Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-август № 29
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IX-кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысын м.а. Э.Мураталиевдин Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган 3,11 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүң 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участогуна менчик же ижарага укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө боюнча маалыматын угуп талкуулап, депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IX –кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган № ____ контурдагы 3,11 га жер аянты 0,05 га сотуктан бөлүнүп турак курууга түз берүү жолу менен бөлүнүп берилсин
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысын м.а. Э.Мураталиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
|
Кочоркулов А. |