ) - 15 мүнөттөн ашпайт. Жаңы сорттордун жана гибриддерин сыноодон өтүү мөөнөтү эки жыл ичинде деп белгиленген. Бирок, биринчи жылдан кийин, сыноо жыйынтыктары оң натыйжаларда болсо, сорт (гибрид) киргизилет тизмеси келечектүү сорттордун тизмесине киргизилип, биринчи жылдын сыноодон кийин колдонууга мүмкүндүк берет. курчушуна жол пайдаланууга эми кийин. Экинчи жылдык сыноодо оң натыйжа алынгандан кийин сорт (гибрид) каттоого сунушталат жана Мамлекеттик реестрге киргизилет. Корутунду берүү 3- төн 7-ге чейинки жумушчу күндү түзөт. |
| 2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүсүнүн маалымат | |
8. | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат: - Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин дареги: 720055, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 4а; иштөө графиги: саат 9-00 дөн 18-00, дем алыш күндөрү – ишемби, жекшемби. Түшкү тыныгуу 12 саат 30 минутадан 13 саат 30 минутага чейин; - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин сайтында (www. agro.gov.kg); - жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча (жазуу жүзүндөгү суроо-талапка жооп); - оозеки (телефон аркылуу, жеке жолугушуу учурунда); - Е-mail аркылуу (экспертиза документтерин арыз ээсине жөнөтүү); - факсимилдик маалымдоо (мисалы, тапшырык- эсепти төлөөгө жөнөтүү). Маалымдоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат каалаган кайрылган адамга акысыз негизде берилиши кепилденет; Байланыш маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин маалымат такталарында жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин сайтында (www. agro.gov.kg) жайгаштырылат; |
9. | Кызмат тууралуу маалымат таркатуунун жолдору (мүнөздөө же бардык мүмкүн болгон ыкмаларын атоо) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат: - ЖМК (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - айыл чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын сайты: www. agro.gov.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын коомдук кабылдамасы Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге айыл чарба тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын тактасында, сайтында жайгаштырылат. |
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | ||
10. | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Консультациялар, кызмат көрсөтүү жол-жобосу жөнүндө кеңири маалымат тактада. Катточулар менен пикир алмашууда кызматкерлер менен этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сакташат: сылык, мээримдүү, корректным, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешинин пикирин угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди таразалап, аргументтөө. Бардык Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин кызматкерлери таламдардын кагылышуусун жокко чыгарган, жарандарга карата көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербестен жана. кесиптик-этикалык ченемдерди так сактоого тийиш. Өзгөчө муктаждыктагы жактар үчүн (угуусу жана көрүүсү боюнча ДМЧА) алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада аңгемелешүү жүргүзүлөт. |
11. | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн.
|
12. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү тараптын керектүү документтеринин жана/же иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: – автоматташтырылган маалыматтык система «Экспертиза» аркылуу электрондук түрдө мамлекеттик кызматты алуу жөнүндө арыз; – белгиленген үлгүдөгү арыз, ага жаңы сорттун сүрөттөлүшү (мүнөздөмөсү), ошондой эле өсүмдүктүн жана дандынын (жемиштеринин) сүрөттөрү тиркелет. Сүрөттөлүш морфологиялык жана биологиялык мүнөздөмөлөрдү камтууга тийиш же UPOVдун (Селекционерлердин укуктарын коргоо боюнча эл аралык союз) талаптарына ылайык таризделиши керек; – белгиленген үлгүдөгү сортко арналган анкета (ар бир айыл чарба өсүмдүгү үчүн өзүнчө анкета формасы каралган); – мамлекеттик кызмат үчүн төлөм жүргүзүлгөндүгүн ырастаган электрондук докмент. Арыз ээсинен төмөнкүлөрдү талап кылууга тыюу салынат: – ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму «Тундук» аркылуу алууга мүмкүн болгон документтерди жана маалыматтарды берүү. |
13. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы | Кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркынын Прейскуранты, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Департаменттин жана аймактык органдардын такталарында, сайтына жайгаштырылып, чагылдырылат жана өз учурунда жаңыртылып турат. |
14. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулук; - аныктыгы жана өз убагындалыгы, кызмат көрсөтүүнүн стандартында белгиленген шарттарына жана мөөнөтүнө ылайык кызмат көрсөтүү; - курагы, жынысы, улуту жана туткан дини боюнча басмырлоонун жол берилбестиги; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана иш-кагаздарды талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын талаптагыдай болушу: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын имаратка кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, коммуналдык-тиричиликтик жайлуулуктар, жарандарды кабыл алуунун ыңгайлуу графиги, маалыматтык колдоонун жеткиликтүү болушу (басма жана электрондук форматта); - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин тактыгы жана сылыктыгы, зарыл иш-кагаздарды толтурууда кызматкерлердин жардам көрсөтүүсү жана баардык кызмат көрсөтүү жол-жоболорунун жүрүшүндө кеңеш берүү. |
15. | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта көрсөтүлөт жана арызды (өтүнмөнү) кабыл алуу “Экспертиза” АМС аркылуу жүргүзүлүп, андан ары кызмат көрсөтүү үчүн Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы – portal.tunduk.kg менен интеграцияланат. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы № 525 токтому менен бекитилген Мамлекеттик электрондук кызматтар порталын пайдалануу эрежелерине ылайык ишке ашырылат. Эскертүү: кызматты алуу үчүн электрондук өтүнмө жөнөтүү максатында арыз ээси portal.tunduk.kg порталында каттоодон өтүшү зарыл. Онлайн интерактивдүүлүк стадиясы — 3, башкача айтканда, веб-баракча электрондук формада өтүнмөнү толтурууга жана аны кагаз түрүндө басып чыгарбай эле мамлекеттик орган тарабынан кароого кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.
|
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Иш-кагаздардын тизмеси жок болуп, иш-кагаздардын толук эмес топтому берилген учурда; Кыргыз Республикасында колдонууга тыюу салынган заттардын жана материалдардын өндүрүмдүн курамында колдонулушу; арыз берүүчүлөргө аныкталбаган маалымат берүү. |
17. | Даттануунун тартиби | Кызмат көрсөтүүгө байланыштуу талаш-тартыштар келип чыккан учурда керектөөчү Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилет жана анда арыз ээсинин толук аты-жөнү, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, кызматты керектөөчүнүн колу жана датасы камтылууга тийиш. Даттанууларды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Эгерде арыз ээси даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаса, ал КР СЧАЧКИӨЖ (Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин) чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу.. |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үзгүлтүксүз, үч жылда бир жолудан кем эмес же зарылчылыкка жараша кайрадан каралып турушу керек. |