Редакцияот 12.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2026-жылдын 12-марты  №1/5

  

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын тургуну

Ташполот уулу Куштарбектин арызын кароо жөнүндө

 

Керме-Тоо айылдык кеңешинин күн тартибине коюлган маселени кароонун негизинде Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын С. Эшматов көчөсүнүн №70/6 тургуну Ташплот уулу Куштарбектин жалпы жеке менчик 770,00 чарчы метр жеринен, 470,00 чарчы метр жерин коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызын карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын С. Эшматов көчөсүнүн №70/6 тургуну Ташполот уулу Куштарбектин жеке менчик турак жай жерин 470,00 чарчы метр жери идентификационный номери 5-02-04-1008-1786 коммерциялык багытка которуп берүү боюнча жазган арызы канааттандырылсын.

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Гүлбаар айылынын С. Эшматов көчөсүнүн №70/6 тургуну Ташполот уулу Куштарбектин жеке менчик турак жай жерин 470,00 чарчы метр жери идентификационный номери 5-02-04-1008-1786 коммерциялык багытка  которууга жана кайра пландаштырууга уруксат берүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Абсатар уулу Мунарбек