Редакцияот 10.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2026-жылдын 10-марты  №1/2

  

Чөгөм айылынын тургуну А. Орозмаматовдун жазган

арызын кароо жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Чөгөм айылынын тургуну А.Орозмаматовдун жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 391-беренесине ылайык Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Чөгөм айылынын тургуну А.Орозмаматовдун жердин багытын өзгөртүп берүү боюнча жазган арызы канааттандырылсын.

2.Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Чөгөм айылынын тургуну А.Орозмаматовдун жеке менчик 2386,0 чарчы метр турак жай жерин айыл чарба багытына  которуу жана кайра пландаштыруу иштерин мыйзам чегинде жүргүзүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Абсатар уулу Мунарбек