Редакцияот 05.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК  КЕҢЕШИ

ТОКТОМ   

Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши

2026-жылдын 5-марты № 8/4

Ылай-Талаа  айыл аймагындагы калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымын жыйноону ишке ашыруу боюнча анын өлчөмүн, мөөнөтүн бекитип берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексинин 24-главасынын 74,76-беренелерин жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагындагы калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымын жыйноону ишке ашыруу боюнчаЫлай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси-юристи А.Абакировдун Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын 18.02.2026-жылдагы №01-01-4/148 чыгуу санындагы катынын негизинде берген маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ылай-Талааайыл аймагындагы калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымынын жылдык өлчөмү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

- айыл аймагындагы бюджеттик мекеме-уюмдары үчүн – 5000 сом;

- айыл аймагынын тургундарына ар бир кожолук үчүн – 1800 сом;

- айыл аймагындагы коомдук тамактануу жайларга, соода түйүндөрүнө, кызмат көрсөтүүчү жана башка коммерциялык багыттагы жайларгасоода-сатык ж.б. мекемелери үчүн тиркемеге ылайык.

2.Ылай-Талаа  айыл аймагындагы калктуу конуштардан катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгуу жыйымын жыйноону ишке ашыруу мөөнөтү учурдагы жылдын 1-апрелине чейин деп белгиленсин.

3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин мамлекеттик реестрине катталсын.

4.Бул  токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы   Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык   кеңешинин  социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.   

 

 

Төрага

А. Мойдунов