Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 5-марты № 134-т
Спортчуларды натыйжалуу даярдоону жана жогорку спорттук натыйжаларга жетишүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 450 тескемесин аткаруу үчүн, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында спортчулар үчүн окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү жана допингге каршы чараларды камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга мамлекеттик заказдын берүүчүлөрү тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Допингге каршы улуттук борбор" допингге каршы аракеттенүү боюнча дирекция, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекция жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү боюнча жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча "Жаштык" дирекциясы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн заказчылары болуп аныкталсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
№ | Аталышы | ИСН |
Жатакана, тамактануу жана залдарды берүү бөлүгүндө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр | ||
1 | «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун «Кыргыз деңизи» санаторийи» филиалы | 40305200110120 |
2 | «Каприз» жоопкерчилиги чектелген коому | 00510200610180 |
3 | «СК Ресурс» («SK Resource») жоопкерчилиги чектелген коому | 02908200810143 |
4 | Жеке ишкер Омурзаков Кубаныч Доленович, «Долон» спорт базасы | 23105195700023 |
5 | Жеке ишкер Асанкулов Таалайбек Байышович, «Сальвадор» пансионаты | 22604198800739 |
6 | Жеке ишкер Раматова Гульнара Садиновна, «Ала-Кол Этно» конок үйү | 10105196101745 |
7 | Жеке ишкер Вершинский Виктор Леонидович, «Два абрикоса» эс алуу үйү | 22610195800149 |
8 | Жеке ишкер Жумагулова Айгул Асековна, «Sunday» конок үйү | 11307197300745 |
9 | Жеке ишкер Байжарикова Анжелика Мелисовна, «MooN Hostel», Бишкек ш. | 12911199300793 |
10 | Жеке ишкер Айдарова Назира Семетеевна, «Изабек» спорт комплекси | 10606197310043 |
11 | Жеке ишкер Эгенбердиева Айнура Кубатовна, «Кой-Таш» эс алуу борбору | 12410197200528 |
12 | «Мейман кж» жоопкерчилиги чектелген коому, «Cozu House Hotel» отели, Бишкек ш. | 00810202110080 |
13 | «Алга» профессионалдык футбол клубу» мекемеси
| 01002201010154 |
Фармакологиялык камсыз кылуу бөлүгүндө окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр | ||
1 | «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы | 01204202310237 |
2 | «Фарватер» жоопкерчилиги чектелген коому | 02309199910379 |
3 | «Би Лайф» жоопкерчилиги чектелген коому | 02912201710212 |
4 | «ДАЙРА-ФАРМ» жоопкерчилиги чектелген коому | 00605201410170 |
5 | «Шерден Фарм» жоопкерчилиги чектелген коому | 02105201210235 |
6 | «Ogenki» (Огэнки) дарыкана» жоопкерчилиги чектелген коому | 01106201010066 |
7 | «ЮниХелп» «Uni Help» жоопкерчилиги чектелген коому | 02409199710197 |
8 | «БИМЕД Фарм» жоопкерчилиги чектелген коому | 00801200210044 |
Допингге каршы чараларды камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр | ||
1 | Lock-con (Швейцария Конфедерациясы) | DE 634051962082 |
2 | Berlinger special (Швейцария Конфедерациясы) | DE 6128998 |
3 | Допиганалитика жана спортбиохимия үчүн институт (Германия Федеративдик Республикасы) | DE 202789621 |
4 | Допингге каршы лаборатория (Катар мамлекети) | 000 |