Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 27-февралы № 125-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. 2025-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Кемин" подстанциясы менен жаңы "Балыкчы" подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга ("Кемин" подстанциясы менен жаңы "Балыкчы" подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашууларды ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 125-т тескемеси менен жактырылган |
2025-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга ("Кемин" подстанциясы менен жаңы "Балыкчы" подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууга ("Кемин" подстанциясы менен жаңы "Балыкчы" подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
2025-жылдын 31-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ("Кемин" подстанциясы менен жаңы "Балыкчы" подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу ("Кемин" подстанциясы менен жаңы "Балыкчы" подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору) (мындан ары - Кредиттик жана Гранттык макулдашуулар) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 11-14-пункттарына ылайык Кредиттик жана Гранттык макулдашуулар милдеттүү түрдө ратификацияланууга тийиш. Буга байланыштуу Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин алар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин 2025-жылдын 25-декабрындагы, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин 2025-жылдын 25-декабрындагы, Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин 2025-жылдын 26-декабрындагы чечимдери) менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1178-т тескемеси менен жактырылган.
"Кемин" подстанциясы менен жаңы "Балыкчы" подстанциясынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоорун ишке ашырууга Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (мындан ары - ЕРӨБ) 67,7 млн. евро өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттарын тартуу максатында Кредиттик жана Гранттык макулдашууларга 2025-жылдын 31-декабрында кол коюлган.
"Кемин-Балыкчы" ЖЛ-500 кВ жана жаңы "Балыкчы" 500 кВ ПС подстанциясынын электр линиясын куруу долбоору (мындан ары - долбоор) улуттук энергетика системасынын туруктуулугун жогорулатууга жана транзиттик потенциалын өнүктүрүүгө, колдонуудагы 220 кВ линияларынын ашыкча жүктөмүнө байланышкан чектөөлөрдү жоюуга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (ЭКБ) (күн жана шамал генерациясы) жаңы объекттеринин кубаттуулугун берүүнү камсыз кылууга багытталган.
Жогоруда аталган долбоор төмөнкүдөй компоненттерди камтыйт:
1) А компоненти. Узундугу 52,7 км "Кемин-Балыкчы" ЖЛ 500 кВ аба электр линиясын куруу;
2) В компоненти. "Балыкчы" 500/220/35 кВ ПС жаңы подстанциясын куруу жана колдонуудагы "Кемин" 500/220/35 кВ ПС подстанциясын кеңейтүү;
3) С компоненти. Долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү.
Жогоруда аталган долбоор ЕРӨБдүн техникалык жардамынын алкагында каржыланган тендердик документтерди даярдоо, долбоорду көзөмөлдөө жана башкаруу боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү карайт.
Жогоруда аталган долбоордун жалпы суммасы 67,7 млн. еврону (61,7 млн. евро - кредит, 3,0 млн. евро - грант, ошондой эле 3,0 млн. евро - тендердик документтерди даярдоо, долбоорду көзөмөлдөө жана башкаруу боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө техникалык жардам түрүндө грант) түзөт. Кредит 20 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө сунушталат.
Пайыздык ставка - жылына 1,0% + АКШ доллары же евро менен Еврибор (European Interbank Offered Rate) овернайт каржылоонун (SOFR) алты айлык камсыздалган ставкасынын базасында тиешелүү рыноктук пайыздык ставка (нөлдүк минималдуу босогону эске алуу менен). Каражаттарды резервге коюу үчүн комиссиянын өлчөмү жылына 0,5%ды түзөт.
61,7 млн. евро өлчөмүндөгү тартылган кредиттик каражаттар белгиленген тартипте "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна рекредиттелет, буга байланыштуу Кредиттик макулдашууну ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт. Ошону менен бирге кредиттик каражаттарды кошумча абоненттерди кошуунун, ошондой эле ЭКБдин жаңы объекттери тарабынан электр энергиясын транзиттөөдө кызматтарды көрсөтүүнүн эсебинен кайтаруу пландалууда.
Өз кезегинде 3,0 млн. евро өлчөмүндөгү гранттык каражаттар "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна акысыз берилет. ЕРӨБ тарабынан бөлүнгөн 3,0 млн. евро суммадагы техникалык гранттын каражаттары тендердик документтерди даярдоо, долбоорду көзөмөлдөө жана башкаруу боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө багытталат.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Кредиттик жана Гранттык макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилет.
Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо терс, финансы-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт.