Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-марты № 150
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин региондорду өнүктүрүү чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
2 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | 548 | 107 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 217 | 33 |
| аймактык бөлүмдөрү | 41 | 10 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 279 | 64 |
| Дүйнөлүк соода уюму маселелери боюнча өкүлчүлүк | 2 | - |
| соода өкүлчүлүктөрү | 9 | - |
";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
6 | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | 5918 | 977 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты | 133 | 21 |
| аймактык бөлүмдөрү | 173 | 45 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 5612 | 911 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 413 "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын типтүү түзүмүн жана чектүү штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 6-тиркемесинде:
- эскертүү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 6-1, 8-1-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 8-тиркемесинде:
- эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү. Республика боюнча жалпы 704 штаттык бирдик, анын ичинде:
- негизги персонал - 584 штаттык бирдик;
- техникалык тейлөөчү персонал - 120 штаттык бирдик.".
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 821 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 474 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө" токтомунун 21-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын штаттык санынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |