Редакцияот 25.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ГУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз он экинчи сессиясынын жыйналышы

 2025-жылдын 25-ноябры № 12/7

Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы Түшүнүк орто мектебине жылытуу системасын  жана акылдуу меш орнотуу үчүн Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондуна өткөрүүгө өздүк салымга Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн    2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү  жөнүндө кабыл алынган токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кара-Гуз айыл аймагынын Түшүнүк орто мектебине жылытуу системасын  жана акылдуу меш орнотуу үчүн Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү фондуна жазылган долбооруна өзгөртүү киргендигине байланышту Финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап,  Кара-Гуз айылдык кеңеши      

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кара-Жыгач айылындагы Түшүнүк орто мектебине жылытуу системасын жана акылдуу меш орнотуу үчүн өздүк салымдын суммасы өзгөргөндүгү үчүн Кара-Гуз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 8-августундагы №9/10 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу бул токтом жокко чыгарылсын.

2.Кара-Жыгач айылындагы Түшүнүк орто мектебине жылытуу системасын жана акылдуу меш орнотуу үчүн өздүк салым катары Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 745 492 (жети жүз кырк беш миң төрт жүз токсон эки миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдинге жана Кара-Гуз айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага

 С.Ч. Абзаитов