Редакцияот 12.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

2026-жылдын 12-марты  №1/6

  

Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Чөгөм айылынын тургуну Абжапаров Кыялбектин арызын кароо жөнүндө

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Чөгөм айылынын тургуну К. Абжапаровтун жазган арызына ылайык, Керме-Тоо айыл аймагынын тоолуу Байдамтал айылынын №59 контурундагы жайыт жеринен 0,34 га жер аянтын турустик максаттар үчүн жайыттар жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды орнотуу укугу менен маселесин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 80-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Керме-Тоо айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Чөгөм айылынын тургуну К. Абжапаровтун жазган  арызына ылайык, Керме-Тоо айыл аймагынын тоолуу Байдамтал айылынын №59 контурундагы жайыт жеринен 0,34 га жер аянтын турустик максаттар үчүн жайыттаржеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды орнотуугамакулдук берилсин.

2. Керме-Тоо айыл аймагынын тоолуу Байдамтал айылынын №59 контурундагы жайыт жеринен 0,34 га жер аянтын турустик максаттар үчүн жайыттаржеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды орнотууга байланыштуу  мыйзамдуулугун эске алып, иш кагаздарын даярдоо жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муницпалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Абсатар уулу Мунарбек