Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-апрели № 11
Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы № 11 токтому «Суу менен камсыздоо жана канализацияны пайдалануу эрежелерине» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы «Кара-Балта суу каналы» муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 28-майындагы №01-07/226 катынын негизинде, ичүүчү сууну рационалдуу жана эффективдүү пайдаланууну камсыздоо, суунун объекттерин коргоо боюнча жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, Кара-Балта шаарынын шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы №11 токтому менен бекитилген "Кара-Балта шаарындагы суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелерине" төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизилсин:
“Кара-Балта шаарынын турак үйлѳрдѳ бир адамга эсептелген муздак сууну керектөө нормалары турак жайдын көрктөндүрүү деңгээлине жана суу агызуу шарттарына жараша, ысык суунун шаардык канализацияга агызылышын эске алуу менен”
1-пунктунда: «Кѳчѳдөгү колонкалардан керектѳѳ» деген текстинде “35” саны “70” санына алмаштырылсын;
2-пунктунда: «Короодогу колонкалар боюнча” деген текстинде “60” саны “100” санына алмаштырылсын;
3-пунктунда: «Үйдө суу түтүгү бар, бирок борборлоштурулган канализациясы жок шартта” деген текстинде “100” саны “180” санына алмаштырылсын;
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара – Балта ш. мэри – А.К. Исаковго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |