Редакцияот 12.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2026-жылдын 12-марты  №1/4

  

Керме-Тоо айыл аймагындагы борбордук маданият үйүн кароо жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңеши Гүлбаар айылынын борбордук маданият үйүн маданий-эстетикалык жактан өнүктүрүү жана жаштарга кыргыздын маданий баалуулуктарын таанытуу, келечек муундарга туура багыт көрсөтүү максатында, жергиликтүү жарандардын билдирүү, талаптарын угуп, талкуулап, жетекчиликке алып, талапка ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүү максатында, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл аймагындагы Гүлбаар айылынын борбордук маданият үйүн талапка ылайык келечек муундарды туура тарбиялоо демилгесин колдоо максатында мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу борбордук маданият үйүнүн иш аракеттерин уюштуруу жана документтик иш кагаздарын мыйзамга ылайык иштеп чыгуу жагы       Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Абсатар уулу Мунарбек