Загрузка документа…
КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги бешинчи сессиясынын жыйналышы
2025-жылдын 20-марты № 5/5
Кара-Гуз айылдык аймагындагы “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджеттин бекитип берүү жөнүндө
“Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасынын ичүүчү таза суу ишканасынын бир жылдык бюджетин бекитип берүү үчүн “ Кеңеш таза суу жана тазалык” ишканасынын башчысы А.Маматкайымовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата бюджетинин кирешелер бөлүгү 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом жана чыгашалар бөлүгү 1 462 042 (бир миллион төрт жүз алтымыш эки миң кырк эки) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.2025-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын.
3.Мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл “Кеңеш таза суу жана тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы А. Маматкайымовго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кеңеш таза суу жана тазалык ишканасынын башчысы А. Маматкайымовго милдеттендирилсин.
Төрага | С.Ч. Абзаитов |