Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 17-марты № 114
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.".
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-мартындагы № 21 (3781) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |