Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтомуна) |
Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул нускама Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 84, 85-беренелерине ылайык иштелип чыкты жана улуттук стратегиянын артыкчылыктарын жана туруктуу өнүктүрүү максаттарын (мындан ары - ТӨМ) эске алуу менен Кыргыз Республикасында программалык негизде бюджеттерди түзүүнүн, кароонун жана аткаруунун принциптерин, тартибин аныктайт, ошондой эле бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө (мындан ары - БКБТ) жайылтылат.
2. Программалык бюджеттөөнүн принциптери:
1) стратегиялык багыт - бюджеттик программалар улуттук стратегиянын узак мөөнөттүү багыттарын жана ТӨМ милдеттерин эске алуу менен түзүлөт;
2) натыйжалуулук - бюджеттик программалар өлчөнүүчү натыйжаларга багытталууга тийиш;
3) каржылоонун ийкемдүүлүгү - финансылык тартип сакталган учурда каражаттар бюджеттик программалардын ортосунда кайра бөлүштүрүлүшү мүмкүн;
4) ачык-айкындуулук жана отчеттуулук - ачык маалыматтар жана бюджеттик программаларды баалоо.
3. Бул нускама төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) программалык негизде бюджеттердин долбоорлорун (мындан ары - БКБТ программалык бюджеттери) түзүү жана кароо тартибин;
2) БКБТ программалык бюджеттерин аткаруу тартибин;
3) бюджеттик программалардын жана чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн аныктоого карата талаптарды.
4. Бул нускама Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын, ошондой эле программалык негизде алардын бюджеттерин билдирүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмегине ылайык чыгашалары программалыкка киргизилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик башкаруу органдарына гана колдонулат. Аталган мамлекеттик органдар программалык негизде бюджеттерди түзөт, берет, аткарат жана баалоону жүргүзөт. Башка мамлекеттик органдар үчүн чыгашалары программалык эмес болуп калат жана белгиленген тартипте чагылдырылат.
5. Ушул нускамада колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
бюджеттик программанын администратору - бюджеттик программаны пландоо жана ишке ашыруу процессин координациялоо үчүн жоопкерчилик тартуучу БКБТнын кызмат адамы;
бюджеттик чакан программа - бюджеттик программаны ишке ашырууга түздөн-түз өбөлгө түзүүчү иштин түрлөрүн (иш-чараларды, инвестициялык долбоорлорду, туруктуу аткарылуучу функцияларды, үзгүлтүксүз сатып алууларды) билдирген бюджеттик программанын курамдык бөлүгү;
бюджеттик программа - бюджеттик каражаттар менен камсыз кылынуучу улуттук стратегиянын жана/же стратегиялык/программалык өнүктүрүүнүн документтеринин максаттары жана/же мамлекеттик башкаруунун функциялары менен байланышкан натыйжаларга жетүүгө багытталган өз ара байланышкан чакан программалардын комплекси. Бюджеттик программа сектордун/тармактын милдеттеринин бирин аткарууга багытталат;
натыйжалуулук көрсөткүчтөрү - пландалган натыйжаларга жетүү даражасын же тармактын/сектордун конкреттүү абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү тармактын/сектордун максаттарына жетүү үчүн багыттар катары же БКБТнын ишин баалоо критерийлери катары колдонулат;
контролдук цифралар - бюджеттик каражаттардын чектүү көрсөткүчү, анын негизинде бюджеттик мекемелердин чыгашаларын түзүү жүзөгө ашырылат;
программалык структура - бюджеттик программалардын жана аларды түзүүчү бюджеттик чакан программалардын тизмеги;
стратегиялык максат - сектордун/тармактын конкреттүү абалы, ага жетүү коомдук көз караштан алганда зарыл болуп саналат;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
ТӨМ - Туруктуу өнүктүрүү максаттары.
2-глава. Уюштуруу маселелери жана мөөнөттөрү
6. БКБТ бюджеттик программалардын администраторлорунун, профилдик, стратегиялык, экономикалык жана финансылык бөлүмдөрдүн жана ведомстволук уюмдардын өкүлдөрүнүн арасынан жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзөт. Жумушчу топко БКБТ министринин орун басары (мындан ары - министрдин орун басары) же БКБТнын аппарат жетекчиси жетекчилик кылат.
7. БКБТ кезектеги бюджеттик жылдын 25-июнуна чейинки мөөнөттө жумушчу топ түзүү жөнүндө ведомстволук актынын көчүрмөсүн, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу жооптуу кызматкердин байланыш маалыматтарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
8. Республикалык бюджеттен каржылануучу БКБТнын жумушчу тобунун иши төмөнкү иш графигине ылайык жүзөгө ашырылат:
№ | Этап | Иш-чаралар | Мөөнөттөрү |
1 | Программалык бюджеттердин долбоорлорун даярдоо процессинин башталышы | Жумушчу топтун персоналдык курамын түзүү жана бекитүү. Программалык бюджетти иштеп чыгуу маселелери боюнча БКБТ ичинде өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу кызматкерди дайындоо | Кезектеги бюджеттик жылдын 20-июнуна чейин |
Тармактык саясаттын негизги багыттарын талкуулоо жумушчу топтун жолугушууларын өткөрүү, бюджеттин программалык структурасын түзүү жана бекитүү | Кезектеги бюджеттик жылдын 25-июнуна чейин | ||
2 | Программалык бюджеттердин долбоорлорун даярдоо процесси | Бюджеттик программалар жана чакан программалар үчүн натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү боюнча сунуштарды даярдоо | Кезектеги бюджеттик жылдын 1-июлуна чейин |
Иштин багыттары боюнча сыпаттоочу бөлүктү түзүү жана бюджеттик чакан программалар үчүн финансылык эсептөөлөрдү даярдоо | Кезектеги бюджеттик жылдын 10-июлуна чейин | ||
Жарандык коомдун өкүлдөрү менен бюджеттин программалык структураларын талкуулоо (мурда түзүлгөн программалык структура өзгөргөн учурда жүргүзүү зарыл) | Кезектеги бюджеттик жылдын 14-июлуна чейин | ||
Программалык бюджеттин долбоору боюнча түшүндүрмө катты түзүү жана таблицаларды топтоо | Кезектеги бюджеттик жылдын 16-июлуна чейин | ||
БКБТнын программалык бюджетинин долбоорун улуттук стратегиянын, ТӨМ максаттары жана негизги багыттары жана/же БКБТнын функциялары менен өз ара байланышы жагынан кароо | Кезектеги бюджеттик жылдын 18-июлуна чейин | ||
Программалык бюджеттин долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу | Кезектеги бюджеттик жылдын 20-июлуна чейин | ||
Коомдук угууларды өткөрүү | Кезектеги бюджеттик жылдын 25-июлуна чейин | ||
Программалык бюджеттин долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү | Кезектеги бюджеттик жылдын 1-августуна чейин | ||
3 | Программалык бюджетти жарыялоо | Программалык бюджеттин долбоорун БКБТнын расмий сайтына жарыялоо | Кезектеги бюджеттик жылдын 5-августуна чейин |
9. БКБТлар программалык бюджеттердин долбоорлорун ушул Нускаманын 1, 2-тиркемелерине ылайык формалар боюнча жана бюджеттик программалардын жана чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн түзүмү боюнча маалыматты ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык, ошондой эле түшүндүрмө катты ушул Нускаманын 4-тиркемесинде каралган структурага ылайык түзөт. Электрондук таблицаларды толтурууда алардын форматтарын жана шрифттерин өзгөртүүгө жол берилбейт.
10. Программалык бюджеттердин долбоорлору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.
11. Программалык бюджеттин долбооруна түшүндүрмө кат БКБ тарабынан программалык бюджеттин долбоорун даярдоо этабында түзүлөт. Түшүндүрмө каттар БКБТлардын ведомстволук сайттарында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
12. БКБТлар программалык бюджетти иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн негизги жоопкерчиликти тартат, анын ичинде:
1) мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына ылайык бюджеттик программалардын стратегиялык максаттарын жана милдеттерин түзүү;
2) бюджеттик программаларды улуттук стратегия жана ТӨМ милдеттери менен интеграциялоо;
3) программаларды ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча отчеттуулукту чогултуу, талдоо жана берүү, мында продукттун көрсөткүчтөрүн, натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн, ошондой эле сапаттын жана таасир этүүнүн көрсөткүчтөрүн камтууга тийиш;
4) бюджеттик каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун, анын ичинде программалык бюджеттерди түзүү этабында отчётторду жарыялоо жана коомдук угуу өткөрүү аркылуу камсыз кылуу.
3-глава. Программалык бюджеттин ресурстук бөлүгү
13. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 85-беренесине ылайык чыгымдар төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- программалык чыгымдар - конкреттүү максаттарга жана натыйжаларга жетүүгө багытталган, бюджеттик программалардын алкагында түзүлүүчү чыгымдар;
- программалык эмес чыгымдар - мамлекеттик органдардын ишинин багыттары боюнча түзүлүүчү, бюджеттик программаларда чагылдырылбаган жана улуттук стратегия жана ТӨМ менен интеграциялоо мүмкүндүгү жок БКБТ чыгымдары.
14. Чыгымдар төмөнкү критерийлерге жооп берген учурда программалык болуп эсептелет:
1) өлчөнүүчү натыйжаларга жетүүгө багыттуулугу - чыгымдар аларды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоого мүмкүндүк берүүчү максаттуу көрсөткүчтөрдү камтыйт;
2) натыйжалуулук принцибине шайкештиги - программалык чыгымдар күткөн социалдык-экономикалык натыйжалар жагынан караганда негизделген.
15. Төмөнкүлөр учурда программалык эмес болуп эсептелет, эгерде:
1) улуттук стратегия жана ТӨМ менен интеграцияланышы мүмкүн эмес болсо;
2) бюджеттик программаларга байланышы жок, мамлекеттик органдын учурдагы ишине гана багытталса;
3) продукттун өлчөнүүчү максаттуу көрсөткүчтөрүн, натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн, ошондой эле сапаттын жана таасир этүүнүн көрсөткүчтөрүнө жетүүнү карабаса.
Программалык эмес чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:
1) бюджеттик пландаштыруу жана мамлекеттик финансыларды башкарууну координациялоону жана методологиялык коштоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чыгымдары;
2) курамында улуттук стратегиянын жана ТӨМ максаттарына жетүүнү карабаган бир гана административдик мүнөздөгү бюджеттик программа ишке ашырылган мамлекеттик органдын чыгымдары (мамлекеттик органды жалпы иштөөсүнө жана ишин координациялоого багытталган, административдик жана операциялык чыгашаларды камтыган);
3) Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын чыгымдары;
4) улуттук коопсуздук, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле коргоо маселелерин тескеген мамлекеттик органдын чыгымдары.
16. БКБТ бюджеттик программалары боюнча чыгымдардын жалпы суммасы контролдук цифрадан ашпоого тийиш.
17. Программаларды бюджеттен тышкары каржылоо булактары (өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ырасталган каражаттары, өнүктүрүү фонддорунун каражаттары), жеке каражаттар, ошондой эле программанын максаттарына жетүүгө багытталган бюджеттик системанын башка бюджеттеринин каражаттары болгон учурда, жогоруда көрсөтүлгөн каражаттар программалык бюджеттин долбоору боюнча түшүндүрмө катта өзүнчө чакан программалар менен көрсөтүлөт. Мындай чакан программаларга чыгымдардын программалык классификациясынын коду ыйгарылбайт.
Ушул Нускаманын 4-тиркемесинде каралган форма боюнча түзүлгөн бюджеттик программанын түшүндүрмө катында программаны каржылоонун бардык болгон булактарын камтыган жыйынды суммасы, ошондой эле тиешелүү бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
18. Контролдук сандардын алкагынан ашкан каржылоону талап кылган бюджеттик программалар/чакан программалар программалык бюджетке түшүндүрмө катта бюджеттик чакан программанын сыпаттамасы түрүндө берилет (ушул нускаманын 4-тиркемеси).
19. Программалык бюджеттерди каржылоо булактары:
1) республикалык бюджеттин каражаттары - программаларды негизги каржылоо;
2) атайын эсептердин каражаттары - өзүнчө программаларды ишке ашырууга багытталган, улуттук стратегиянын жана ТӨМ максаттарына жетүү үчүн БКБТнын салымы болуп саналат;
3) мамлекеттик инвестициялар - өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн гана түшүүчү улуттук стратегия жана ТӨМ менен байланышкан долбоорлорду каржылоо.
4-глава. Бюджетти программалык негизде түзүү
§ 1. БКБТнын стратегиялык максатын жана милдеттерин аныктоо
20. Бюджетти программалык негизде түзүү улуттук стратегияга шайкеш келген бюджеттик программаларды аныктоо үчүн негиз болгон ТӨМдүн артыкчылыктуу милдеттерин аныктоодон башталат. Ар бир бюджеттик программа БКБТнын стратегиялык максатын өз алдынча аныктоо мүмкүндүгүн болтурбоо менен ТӨМдүн (ушул нускаманын 5-тиркемеси) бир же бир нече милдетине ылайык түзүлүүгө тийиш. Бул каржыланган программалар менен улуттук жана глобалдык туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүнүн ортосунда түз байланышты камсыз кылат.
21. Эгерде тармактын/сектордун стратегиялык милдеттери мурда аныкталган жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган болсо, алар улуттук артыкчылыктарды актуалдаштырууга, тармактык стратегиялардагы өзгөртүүлөргө же ТӨМгө байланган натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн түзөтүүлөргө байланыштуу кайра карап чыгуу зарыл болгон учурларды кошпогондо, алар актуалдуу редакциясында калат.
22. Бюджеттик программанын максаттарын баяндоо ТӨМдүн артыкчылыктуу милдеттерине шайкеш келүүгө, программалык бюджеттер үчүн негиз болууга жана улуттук стратегияга интеграцияланууга тийиш. Максаттарды баяндоого төмөнкү талаптар коюлат:
1) улуттук стратегиянын багыттарына жана ТӨМ милдеттерине түз байлануу;
2) эки маанини билдирүүчү чечмелөөлөрдү жокко чыгарган баяндоонун тактыгы, аныктыгы жана кыскалыгы;
3) натыйжалуулук көрсөткүчтөрү аркылуу жетишүүчүлүк жана өлчөнүүчүлүк;
4) коомдук маанилүүлүккө багытталуу жана улуттук стратегиянын максаттарына жетүүгө салым кошуу;
5) процесске эмес, конкреттүү натыйжага жетүүгө багытталуу.
23. Стратегиялык максатты баяндоо төмөнкүлөрдү камтууга тийиш эмес:
1) түшүнүүнү татаалдатуучу атайын терминдерди жана аббревиатураларды;
2) эркин же көп мааниде чечмеленүүгө жол берген терминдерди, түшүнүктөрдү жана сүйлөмдөрдү;
3) стратегиялык максаттын дал өзүнө жетүүнүн натыйжасы болгон башка максаттарга, милдеттерге, натыйжага же жыйынтыктарга көрсөтмөлөрдү;
4) максатка жетүүнүн жолдорун, каражаттарын жана методдорун сыпаттоону;
5) натыйжага багытталбаган БКБТнын учурдагы функцияларын же ишинин түрлөрүн кайталаган баяндоолорду;
6) түздөн-түз коомдук маанилүү натыйжага ээ болбогон ички уюштуруу процесстерине шилтемелер.
24. Программалык негизде бюджетти түзүүдө БКБТ секторунун/тармагынын милдеттери БКБТнын мандатына релеванттуу ТӨМ милдеттерин эске алуу менен баяндалат жана стратегиялык максаттарга жетүүгө багытталат. ТӨМ милдеттерин БКБТнын максаттарына жана функцияларына шайкеш келген шартта өз алдынча бюджеттик программаларга трансформациялоого жол берилет. Мындай программалар орто мөөнөттүү келечекте өзгөрүүлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын чагылдырат жана программалык бюджеттин түзүмдүк бүтүндүгүн камсыз кылат.
25. Сектордун/тармактын милдеттерине төмөнкү талаптар коюлат:
1) улуттук жана тармактык деңгээлдеги стратегиялык артыкчылыктарга шайкеш келүү;
2) кыскалык, тактык жана түшүнүүгө кыйын болгон терминдердин жоктугу;
3) стратегиялык максатты баяндоонун кайталанышына жол берилбестик;
4) милдеттердин саны негиздүү болууга тийиш (5тен ашпоо сунушталат);
5) ар бир милдет максатка жетүү үчүн зарыл болуусу, жалпысынан алар жетиштүү болууга тийиш;
6) милдеттер БКБТнын ички административдик процесстерин же функцияларын чагылдырбоого тийиш;
7) милдеттер тармакты финансылык камсыздоо катары баяндалышы мүмкүн эмес.
26. Эгерде сектордун/тармактын мурда баяндалган милдеттери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган болсо, стратегиялык контекстти өзгөртүүлөрдүн, тармактык саясатты кайра кароонун же жаңы реформаларды ишке киргизүүнүн натыйжасында аларды актуалдаштыруу зарылдыгы келип чыккан учурларды кошпогондо, алар колдонуудагы редакцияда сакталат.
27. Сектордун/тармактын бекитилген стратегиялык максаты жана милдеттери ушул Нускаманын 4-тиркемесинде каралган форма боюнча программалык бюджеттин долбооруна карата түшүндүрмө катта милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш.
§ 2. Бюджеттик программаларды аныктоо
28. БКБТ ишинин өз ара байланышкан негизги багыттары бюджеттик программаларга топтоштурулат, алардын ар бири улуттук стратегиянын стратегиялык багыттарынын жана ТӨМдүн бир же бир нече милдеттерине ылайык келген сектордун/тармактын конкреттүү милдетинин негизинде түзүлөт.
29. Бюджеттик программаларды баяндоого төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) сектордогу/тармактагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына шайкеш келиши жана улуттук деңгээлдеги стратегиялардын/өнүктүрүү программаларынын жана/же тармактык стратегиялык/программалык документтердин артыкчылыктары менен так өз ара байланышы;
2) сектордун/тармактын милдеттери менен так байланышы;
3) бюджеттик программалардын аталышынын кыскалыгы. Бюджеттик программалардын аталышында атайын терминдерди жана аббревиатураларды колдонууга тыюу салынат;
4) бюджеттик программалардын санынын негиздүүлүгү (милдеттердин санынан кем эмес жана ашыкча деталдаштыруусуз);
5) программалык түзүмдүн убакыт аралыгында туруктуулугу. Жаңы бюджеттик программалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча программалык бюджетке киргизилет;
6) БКБТнын бюджетинин чегинде каржылануучу реформаларды жүргүзүү боюнча иштер жана инвестициялык долбоорлор бюджеттик программалардын курамында бюджеттик чакан программа түрүндө чагылдырылат;
7) каржылоо же каржылоонун көлөмүн көбөйтүү программа болуп саналбайт;
8) бюджеттик программа коомдук жактан маанилүү болушу керек - БКБТнын ишинен пайданы көрсөтүшү керек жана БКБТнын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталууга тийиш эмес.
30. Эгерде сектордун/тармактын бюджеттик программалары буга чейин программалык бюджетте же БКБТнын орто мөөнөттүү стратегиялык бюджеттик чыгымдарында баяндалган жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган болсо, анда алар мурунку редакциясында кала берет, төмөнкү себептер боюнча гана өзгөрөт:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде жана БКБТнын ичинде түзүмдүк кайра өзгөртүүлөр;
2) өзгөртүүлөр процессинин натыйжасы катары БКБТнын функцияларын кардиналдуу кайра карап чыгуу;
3) программалык түзүмдү оптималдаштыруу (майда программаларды бириктирүү же чоң программаларды дезагрегациялоо);
4) тармактык саясатты кайра карап чыгуу;
5) программалык түзүлүштү ТӨМ милдеттери менен интеграциялоо;
6) программалардын натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары;
7) эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жана донордук программаларды ишке ашыруу;
8) программалардын мазмундук бөлүгүнө таасир этүүчү мыйзам чыгаруу жана ченемдик базадагы өзгөртүүлөр.
31. БКБТнын бюджетинин программалык түзүмүндө чыгымдарын негизги бюджеттик программалар боюнча бөлүштүрүү кыйын болгон бөлүмдөрдүн функцияларын жана иш-чараларын камтыган "Башкаруу жана администрациялоо" аттуу стандарттык бюджеттик программа, ошондой эле ТӨМдүн 16-милдетинен коррупцияга каршы иш-чаралар чагылдырылат. Бул программаны ишке ашыруу башка программаларды ишке ашырууга координациялоочу, уюштуруучулук жана коррупцияга каршы таасир тийгизет.
32. "Башкаруу жана администрациялоо" бюджеттик программасына төмөнкүлөр кирет: жогорку жетекчилик; финансылык кызмат; мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн жооптуу бөлүмдөр; адам ресурстарын башкаруу; эл аралык мамилелер; юридикалык кызмат; ички аудит; коомчулук менен байланыш кызматтары, басма сөз-катчылары, көмөкчү кызматтар жана башка кызматтар. Бул программага БКБТнын борбордук аппаратынын бардык чыгымдарын киргизүүгө жол берилбейт. "Башкаруу жана администрациялоо" программасы үчүн эки стандарттык бюджеттик чакан программа каралган.
33. "Башкаруу жана администрациялоо" программасы бюджеттик программалардын тизмесинде биринчи көрсөтүлөт.
34. Бюджеттик программа так жана кыска баяндалуучу жана конкреттүү, жетише аларлык, өлчөнүүчү, сектордун/тармактын кызмат көрсөтүүлөрүн тышкы керектөөчүгө багытталган, натыйжага жетүүгө багытталган максатка ээ. Максатты баяндоо аны түшүнүүнү татаалдаштырган атайын терминдерди камтыбашы керек.
35. Ар бир бюджеттик программа үчүн орто мөөнөттүү же узак мөөнөттүү мезгилдеги пландык көрсөткүчтүн маанисин көрсөтүү менен кыска, түшүнүктүү баяндалган күтүлүүчү натыйжалар аныкталат.
36. Баяндалган бюджеттик программалар ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык программалык негиздеги бюджеттин долбооруна түшүндүрмө катта чагылдырылат, ошондой эле "Бюджеттик программалардын жана чакан программалардын түзүмү" таблицасына киргизилет (ушул Нускаманын 1-тиркемеси).
37. Таблицаны толтурууда атайын графада программалык бюджеттик классификациянын коддоруна ылайык келген бюджеттик программалардын коддору көрсөтүлөт.
Программалык бюджеттик классификациянын колдонуудагы коду жок болгон учурда бюджеттик программа программалык классификацияны түзүү процессинде белгиленген тартипте код ыйгарылууга тийиш болгон "жаңы программа" катары белгиленет.
§ 3. Бюджеттик чакан программаларды аныктоо
38. Бюджеттик чакан программалар бюджеттик программалардын курамдык бөлүктөрү болуп саналат жана тиешелүү бюджеттик программанын максатына жана анын негизине коюлган ТӨМ милдеттерине жетүүгө багытталган ишмердүүлүктүн конкреттүү багыттары болуп эсептелет.
39. Бюджеттик чакан программаларды түзүү программалык архитектураны деталдаштырууну, анын реалдуулугун жана БКБТнын түзүмдүк же ведомстволук бөлүмдөрүнүн/уюмдарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүүнү камсыз кылат.
40. Бюджеттик чакан программаны ишке ашыруу БКБТнын түзүмдүк же ведомстволук бөлүмү/уюму тарабынан жүзөгө ашырылат. Эгерде БКБТнын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин бюджеттик программалардын бирине түздөн-түз киргизүү мүмкүн болбосо (мисалы, аймактык бөлүм аз сандагы персонал менен функциялардын кеңири топтомун аткарган учурда), анда бардык аймактык бөлүмдөр таандык "Башкаруу жана администрациялоо" программасына кирет.
41. Программалардын алкагында бюджеттик чакан программаларды системалаштыруу жана аларды бөлүмдөрдүн ортосунда бөлүштүрүү үчүн ушул Нускаманын 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн "Бюджеттик программалардын жана чакан программалардын түзүмү" таблицасын колдонуу зарыл.
42. "Башкаруу жана администрациялоо" программасы үчүн эки стандарттык бюджеттик чакан программа каралган:
1) "Борбордук деңгээлде тармакты башкаруу жана администрациялоо" - БКБТнын борбордук аппаратынын чыгымдарын чагылдыруучу бюджеттик чакан программа (тармактык бюджеттик программаларды администрациялоочу түзүмдүк бөлүмдөр боюнча чыгымдарды алып салуу менен);
2) "Аймактык деңгээлде тармакты башкаруу жана администрациялоо" - бул бир бюджеттик программага же чакан программага киргизүүгө мүмкүн болбогон функциялардын кеңири топтомун аткаруучу БКБТнын аймактык бөлүмдөрүнүн чыгымдарын чагылдырган бюджеттик чакан программа.
Бул бюджеттик программа үчүн башка бюджеттик чакан программаларды колдонууга жол берилбейт.
43. Бюджеттик чакан программа ушул Нускаманын 4-тиркемесинде берилген форма боюнча аны аткарууга жооптуу бөлүмдөр же БКБТнын ведомстволук уюмдары тарабынан баяндалууга тийиш жана программалык бюджеттин долбоорун топтоо үчүн жооптуу жумушчу топтун мүчөлөрүнө берилет.
44. Жаңы бюджеттик чакан программаларды киргизүү боюнча сунуштар ушул нускаманын 4-тиркемесинин IV бөлүмүндө таризделген максаттарды, милдеттерди, негиздемелерди жана күтүлгөн натыйжаларды камтыган толук баяндалышы болгон учурда, БКБТ тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
45. Кошумча каржылоону талап кылган иштин жаңы артыкчылыктуу багыттары боюнча бюджеттик чакан программалар программалык бюджетке түшүндүрмө каттагы "Сценарийлер" бөлүмүндө (ушул Нускаманын 4-тиркемеси) "жаңы чакан программа" деген белги менен көрсөтүлөт. "Жаңы чакан программа" деген белги, жаңы чакан программа программанын ичиндеги артыкчылыктар өзгөргөндө же башка бюджеттик чакан программалар боюнча үнөмдөөнүн эсебинен каражаттарды кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен пландаштырылган учурларда да жасалат. Жаңы бюджеттик чакан программалар программалык бюджетке ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча киргизилет.
46. Ушул Нускаманын 4-тиркемесинин IV бөлүмү толтурулбаган же зарыл негиздемени камтыбаган жаңы чакан программалар боюнча сунуштар каралууга жана программалык бюджеттин долбооруна киргизүүгө тийиш эмес.
§ 4. Бюджеттик программалардын жана чакан программалардын наркын аныктоо
47. БКБТ боюнча контролдук цифралар бюджеттик программалар боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. Бюджеттик программалар боюнча чыгымдарды эсептөө ар бир бюджеттик программанын алкагында бюджеттик чакан программалардын наркын аныктоодон башталат.
48. Бюджеттик чакан программанын наркы (жылдык бюджеттик чыгымдардын суммасы) анын мазмунунан көз каранды. Кеңири жайылган түрлөрү болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) бюджеттик программаны/чакан программаны ишке ашырууга багытталган түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн функцияларын топтоо. Бул учурда чакан программанын наркы операциялык чыгымдардын категориялары (кызматкерлерге эмгек акы төлөө, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу, пайыздар, субсидиялар, гранттар, социалдык жөлөкпулдар жана төлөмдөр, башка чыгымдар) боюнча аныкталган бул бөлүмдөрдү кармоого кеткен чыгымдардан жана финансылык, финансылык эмес активдер жана милдеттенмелер менен операциялар боюнча чыгымдардан турат;
2) иш-чаралар туруктуу негизде кайталанган учурда бюджеттик чакан программанын наркы бул иш-чараларды өткөрүүгө пландалган жылдык чыгымдар сметасынын негизинде аныкталат;
3) инвестициялык долбоорлор боюнча бюджеттик чакан программанын наркы пландалган мезгилге долбоор боюнча чыгымдардын сметалык наркынын негизинде пландалат. Долбоор аяктагандан кийин түзүлгөн активдерди күтүүгө күндөлүк чыгымдар мындай активдерди пайдаланууга байланыштуу бюджеттик чакан программаларда эске алынууга тийиш.
49. Бир нече бөлүмдөр тарабынан бюджеттик чакан программалар ишке ашырылган учурда, чакан программанын наркына бюджеттик чакан программаны ишке ашыруучу бардык бөлүмдөр боюнча жалпы чыгымдардын суммасы кирет. Бюджеттик чакан программалар бир нече бюджеттик чакан программаларды ишке ашырууга бир бөлүм тартылган учурлар болбогондой пландалууга тийиш. Эгерде муну болтурбай коюу мүмкүн болбосо, бул бөлүмдү күтүүгө чыгымдар аталган бөлүмдүн тигил же бул чакан программаны ишке ашырууга тартылуу даражасына (пайыз менен) пропорционалдуу бөлүштүрүлөт. Мындай пропорциялар функциялык талдоонун натыйжасында аныкталат.
50. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана туруктуу сатып алууларга тиешеси жок бюджеттик чакан программалардын наркын эсептөөдө аталган чакан программаны ишке ашыруу үчүн жооптуу бөлүмдөрдү күтүүгө чыгымдардын пландалган суммасы бааланат.
51. Бюджеттик чакан программалар боюнча чыгымдар категория боюнча төмөнкүдөй аныкталат:
1) "Кызматкерлерге эмгек акы төлөө" - чыгымдар конкреттүү бюджеттик чакан программаны ишке ашырууга тартылган БКБТ бөлүмдөрүндөгү кызматкерлердин штаттык санына жараша эсептелет;
2) "Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдалануу" категориясы боюнча бюджеттик чакан программанын чыгымдарын эсептөө үчүн транспорттук кызмат көрсөтүүлөр бул бюджеттик чакан программаны ишке ашырууга тартылган БКБТ бөлүмдөрүнүн балансындагы автомашиналардын санына жараша эсептелет. Башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга кеткен чыгымдар пландалган иш-чаралардын же бул бюджеттик чакан программа боюнча сатып алуулардын негизинде бюджеттик чакан программаларга бөлүштүрүлөт. Эгерде башка кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга чыгымдардын пландуу суммасы ар бир бөлүм боюнча өзүнчө эсептелбесе, анда жалпы сумманы ушул бюджеттик чакан программаны аткаруудагы салымга ылайык функциялык талдоонун жыйынтыгына жараша административдик бирдиктер боюнча пропорционалдуу бөлүштүрүү зарыл;
3) пайыздар, субсидиялар, гранттар, социалдык жөлөкпулдар, финансылык эмес жана финансылык активдер, милдеттенмелер сыяктуу башка категориялар - алар иш жүзүндө каралган чакан программаларда чагылдырылат.
52. Каржылоо булактары боюнча жана жылдар боюнча эсептелген бюджеттик чакан программалардын наркы ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча "Каржылоо булактары боюнча бюджеттик программалар жана чакан программалар" таблицасына киргизилет.
53. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү пландаштырылган көрсөткүчтөрдүн негиздүүлүгүн камсыз кылуу, бюджеттик маалыматтын ачык-айкындуулугун жана салыштырмалуулугун жогорулатуу максатында чыгымдардын негизги категориялары (эмгек акы төлөө, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, субсидиялар, гранттар, финансылык эмес активдерге кеткен чыгымдар жана башкалар) боюнча эсептик суммалардын ички деталдаштыруусун камсыз кылат.
54. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге карата ар бир бюджеттик чакан программанын наркы "Бюджеттик программалардын жана чакан программалардын түзүмү" таблицасына (ушул Нускаманын 1-тиркемеси) киргизилет. "Бюджеттик программалардын жана чакан программалардын түзүмү" таблицасына төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) кийинки жылга пландык чыгымдар (Х+1);
2) кийинки эки жылга пландык чыгымдар (Х+2 жана Х+3).
55. Бюджеттик программалардын наркын эсептөө бюджеттик чакан программалар боюнча чыгымдарды кошуу аркылуу жүргүзүлөт. Эсептөөнүн жыйынтыктары "Бюджеттик программалардын жана чакан программалардын түзүмү" (ушул Нускаманын 1-тиркемеси) таблицасына жана "Каржылоо булактары боюнча бюджеттик программалар жана чакан программалар" таблицасына киргизилет (ушул Нускаманын 2-тиркемеси).
§ 5. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн аныктоо
56. БКБТнын бюджеттик программаларынын жана тиешелүү чакан программаларынын максаттарына жетишкендигин баалоо үчүн улуттук стратегиянын багыттарына жана ТӨМдүн милдеттерине багытталган натыйжалуулук көрсөткүчтөрү иштелип чыгат.
57. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү зарыл болгон учурда ар бир бюджеттик программа үчүн БКБТнын каалоосу боюнча аныкталат, ошондой эле ар бир бюджеттин чакан программасы үчүн өзүнчө милдеттүү түрдө аныкталууга тийиш. Бюджеттик программалардын/чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн аталыштары убакыттын өтүшү менен туруктуу бойдон калышы керек, башкача айтканда эгерде натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү МККББнын программалык бюджетинде мурда эле түзүлүп, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынса, анда алар мурунку редакциясында кала берет жана төмөнкү себептерден улам гана өзгөрөт:
1) бюджеттик программаларды/чакан программаларды кайра карап чыгуу;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы.
Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн өзгөртүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
58. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү сектордун/тармактын абалынын сандык жана сапаттык жагын чагылдырышы керек жана көрсөткүчтөр боюнча 4 түргө бөлүнөт:
1) продукт көрсөткүчтөрү - ишмердүүлүктүн түздөн-түз натыйжасын чагылдырат (мисалы, көрсөтүлгөн кызматтардын саны);
2) майнаптуулук көрсөткүчтөрү - чыгымдардын жана алынган натыйжалардын катышын мүнөздөйт (мисалы, продукциянын бирдигине кеткен чыгымдар);
3) сапат көрсөткүчтөрү - натыйжалардын жарандардын күтүүлөрүнө жана стандарттарга канчалык деңгээлде дал келүүсүн чагылдырат (мисалы, канааттануу деңгээли);
4) таасир этүү көрсөткүчтөрү - социалдык же экономикалык чөйрөдөгү узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү белгилейт (мисалы, жакырчылыктын кыскарышы).
59. Ар бир бюджеттик программанын натыйжалуулук көрсөткүчтөрү БКБТнын кароосу боюнча белгиленет. Мында төмөндө көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн ичинен бирден кем эмес жана төрттөн ашык эмес көрсөткүч аныкталат:
1) продукт;
2) майнаптуулук;
3) сапат;
4) таасир этүү.
60. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн баяндоосу убакыттын өтүшү менен туруктуу сакталууга тийиш жана төмөнкү учурларда гана өзгөртүлөт:
1) бюджеттик чакан программанын мазмунунун өзгөрүшү;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жүйөлөштүрүлгөн сунушу;
3) колдонулган көрсөткүчтүн жетишсиз релеванттуулугу же салыштырууга мүмкүн эместиги аныкталганда.
61. Бюджеттик чакан программа үчүн натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн курамы чакан программанын мүнөзүн, милдеттердин баяндалышын жана маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн эске алуу менен жекече аныкталат.
62. Бюджеттик чакан программа үчүн бардык төрт типтеги көрсөткүчтөрдү киргизүү милдеттүү шарт болуп саналбайт, натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн аныктоодо ийкемдүүлүккө жол берилет.
63. Бюджеттик чакан программанын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн минималдуу курамы жүзөгө ашырылып жаткан иш-чаралардын өзгөчөлүгүнө ылайык келген бир гана типтеги көрсөткүч менен чектелиши мүмкүн.
64. Көрсөткүчтүн түрлөрү (продукт, майнаптуулук, сапат же таасир) БКБТ тарабынан аныкталат, анын колдонулушу жана ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык чакан программанын натыйжалуулугун тийиштүү түрдө баалоо үчүн жетиштүү экендиги жөнүндө милдеттүү негиздеме берилет.
65. Бюджеттик чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрү төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) сандык жактан өлчөнүүчү болууга тийиш;
2) чакан программанын максаттары менен түздөн-түз логикалык байланышта болууга тийиш;
3) ишенимдүү маалымат булактарынын негизинде текшерилүүчү болууга тийиш;
4) чакан программанын алкагында иш-чаралардын аткарылышынын динамикасын байкоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
66. Бюджеттик чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрү иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында жетишилген натыйжалардын көлөмүн чагылдырып, максаттарга жетүүнүн сандык жана сапаттык баасын камсыз кылууга тийиш. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү абсолюттук көрсөткүчтөр (мисалы, кызмат көрсөтүүлөрдүн, объекттердин, иш-чаралардын саны) түрүндө да, максаттуу багыттарга жетүүнүн үлүшүн мүнөздөгөн салыштырмалуу көрсөткүчтөр (мисалы, жалпы муктаждыктан же максаттуу топту пландаштырылган камсыз кылуудан пайыздык аткаруу) түрүндө да туюнтулушу мүмкүн.
67. "Башкаруу жана администрациялоо" бюджеттик программасы үчүн мамлекеттик органдар тарабынан натыйжалуулуктун стандарттык көрсөткүчү колдонулат - бул БКБТнын ишине калктын ишеним индекси (болгон учурда), эгер БКБТ бул бюджеттик программа үчүн башка, кыйла маалымдуу көрсөткүчтү колдонбосо.
68. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн (мындан ары -көрсөткүчтөр) аныктоого төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) улуттук стратегиянын багыттары, ТӨМ, сектордук стратегиялык документтер жана программалык документтер менен өз ара байланышы;
2) БКБТнын ыйгарым укуктарына жана жоопкерчилик чөйрөсүнө ылайык келүүсү. Көрсөткүч БКБТнын иши олуттуу таасир бере тургандай болушу керек. Мисалы, "жумушсуздар арасындагы билим деңгээли" көрсөткүчү билим берүү органдарынын жоопкерчилик чөйрөсүнө кирет, ал эми кылмыштуулуктун деңгээлинин азайышы социалдык-экономикалык факторлордун олуттуу таасирин эске алганда, укук коргоо органдарынын ишинин түздөн-түз натыйжалуулугунун көрсөткүчү катары каралышы мүмкүн эмес;
3) программанын же чакан программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруу менен түздөн-түз байланышы. Иш-чараларды жүзөгө ашыруунун кыйыр кесепеттерин гана чагылдырган көрсөткүчтөрдү колдонууга жол берилбейт;
4) комплекстүүлүк. Көрсөткүчтөр иштин тар же формалдуу элементтерин гана камтыбастан, коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүүнүн негизги аспектилерин чагылдырууга тийиш;
5) маалыматты чогултуунун ишке ашуусу жана экономикалык жактан пайдалуулугу. Маалымат булактары расмий жана ашыкча административдик жүк жаратпастан жеткиликтүү болушу керек;
6) маалыматтардын салыштырмалуулугу жана өлчөнүүсү. Көрсөткүчтөрдүн маанилерин жана аларга жетүүгө кеткен чыгымдарды башка өлкөлөрдүн, региондордун жана тармактардын окшош көрсөткүчтөрү менен салыштыруу мүмкүнчүлүгү;
7) көрсөткүчтөрдүн түшүнүү үчүн жеткиликтүүлүгү. Көрсөткүчтөрдү аныктоодо даярдыгы жок колдонуучуга түшүнүксүз болгон тар адистиктеги терминдер колдонулбайт;
8) кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркы керектөөчүлөрү үчүн натыйжага багытталуу. Көрсөткүчтөр БКБТдагы ички процесстерди гана эмес, жарандар үчүн реалдуу өзгөрүүлөрдү чагылдырышы керек;
9) сапаттык өзгөрүүлөрдүн чагылдырылышы. Көрсөткүчтөр кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин жогорулатууга, жеткиликтүүлүгүн жана жарандардын канааттануусун жакшыртууга байланыштуу сандык гана эмес, сапаттык натыйжаларды да чагылдырышы керек;
10) объективдүүлүк. Көрсөткүчтөр максаттуу мааниге жетүү үчүн иштин чыныгы абалын бурмалоого түрткү бербеши керек.
69. Ар бир натыйжалуулук көрсөткүчү боюнча кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилдерге карата пландалган максаттуу маанилер көрсөтүлүшү керек.
70. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн максаттуу маанилери төмөнкүлөрдүн негизинде белгиленет:
1) мурунку мезгилдердеги иш жүзүндөгү маанилерди талдоо (базалык линия);
2) мамлекеттик саясаттын пландаштырылган чаралары;
3) тышкы факторлордун таасиринин тобокелдиктерин баалоо;
4) эл аралык практикадагы окшош көрсөткүчтөр менен салыштыруу.
71. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн максаттуу маанилери бюджеттик каржылоонун көлөмүн эске алышы керек. Каржылоонун көлөмү өзгөргөн учурда максаттуу маанилер тиешелүү түрдө оңдолушу керек. Жыйынтыктарды сактоодо же жакшыртууда бюджеттик каражаттарды үнөмдөө бюджеттин долбооруна түшүндүрмө катта чагылдырылууга тийиш.
Мисалы: эгерде мектептерди курууну пландаштырууда белгилүү бир каржылоо көлөмү менен 10 мектеп куруу болжолдонсо, андан кийин каржылоонун кыскарышына байланыштуу иштин көлөмү 20%га кыскарса, максаттуу көрсөткүч ошого жараша 8 мектепке чейин оңдолушу керек. Эгерде жаңы курулуш технологияларын киргизүүнүн эсебинен бюджетти көбөйтпөстөн 10 мектеп курулса, анда бул натыйжа бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануунун жетишкендиги катары түшүндүрмө катта жана программалык бюджет боюнча отчеттордо чагылдырылышы керек.
72. Бюджеттик программанын же бюджеттик чакан программанын ар бир натыйжалуулук көрсөткүчү үчүн БКБТ ушул Нускаманын 3-тиркемесинде келтирилген көрсөткүч жөнүндө кеңири маалыматты камтыган форманы толтурат. Ар бир көрсөткүч боюнча төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
1) натыйжалуулуктун көрсөткүчүнүн адистерге гана эмес, бардыгына түшүнүктүү жана толук аталышы;
2) көрсөткүчтүн (продуктунун, майнаптуулуктун, сапаттын, таасирдин) тиби;
3) өлчөө бирдиги;
4) жооптуу бөлүм;
5) көрсөткүч боюнча маалымат чогултуу үчүн маалымат булактары;
6) көрсөткүчтү эсептөө формуласы;
7) маалымат чогултуу, отчеттуулук ыкмасы;
8) кызмат алуучулардын топтору.
73. Программалык бюджетти иштеп чыгууда БКБТнын жумушчу тобу:
1) натыйжалуулуктун колдонуудагы көрсөткүчтөрүн инвентаризациялоону жүргүзөт;
2) зарыл болгон учурда жаңысын иштеп чыгат же бар көрсөткүчтөрдү актуалдаштырат;
3) базалык жана максаттуу маанилерди эсептөөнү жүзөгө ашырат;
4) жаңы көрсөткүчтөрдү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат.
74. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү БКБТнын бюджеттеринин долбоорлорун коомдук талкуулоонун жүрүшүндө талкуулоонун милдеттүү предмети болуп саналат.
75. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү төмөнкүлөргө киргизилет:
1) "Бюджеттик программалардын жана чакан программалардын түзүмү" таблицасы (ушул Нускаманын 1-тиркемеси);
2) "Бюджеттик программалардын жана чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн түзүмү" таблицасы (ушул Нускаманын 3-тиркемеси);
3) бюджеттик программалардын түшүндүрмө катынын IV бөлүмү (ушул Нускаманын 4-тиркемеси).
76. Бюджеттерди программалык негизде БКБТдан алгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик программалардын жана чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн алардын көрсөтүлгөн критерийлерге шайкештиги боюнча талдоо жүргүзөт.
§ 6. Бюджеттик программаларды жана чакан программаларды кодификациялоо
77. Мамлекеттик органдар - БКБТлар программалык бюджеттердин долбоорлорун түзүүдө төмөнкү коддорду көрсөтөт:
1) ТӨМ коду;
2) бюджеттик программанын коду (ПР коду);
3) бюджеттик чакан программанын коду (ЧП коду).
78. Программалык бюджеттердин долбоорлорун түзүү төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) биринчи кезекте ТӨМдүн тиешелүү милдети аныкталат;
2) тандалган ТӨМ милдетинин негизинде бюджеттик программа түзүлөт;
3) бюджеттик программаны жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттик чакан программалар түзүлөт.
79. Программалык бюджеттерди түзүү үчүн өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын багыттарынын жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын милдеттеринин тизмесине ылайык ТӨМ коду ыйгарылат (ушул Нускаманын 5-тиркемеси).
80. Бюджеттик программанын же чакан программанын ТӨМдүн ар бир милдетине бир нече мүмкүн болуучу шайкештиги болгон учурда, иш-чара кыйла көп даражада байланышкан ТӨМ милдетинин коду көрсөтүлөт. Кошумча шайкештиктер программалык бюджеттин долбооруна түшүндүрмө катта көрсөтүлөт.
81. ТӨМ коду көрсөтүлгөндөн кийин:
1) бюджеттик программаларга бюджеттин чыгымдарынын программалык классификациясына ылайык код (ПР коду) берилет;
2) бюджеттик чакан программаларга тийиштүү программанын ичинде коддор (ЧП коду) берилет.
82. "Башкаруу жана администрациялоо" программасы бюджеттик программалардын тизмесинде 01 коду менен биринчи болуп көрсөтүлөт. Бул программа үчүн ТӨМ коду ТӨМдүн милдеттерине түз байланышы жок болгон учурда шарттуу түрдө ("00") көрсөтүлүшү мүмкүн.
83. Жаңы бюджеттик программаларга жана чакан программаларга коддор бюджеттин чыгымдарынын программалык классификациясына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте ыйгарылат.
5-глава. Бюджеттерди программалык негизде кароо тартиби
84. БКБТнын программалык бюджеттин долбоорлору жана натыйжалуулук көрсөткүчтөрү жыл сайын 25-июлдан кечиктирилбестен коомдук талкуулоого тийиш.
85. Коомдук угууларды жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча БКБТ программалык бюджеттин долбоорун коомдук талкуулоонун протоколун даярдайт.
86. БКБТнын программалык бюджеттеринин долбоорлору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин БКБТнын жетекчилери тарабынан каралат жана жактырылат.
87. Республикалык бюджеттен каржылануучу БКБТнын программалык бюджеттеринин долбоорлору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы жылдын 1-августунан кеч эмес мөөнөттө берилет.
88. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттен каржылануучу БКБТнын программалык бюджеттеринин долбоорлорунун ушул Нускаманын талаптарына ылайыктуулугун карайт жана баяндалган талаптарга ылайык келбеген учурда берилген программалык бюджеттин долбоорун тиешелүү БКБТга толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтарып берет.
89. БКБТ программалык бюджеттин долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгат. Толуктап иштелип чыккан БКБТнын программалык бюджетинин долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга толуктап иштеп чыгуу үчүн берилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде берилет.
90. Бюджеттик ассигнованиелердин пландалган көлөмү өзгөргөн учурда программалык бюджеттин долбоору БКБТ тарабынан түзөтүлөт жана үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
91. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттен каржылануучу БКБТнын программалык бюджеттеринин долбоорлорун топтоону камсыз кылат. Бардык БКБТнын программалык бюджеттеринин долбоорлору кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге республикалык бюджеттин долбооруна өзүнчө тиркеме менен түзүлөт жана андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жана жактыруусуна киргизилет.
92. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландык мезгилге бюджеттик программаларды ишке ашыруу үчүн бюджеттик ассигнованиелерди бөлүштүрүү республикалык бюджет жөнүндө тиешелүү мыйзам менен аныкталат.
6-глава. Программалык бюджетти аткаруу тартиби
93. Бюджеттерди программалык негизде аткаруу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) чыгымдардын программалык классификациясына ылайык бюджеттин кассалык аткарылышын;
2) бюджеттик программалардын жана чакан программалардын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнө жетишүү жөнүндө БКБТ отчетторун;
3) бюджеттик программаларга жана чакан программаларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
94. Бюджеттик программаларга жана чакан программаларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо процесстери, ошондой эле бюджеттик программалардын жана чакан программалардын натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүнө жетишүү жөнүндө БКБТнын отчету Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Бюджеттик программалардын жана чакан программалардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо жөнүндө нускама менен жөнгө салынат.
95. Чыгымдарды программалык классификациялоо боюнча бюджетти кассалык аткаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Борбордук казыналыгынын жол-жоболоруна ылайык ишке ашырылат.
96. Программалык бюджеттердин аткаруунун жүрүшүндө БКБТ каражаттарды төмөнкүлөрдүн арасында кайра бөлүштүрүүгө укуктуу:
1) бир бюджеттик программанын ичинде;
2) ТӨМдүн бир милдетине тиешелүү бюджеттик программалардын ортосунда;
3) ТӨМдүн ар кандай милдеттерине тиешелүү бюджеттик программалардын ортосунда.
97. Программалык негизде бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү бюджетти бекитүү жөнүндө тиешелүү чечимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө жүргүзүлөт.
7-глава. Бюджеттик программаларды администрациялоо
98. "Башкаруу жана администрациялоо" программасына кирбеген БКБТнын бардык профилдик түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү тигил же бул бюджеттик программаны ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүү менен иштин багыттары боюнча топтоштурулат.
99. Бюджеттик программанын администратору болуп иши көбүнчө бюджеттик программанын максаттарына жетүүгө шарт түзгөн БКБТнын тийиштүү бөлүмүнүн жетекчиси же бул бөлүм карамагында болгон БКБТнын жетекчисинин орун басары дайындалат.
100. "Башкаруу жана администрациялоо" бюджеттик программасынын администратору БКБТнын министринин орун басары же аппарат жетекчиси болуп саналат.
101. Бюджеттик программанын администраторунун милдеттери:
1) конкреттүү бюджеттик программанын алкагында бюджеттик чакан программалардын аткарылышы үчүн жооптуу болгон БКБТнын түзүмдүк же ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин координациялоо;
2) бюджеттин чыгымдарынын орто мөөнөттүү стратегияларын жана программалык бюджеттерди даярдоо стадиясында пландалган бюджеттик программаларды жана чакан программаларды эксперттик баалоону жүзөгө ашыруу;
3) бюджеттик программаларга жана чакан программаларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо тууралуу отчеттордун сапатын баалоо.
102. Бюджеттик программалардын администраторлору бюджеттик программа жана ага киргизилген чакан программалар боюнча болжолдордун, пландардын жана отчеттордун сапаты жана аныктыгы, бюджеттик программанын аткарылышынын натыйжалуулугу, натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн максаттуу маанилерине жетүү үчүн жооптуу болот.
103. Бюджеттик чакан программаны иштеп чыгуунун/жаңылоонун жана ишке ашыруунун сапаты үчүн жоопкерчилик БКБТнын түзүмдүк же ведомстволук бөлүмдөрүнө жүктөлөт.
104. Министрдин орун басары же БКБТнын аппарат жетекчиси:
1) бюджеттик программалардын администраторлорунун ортосунда бюджеттик программаларды пландоо жана ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле бюджеттик чакан программаларды пландоо жана ишке ашыруу үчүн түзүмдүк/ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жоопкерчилигин аныктоочу ведомстволук актыны түзөт;
2) бюджеттик программаларга, ошондой эле мониторингдин жана баалоонун жыйынтыгы боюнча башкаруу чечимдерин кабыл алуу процессине үзгүлтүксүз мониторингди жана баалоону уюштурат;
3) БКБТ менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда бюджеттик программаларды жана чакан программаларды пландоо жана ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процессин уюштурат.
105. БКБТнын жетекчилери:
1) БЧОС жана программалык негиздеги бюджеттерди жана натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн максаттуу маанилерине жетишүү боюнча отчетторду бекитет жана бул документтердин сапаты жана аныктыгы үчүн жооп берет;
2) программалык бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
|
| Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага 1-тиркеме |
____________________________________________________________ (БКБТ толук аталышы) боюнча бюджеттик программалардын жана чакан программалардын ТҮЗҮМҮ
20____ - 20_______ -жж.
миң сом
ТӨМ коду | ПP коду | ЧП коду | ТӨМ максаты/милдети | ӨУС багыты | ӨУС милдети | Бюджеттик программалар/Бюджеттик чакан программалар | Программанын администратору | Жооптуу ведомство/бөлүм | Каржылоо (программалар/чакан программалар боюнча) (миң сом) | Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү | Өлчөө бирдиги | Максаттуу маанилер | ||||
Х+1 жыл | Х+2 жыл | Х+3 жыл | Х+1 жыл | Х+2 жыл | Х+3 жыл | |||||||||||
00 | 1 |
|
|
|
| Башкаруу жана администрациялоо |
|
|
|
|
| Калктын ишеним индекси | Коэф. |
|
|
|
Программанын максаты: башка программаларды ишке ашырууга координациялык жана уюштуруучулук таасир этүү | ||||||||||||||||
|
| 01 |
|
|
| Борбордук деңгээлде секторду/тармакты башкаруу жана администрациялоо |
|
|
|
|
| Калктын ишеним индекси | Коэф. |
|
|
|
|
| 02 |
|
|
| Аймактык деңгээлде секторду/тармакты башкаруу жана администрациялоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
01 | 1 |
| ТӨМ максаты |
|
| Программанын аталышы |
|
|
|
|
| Бюджеттик программа боюнча натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (продуктунун, майнаптуулуктун, сапаттын же таасирдин көрсөткүчтөрү) |
|
|
|
|
ТӨМ милдети: | Программанын максаты: | |||||||||||||||
|
| 01 |
|
|
| Бюджеттик чакан программанын аталышы |
|
|
|
|
| Бюджеттик чакан программа боюнча натыйжалуулук көрсөткүчтөрү |
|
|
|
|
|
| 02 |
|
|
| Бюджеттик чакан программанын аталышы |
|
|
|
|
| Бюджеттик чакан программа боюнча натыйжалуулук көрсөткүчтөрү |
|
|
|
|
02 | 1 |
| ТӨМ максаты: |
|
| Программанын аталышы |
|
|
|
|
| Бюджеттик программа боюнча натыйжалуулук көрсөткүчтөрү (продуктунун, майнаптуулуктун, сапаттын же таасирдин көрсөткүчтөрү) |
|
|
|
|
ТӨМ милдети | Программанын максаты: | |||||||||||||||
|
| 01 |
|
|
| Бюджеттик чакан программанын аталышы |
|
|
|
|
| Бюджеттик чакан программа боюнча натыйжалуулук көрсөткүчтөрү |
|
|
|
|
|
| 02 |
|
|
| Бюджеттик чакан программанын аталышы |
|
|
|
|
| Бюджеттик чакан программа боюнча натыйжалуулук көрсөткүчтөрү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы (контролдук цифралар) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыскартуулардын тизмеси
Х+1 жана Х+2+Х+З-жылдар | - | кезектеги бюджеттик жыл жана пландалган мезгилдер; |
ТӨМ коду | - | Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын коддору; |
ПР коду | - | бюджеттик программанын коду; |
ЧП коду | - | бюджеттик чакан программанын коду. |
БКБТ жетекчиси | ________________________________ (колу) | _____________________________________ Аты-жөнү |
|
|
|
Финансы бөлүмүнүн жетекчиси | ________________________________ (колу) | _____________________________________ Аты-жөнү |
|
| Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага 2-тиркеме |
20_______ -20_________-жж. каржылоо булактары боюнча бюджеттик программалар жана чакан программалар __________________________________________________ (БКБТ толук аталышы)
миң сом
Код | Программанын аталышы | Бюджеттик каражаттар | Бюджеттик инвестициялар | Атайын эсептерде топтолуучу каражаттар | ||||||
Х+1 жыл | Х+2 жыл | Х+3 жыл | Х+1 жыл | Х+2 жыл | Х+3 жыл | Х+1 жыл | Х+2 жыл | Х+3 жыл | ||
0 | Башкаруу жана администрациялоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
00101 | Борбордук деңгээлде секторду/тармакты башкаруу жана администрациялоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
00102 | Аймактык деңгээлде секторду/тармакты башкаруу жана администрациялоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
01100 | Бюджеттик программанын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
01101 | Бюджеттик чакан программанын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
01102 | Бюджеттик чакан программанын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
02100 | Бюджеттик программанын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
02101 | Бюджеттик чакан программанын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
02102 | Бюджеттик чакан программанын аталышы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардыгы (контролдук цифралар) |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
БКБТ жетекчиси | ________________________________ (колу) | _____________________________________ Аты-жөнү |
|
|
|
Финансы бөлүмүнүн жетекчиси | ________________________________ (колу) | _____________________________________ Аты-жөнү |
|
| Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага 3-тиркеме |
_______________________________________________ (БКБТ толук аталышы) боюнча бюджеттик программалардын жана чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн түзүмү
миң сом
№ | Бюджеттик программалар/Бюджеттик чакан программалар | Тиби (н/к) | Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү | Өлчөө бирдиги | Максаттуу көрсөткүчтөр | Маалымат чогултуу, отчеттуулук методу | Көрсөткүчтү эсептөө формуласы | Кызмат алуучулар тобу | Жооптуу бөлүм | ||
Х+1 | Х+2 | Х+3 | |||||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
БКБТ жетекчиси | ________________________________ (колу) | _____________________________________ Аты-жөнү |
|
|
|
Финансы бөлүмүнүн жетекчиси | ________________________________ (колу) | _____________________________________ Аты-жөнү |
Таблицанын талааларын толтуруу боюнча кыскача түшүндүрмө
1) "Бюджеттик программалар/Бюджеттик чакан программалар" талаасы - кабыл алынган нумерацияга ылайык бюджеттик программа же чакан программанын аталышы көрсөтүлөт;
2) "Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн тиби" талаасы - көрсөткүчтөрдүн төрт түрүнүн бири көрсөтүлөт: продукт, майнаптуулук, сапат же таасир. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү көрсөткүч эмнени чагылдырганына жараша натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн тибин тандайт - түздөн-түз натыйжа, чыгымдардын жана натыйжанын катышы, стандарттарга шайкештик же узак мөөнөттүү өзгөртүүлөр;
3) "Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү" талаасы - бюджеттик программанын же чакан программанын аткарылышы баалана турган конкреттүү өлчөнүүчү көрсөткүч көрсөтүлөт. Көрсөткүч так, сандык болууга жана тандалган типке (продукт, майнаптуулук, сапат же таасир) шайкеш келүүгө тийиш;
4) "Өлчөө бирдиги" талаасы - натыйжалуулук көрсөткүчү кандай чоңдуктарда өлчөнө тургандыгы көрсөтүлөт -мисалы, даана, километр, сом, пайыз ж.б. Өлчөө бирдиги көрсөткүчтүн маанисине так дал келүүгө жана динамикада салыштырылуучу болууга тийиш;
5) "Максаттуу көрсөткүчтөр" талаасы - бюджеттик мезгилдин үч жылынын ар бирине натыйжалуулук көрсөткүчүнүн пландалган (күтүлгөн) маанилери көрсөтүлөт. Бул маанилер реалдуу, жеткиликтүү болууга жана бюджеттик программанын жана чакан программанын максаттарына шайкеш келүүгө тийиш;
6) "Маалымат чогултуу, отчеттуулук методу" талаасы - көрсөткүч боюнча маалыматтар кантип жана канча жолу чогултула тургандыгы (мисалы, квартал сайын, жыл сайын) көрсөтүлөт. Зарыл болгон учурда чогултуу өзгөчөлүктөрү, ченемдик актыларга шилтеме же эгерде алар колдонулса, маалыматтык системалар кошулат. Ошондой эле маалымат булагын көрсөтүүгө болот (мисалы, министрликтин отчету, маалыматтар базасы, статистика ж.б.);
7) "Көрсөткүчтү эсептөө формуласы" талаасы - көрсөткүч эсептелүүчү так формула көрсөтүлөт, анын бардык курамдык бөлүктөрүн чечмелөө менен (мисалы: "окутулгандардын саны/катышуучулардын жалпы саны х 100%"). Формула түшүнүктүү, универсалдуу жана үзгүлтүксүз эсептөө үчүн практикада колдонууга боло тургандай болууга тийиш;
8) "Кызмат алуучулар топтору" талаасы - программа же кызмат көрсөтүү кимге арналгандыгы - көрсөткүч жарандардын, уюмдардын же аймактардын кайсы категорияларын камтый тургандыгы кыскача көрсөтүлөт. Мисалы: "мектеп жашындагы балдар", "аялуу топтордогу аялдар", "айыл калкы", "чакан жана орто бизнес" Эгерде программа кеңири аудиторияга багытталган болсо - "бардык калк" же "бардык чарба жүргүзүү субъекттерин" көрсөтүүгө болот;
9) "Жооптуу бөлүм" талаасы - көрсөткүчкө жетүү жана ал боюнча маалымат берүү үчүн жооп берген БКБТнын түзүмдүк бөлүмүнүн (департаменттин, бөлүмдүн, сектордун) аталышы көрсөтүлөт. Бул бөлүм маалыматтарды чогултууну жана программа же чакан программа боюнча иш-чараларды аткарууну координациялайт.
Мисалы
Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн типтери:
№ | Аталышы | Түшүндүрмө | Мисалдар |
| ||
| Аталышы | Өлчөө бирдиги |
| |||
1 | Продукт көрсөткүчтөрү | Иштин түздөн-түз натыйжасын чагылдырат | 1-мисал | Курулган мектептердин саны | даана |
|
| 2-мисал | Программанын алкагында медициналык жардам алган адамдардын саны | адам |
| ||
3-мисал | Курулган жолдордун километрлеринин саны | км |
| |||
4-мисал | Оңдолгон имараттардын саны | даана |
| |||
5-мисал | Чакан жана орто ишканаларга берилген кредиттердин саны | саны |
| |||
2 | Майнаптуулук көрсөткүчтөрү | Чыгашалардын жана алынган натыйжалардын катышын мүнөздөйт | 1-мисал | Бир квадрат метр турак жай куруунун баасы | Акчалай туюнтууда (сом, доллар ж.б.) |
|
|
|
| ||||
2-мисал | Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн бир окутуу курсунун наркы | Акчалай туюнтууда (сом, доллар ж.б.) |
| |||
3-мисал | Бир бейтапты дарылоого кеткен чыгашалар | Акчалай туюнтууда (сом, доллар ж.б.) |
| |||
4-мисал | Бир жумуш ордун түзүүгө кеткен чыгашалар | Акчалай туюнтууда (сом, доллар ж.б.) |
| |||
5-мисал | Бир тонна калдыкты кайра иштетүү наркы | Акчалай туюнтууда (сом, доллар ж.б.) |
| |||
3 | Сапат көрсөткүчтөрү | Жарандардын күтүүлөрүнө жана стандарттарга натыйжалардын шайкештик даражасын чагылдырат | 1-мисал | Жарандардын билим берүүнүн сапатына канааттануу деңгээли | % |
|
|
|
| ||||
2-мисал | Бейтаптардын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына канааттануу деңгээли | % |
| |||
3-мисал | Ишканаларда белгиленген экологиялык стандарттарга шайкештик деңгээли | % |
| |||
4-мисал | Калк үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүк деңгээли | % |
| |||
5-мисал | Санитардык жана билим берүү стандарттарына жооп берген окуу жайлардын пайызы | % |
| |||
4 | Таасир көрсөткүчтөрү | Социалдык же экономикалык чөйрөдөгү узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү жазып белгилейт | 1-мисал | Өлкөдө же региондо жакырчылыктын деңгээлинин төмөндөшү | % |
|
| 2-мисал | Берилген субсидиялардын жана иш менен камсыз кылуу программаларынын натыйжасында иштеген жарандардын санынын көбөйүшү | % |
| ||
3-мисал | Чоңдордун арасында сабаттуулук деңгээлинин жогорулашы | % |
| |||
4-мисал | Оорулардан каза болуу деңгээлинин төмөндөшү | % |
| |||
5-мисал | Сапаттуу саламаттык сактоого жетүү мүмкүндүгү бар калктын үлүшүнүн көбөйүшү | % |
| |||
|
| Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага 4-тиркеме |
20_______ -20_________-жж. программалык бюджетке карата түшүндүрмө кат _________________________________________________________________ (БКБТ толук аталышы)
1. Жалпы маалымат | ||||||
БКБТ аталышы | БКБТнын толук аталышы келтирилет. Кыскартууларды колдонууга жол берилбейт | |||||
Кошо аткаруучулар (эгерде бар болсо) | Кошо аткаруучулар көрсөтүлөт (эгерде бар болсо). Алгач бюджеттик программа, анан аларга кошо аткаруучулар жазылат. Кошо аткаруучулар жок болсо, бул мамыча толтурулбайт | |||||
2. Бюджеттин программалык түзүмү | ||||||
2.1. Сектордун/тармактын бюджеттик программаларынын тизмеги: | 1. Башкаруу жана администрациялоо | |||||
2. | ||||||
3. | ||||||
… | ||||||
(бардык бюджеттик программалар саналат) | ||||||
2.2. Бюджеттик программалардын жана чакан программалардын кыскача сыпаттамасы | ||||||
Башкаруу жана администрациялоо | 1 | Бюджеттик программанын максаты: башка программаларды ишке ашырууга координациялоочулук жана уюштуруучулук таасир этүү (максат бул программа үчүн стандарттуу болуп саналат жана өзгөртүлбөйт) | ||||
Бюджеттик программаны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжа: калктын ишеним индексинин жогорку деңгээли (БКБТнын аталышы) | ||||||
Бюджеттик программанын администратору: БКБТнын кызмат адамы көрсөтүлөт (аты-жөнү) | ||||||
% | Х+1 жылга БКБТны каржылоонун жалпы көлөмүндө бюджеттик программанын салыштырма салмагы | |||||
"Тобокелдиктер" бөлүмүндө БКБТ программанын натыйжаларына жетишүүгө таасир эте турган мүмкүн болуучу тоскоолдуктар көрсөтүлүүгө тийиш, мисалы каржылоонун жетишсиздиги, кадрлардын кетиши, ченемдик чектөөлөр же тышкы факторлор | ||||||
Борбордук деңгээлде секторду/тармакты башкаруу жана администрациялоо | 01 | Бюджеттик чакан программанын кыскача сыпаттамасы: БКБТнын борбордук аппаратынын чыгымдарын чагылдырат (тармактык бюджеттик программаларды башкарган профилдик бөлүмдөр боюнча чыгымдарын алып салгандан кийин) | ||||
Жооптуу бөлүмдөр: бул бюджеттик чакан программаны ишке ашыруунун алкагында каржылоо алган БКБТнын бөлүмдөрү жана/же ведомстволук уюмдары көрсөтүлөт | ||||||
Аймактык деңгээлде секторду/тармакты башкаруу жана администрациялоо | 02 | Бюджеттик чакан программанын кыскача сыпаттамасы: бир бюджеттик программага же чакан программага таандык кылууга мүмкүн болбогон функциялардын кеңири топтомун аткарган БКБТнын аймактык бөлүмдөрүнүн чыгымдарын чагылдырат | ||||
Жооптуу бөлүмдөр: бул бюджеттик чакан программанын алкагында каржылоону алган БКБТнын бөлүмдөрү жана/же ведомстволук уюмдары көрсөтүлөт | ||||||
Бюджеттик программанын аталышы | Бюджеттик программанын коду көрсөтүлөт | Бюджеттик программанын максаты: Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускаманын талаптарына ылайык келген бюджеттик программанын максатынын баяндамасы келтирилет | ||||
Бюджеттик программаны жүзөгө ашыруудан күтүлүүчү натыйжа: акыркы натыйжанын кыскача сыпаттамасы келтирилет | ||||||
Бюджеттик программанын администратору: БКБТнын кызмат адамы көрсөтүлөт (аты-жөнү) | ||||||
Бюджеттик программанын кошо аткаруучулары: кошо аткаруучулар жөнүндө толук маалымат, бюджеттик программанын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн максаттуу маанилерине жетүүдөгү алардын ролу көрсөтүлөт (алар бар болсо, көрсөтүлөт) | ||||||
% | Х+1 жылга БКБТ каржылоонун жалпы көлөмүндө бюджеттик программанын салыштырма салмагы | |||||
2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясындагы стратегиялык багыт | Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясындагы стратегиялык багыт келтирилет (стратегиялык багыттар Нускаманын өзүнчө тиркемесинде көрсөтүлгөн) | |||||
2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясындагы стратегиялык милдет | ӨУСтөгү стратегиялык милдеттер келтирилет, (стратегиялык багыттар Нускаманын өзүнчө тиркемесинде көрсөтүлгөн) | |||||
Туруктуу өнүгүү максаты (ТӨМ) | ТӨМдүн номерлери көрсөтүлөт | ТӨМдө чагылдырылган максаттын аталышы келтирилет | ||||
Тобокелдиктер | "Тобокелдиктер" бөлүмүндө БКБТ программанын натыйжаларына жетишүүгө таасир эте турган мүмкүн болуучу тоскоолдуктар көрсөтүлүүгө тийиш, мисалы каржылоонун жетишсиздиги, кадрлардын кетиши, ченемдик чектөөлөр же тышкы факторлор | |||||
Бюджеттик чакан программанын аталышы (1) | Бюджеттик чакан программанын коду көрсөтүлөт | Бюджеттик чакан программанын кыскача сыпаттамасы: | ||||
| Жооптуу бөлүмдөр: БКБТнын бөлүмдөрү жана/же ведомстволук уюмдары көрсөтүлөт | |||||
Бюджеттик чакан программанын аталышы (2) | ХХХХХХ | Бюджеттик чакан программанын кыскача сыпаттамасы: | ||||
| Жооптуу бөлүмдөр: | |||||
| 3. Ресурстук камсыздоо | |||||
Бюджеттик каражаттар |
| |||||
Трансферттер | Бул графада трансферттердин түрлөрү жана алардын көлөмү көрсөтүлөт | |||||
Кошо аткаруучулардын каражаттары | Бул графада республикалык бюджеттен каржыланган программанын/чакан программанын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн максаттуу маанисине жетүүгө тартылган БКБТнын каражаттары көрсөтүлөт | |||||
Атайын эсептердеги каражаттар |
| |||||
Мамлекеттик инвестициялар |
| |||||
Бюджеттен тышкаркы булактар | Бул графада өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн/өнүктүрүү фонддорунун каражаттары сыяктуу программаны каржылоонун тастыкталган булактары көрсөтүлөт | |||||
Бюджеттик системанын башка бюджеттеринен каржылоо | Бул графада республикалык бюджеттен каржыланган БКБТ үчүн программалардын/чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн максаттуу маанилерине жетүүгө багытталган жергиликтүү бюджеттердин каражаттары көрсөтүлөт | |||||
Жеке каражаттар | Бул графада жеке сектор тарабынан программалардын/чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн максаттуу маанилерине жетүүгө багытталган инвестициялар көрсөтүлөт (мисалы: жеке менчик бала бакчалар, мектептер ж.б.) | |||||
Жыйынтыгы |
| |||||
4. Сценарийлер/Жаңы демилгелер (Бул бөлүм келерки бюджеттик жылда жаңы бюджеттик чакан программалар кошулганда жана/же өзгөртүлгөндө толтурулат. БКБТ жаңы бюджеттик чакан программаларды кошуу зарыл болгондо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга толтурулган төмөнкү маалыматты, ошондой эле тиркеменин 1, 2-бөлүмдөрүндөгү маалыматты (2.1-пункттан тышкары) жөнөтөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жактырылгандан кийин БКБТга бюджеттик программаны ишке ашыруу үчүн бюджеттик чакан программа ыйгарылат) | ||||||
4.1. Жаңы бюджеттик программанын же чакан программанын зарылдыгынын кыскача негиздемеси | Кошумча артыкчылыктуу бюджеттик чакан программанын (же программанын) жардамы менен чечилүүгө/жетишүүгө тийиш болгон проблемалардын/жетишкендиктердин кыскача сыпаттамасы берилет | |||||
4.2. Жаңы демилгелердин сыпаттамасы | ||||||
Бюджеттик чакан программанын аталышы | Бюджеттик чакан программанын коду көрсөтүлөт | Бюджеттик чакан программанын кыскача сыпаттамасы: | ||||
| Жооптуу бөлүмдөр: БКБТнын бөлүмдөрү жана/же ведомстволук уюмдары көрсөтүлөт | |||||
Бюджеттик чакан программанын натыйжалуулук көрсөткүчтөрү | Максаттуу маанилер | Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтар көрсөтүлөт | ||||
Өлчөө бирдиги | Х+1 жыл | Х+2 жыл | Х+3 жыл | |||
|
|
|
| |||
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
| ||
Бюджеттик чакан программаны каржылоо | Максаттуу маанилер | Мында көрсөтүлгөн финансылык параметрлер контролдук цифрага киргизилген эмес | ||||
| Х+1 жыл | Х+2 жыл | Х+3 жыл | |||
Бюджеттик каражаттар |
|
|
| |||
Атайын эсептерде топтолгон каражаттар |
|
|
| |||
Мамлекеттик инвестициялар |
|
|
| |||
Жыйынтыгы |
|
|
| |||
4.3. Жаңы демилгелер жөнүндө кошумча маалымат | Жаңы демилгелерди каржылоо үчүн болжолдонгон киреше булактарын, проблемаларды чечүүнүн мүмкүн болгон альтернативдүү жолдорун, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди ж.б. (керек учурда толтурулат) кыскача сүрөттөп берүү (эгерде зарыл болсо) | |||||
БКБТ жетекчиси | ________________________________ (колу) | _____________________________________ аты-жөнү |
|
|
|
Финансы бөлүмүнүн жетекчиси | ________________________________ (колу) | _____________________________________ аты-жөнү |
|
| Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага 5-тиркеме |
Программалык бюджеттерди түзүү үчүн Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын багыттарынын жана Туруктуу өнүгүү максаттарынын милдеттеринин тизмеги
2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын багыттары жана милдеттери
№ | ӨУС багыттары | ӨУС милдеттери |
1 | Социалдык өнүгүү | Коомдун муктаждыктарына жооп берген саламаттык сактоо |
2 | Социалдык өнүгүү | Сапаттуу билим берүү жана илим системасы |
3 | Социалдык өнүгүү | Жаштар потенциалы |
4 | Социалдык өнүгүү | Ар бир жаранга бирдей мүмкүнчүлүк |
5 | Социалдык өнүгүү | Татыктуу эмгек жана ардактуу карылык |
6 | Социалдык өнүгүү | Үй-бүлө институтун бекемдөө |
7 | Социалдык өнүгүү | Жарандык интеграция |
8 | Социалдык өнүгүү | Улуттук биримдик |
9 | Социалдык өнүгүү | Тил саясаты |
10 | Социалдык өнүгүү | Кыргызстан - жогорку маданияттын өлкөсү |
11 | Социалдык өнүгүү | Дин демократиялуу мамлекетте |
12 | Экономикалык өнүгүү | Адамдык потенциал жана эмгек рыногу |
13 | Экономикалык өнүгүү | Инвестициялык климатты жакшыртуу жана экспорттун өсүшү |
14 | Экономикалык өнүгүү | Макроэкономикалык туруктуулук жана саясаттын ырааттуулугу |
15 | Экономикалык өнүгүү | Жагымдуу бизнес чөйрө |
16 | Экономикалык өнүгүү | Сапаттуу инфраструктура |
17 | Экономикалык өнүгүү | Курчап турган чөйрө, климаттын өзгөрүүлөрүнө ыңгайлашуу |
18 | Экономикалык өнүгүү | Өлкөнүн региондорун өнүктүрүү |
19 | Экономикалык өнүгүү | Өлкөнүн өнөр жай потенциалы |
20 | Экономикалык өнүгүү | Агроөнөр жай комплекси жана кооперация |
21 | Экономикалык өнүгүү | Жеңил өнөр жай кластерлери |
22 | Экономикалык өнүгүү | Туризмди туруктуу өнүктүрүү |
23 | Мамлекеттик башкаруу | Ар бир жаран үчүн натыйжалуу жана адилет мамлекет |
24 | Мамлекеттик башкаруу | Мамлекеттик бийликтин тең салмактуу системасы |
25 | Мамлекеттик башкаруу | Укуктун үстөмдүгү жана мыйзамдуулукту камсыздоо |
26 | Мамлекеттик башкаруу | Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү |
27 | Мамлекеттик башкаруу | Коопсуз өлкө |
28 | Мамлекеттик башкаруу | Прагматикалуу тышкы саясат |
29 | Мамлекеттик башкаруу | Таза Коом - өлкөнү санариптик трансформациялоо |
30 | Мамлекеттик башкаруу | Жарандык коомду өнүктүрүү |
ТӨМдүн милдеттери - бюджеттик программалар үчүн багыттар
ТӨМ коду | ТӨМ милдеттеринин аталышы |
Жакырчылыкты жоюу | |
01 | Өтө жакырчылыкты жоюу (күнүнө $ 1,90дон аз) |
Улуттук стандарттар боюнча жакырчылыкты кыскартуу | |
Бардык аярлуу топтор үчүн социалдык коргоо системасын түзүү жана өнүктүрүү | |
Бардыгы үчүн ресурстар менен кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | |
Табигый кырсыктарга алсыздыкты азайтуу | |
Жакырчылыкты жоюу үчүн ресурстарды мобилизациялоо | |
Жакырчылыкты кыскартуу үчүн бекем стратегияларды түзүү | |
Ачкачылыкты жоюу | |
02 | Бардыгы үчүн коопсуз тамак-аш менен камсыз кылуу |
Тамак-аштын жетишсиздигин жоюу | |
Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу | |
Айыл чарбасында туруктуу методдорду киргизүү | |
Уруктардын генетикалык ар түрдүүлүгүн сактоо | |
Агроинфраструктурага жана илимий изилдөөлөргө инвестицияларды көбөйтүү | |
Агрардык рыноктогу тоскоолдуктарды жоюу | |
Азык-түлүк бааларын жана рынокторун турукташтыруу | |
Жакшы ден соолук жана бакубаттуулук | |
03 | Энелер өлүмүн азайтуу |
Ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн кыскартуу | |
Эпидемиянын алдын алуу (СПИД, кургак учук, безгек) | |
Жугуштуу эмес оорулардан каза болууну азайтуу | |
Баңгизаттарды жана алкоголду кыянаттык менен пайдалануунун алдын алуу | |
Жол кырсыктарынан каза болууну азайтуу | |
Репродуктивдүү саламаттыкка жеткиликтүүлүктү кеңейтүү | |
Саламаттык сактоого жалпы жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | |
Абанын жана суунун булганышынан каза болууну кыскартуу | |
Тамеки чегүүнү азайтуу | |
Медициналык изилдөөлөрдү өнүктүрүү | |
Саламаттыкты сактоо секторун каржылоо үчүн ресурстарды мобилизациялоо | |
Эпидемияларга даярдыкты жогорулатуу | |
Сапаттуу билим | |
04 | Акысыз орто билим берүүнү камсыз кылуу |
Мектепке чейинки билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | |
Кесиптик билим берүүгө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү | |
Жумушка орношуу көндүмдөрү бар адамдардын санын көбөйтүү | |
Билим берүүдөгү гендердик теңсиздикти жоюу | |
Жаштар жана чоңдор арасында сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу | |
Туруктуу өнүгүү жана адам укуктары үчүн билим берүүнү камсыз кылуу | |
Мектеп инфраструктурасын жакшыртуу | |
Студенттер үчүн стипендиялардын санын көбөйтүү | |
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу | |
Гендердик теңдик | |
05 | Аялдар менен кыздарды басмырлоону жоюу |
Аялдарга карата зомбулукту жок кылуу | |
Эрте жана мажбурлап никеге турууну жоюу | |
Аялдардын эмгекке болгон тең укуктарын камсыз кылуу | |
Аялдардын мамлекеттик жана башка түзүмдөрдө өкүлчүлүгүн жогорулатуу | |
Аялдардын медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жана репродуктивдүү укуктарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | |
Менчикке жетүүдө басмырлоону жоюу | |
Аялдар үчүн технологияларды колдонууну кеңейтүү | |
Гендердик теңчилик саясатын күчөтүү | |
Таза суу жана санитария | |
06 | Таза сууга жалпы жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу |
Бардыгы үчүн санитардык шарттарды камсыз кылуу | |
Булганууларды азайтуунун эсебинен суунун сапатын жакшыртуу | |
Сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу | |
Суу ресурстарын туруктуу башкарууну иттттеп чыгуу жана киргизүү | |
Суу экосистемасын коргоо жана калыбына келтирүү | |
Суу менен камсыздоо жаатында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү | |
Жергиликтүү коомдоштуктардын сууну башкарууга катышуусун күчөтүү | |
Арзан жана таза энергия | |
07 | Электр энергиясына жалпы жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу |
Кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүү | |
Экономикада энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу | |
Энергетикада эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү | |
Энергетика тармагын жана инфраструктурасын модернизациялоо жана кеңейтүү | |
Татыктуу жумуш жана экономикалык өсүү | |
08 | Экономикалык өсүш темпин жогорулатуу |
Эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу | |
Чакан жана орто бизнести формалдаштырууга жана колдоого көмөктөшүү | |
Толук ишке орношууну жана бирдей эмгек акыны камсыз кылуу | |
Жаштар арасындагы жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү | |
Мажбурлоо эмгегин жана балдар эмгегин жоюу | |
Эмгек шарттарынын коопсуздугун камсыз кылуу | |
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоону көбөйтүү | |
Жаштарды иш менен камсыз кылуу стратегиясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу | |
Индустриялаштыруу, инновация жана инфраструктура | |
09 | Транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү |
Инклюзивдүү жана туруктуу өнөр жайды колдоо | |
Чакан жана орто ишканалардын финансыларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү | |
Өнөр жай процесстеринин ресурстук натыйжалуулугун жогорулатуу | |
Илимий изилдөөлөрдү жана инновацияларды көбөйтүү | |
Өнөр жайды өнүктүрүүнү колдоо | |
Өнөр жайдагы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана туруктуу технологияларды өнүктүрүү | |
Интернетке жеткиликтүүлүктү кеңейтүү | |
Теңсиздикти азайтуу | |
10 | Калктын аярлуу катмарынын 40%ынын кирешесинин өсүшүн жогорулатуу |
Бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана басмырлоону азайтуу | |
Адилетсиз мыйзамдарды, ченемдерди жана практикаларды жоюу | |
Адилеттүү фискалдык жана социалдык саясатты камсыз кылуу | |
Финансы агымдарын жөнгө салууну жакшыртуу | |
Эл аралык институттарда өлкөнүн ролун жогорулатуу | |
Иреттүү миграцияны жана адамдардын мобилдүүлүгүн камсыз кылуу | |
Эң аз өнүккөн өлкөлөр менен соодага көмөктөшүү | |
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн дүйнөлүк соодага катышуусун колдоо | |
Алардын наркын төмөндөтүүдө мигранттардын акча которууларынын көлөмүн көбөйтүү | |
Туруктуу шаарлар жана калктуу конуштар | |
11 | Жеткиликтүү жана коопсуз турак жай менен камсыз кылуу |
Туруктуу жана жеткиликтүү транспорт менен камсыз кылуу | |
Шаарлардын инклюзивдүүлүк мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу | |
Маданий жана табигый мурастарды коргоо | |
Шаарларга табигый кырсыктардын таасирин азайтуу | |
Абанын булганышын жана таштандыларды азайтуу | |
Коомдук жана жашыл зоналарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | |
Шаарды пландаштырууну өнүктүрүү | |
Имараттардын жана инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатуу | |
Курулуштагы туруктуу технологияларды колдоо | |
Жоопкерчиликтүү керектөө жана өндүрүш | |
12 | Туруктуу керектөө жана өндүрүш программасын иштеп чыгуу жана киргизүү |
Өндүрүш калдыктарын кыскартуу | |
Ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшүү жана бардык этаптарда тамак-аш жоготууларын азайтуу | |
Химикаттар жана калдыктар менен коопсуз иштөөнү камсыз кылуу | |
Кайра колдонуу жана кайра иштетүү деңгээлин жогорулатуу | |
Компаниялардын экологиялык жоопкерчиликтүү иш-аракетин кубаттоо | |
Стандарттарды иштеп чыгуу жана "жашыл" мамлекеттик сатып алууларды өнүктүрүү | |
Туруктуу өнүгүүдө керектөөнүн таасири тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу | |
Өлкөнүн туруктуу моделдерге өтүүсүн колдоо | |
Туруктуу өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн инструменттерди иштеп чыгуу | |
Климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү | |
13 | Климаттык кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу |
Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чараларын мамлекеттик стратегияларга интеграциялоо | |
Климат маселелери боюнча билим берүүнү жана маалымдуулукту жакшыртуу | |
Эл аралык климаттык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу | |
Климаттык жактан нейтралдуу технологиялардын өнүгүшүн колдоо | |
Деңиздин экосистемасын сактоо | |
14 | Деңиздердин булганышын азайтуу (пластик, саркынды суулар, химикаттар) |
Жээк экосистемаларын натыйжалуу башкаруу | |
Суу ресурстарынын кычкылдануусунун таасирин минималдаштыруу | |
Ашыкча жана мыйзамсыз балык уулоону жоюу | |
Деңиз экосистемаларынын 10%ын коргоону камсыз кылуу | |
Ашыкча балык уулоого өбөлгө түзгөн субсидияларды жоюу | |
Жердин экосистемасын сактоо | |
15 | Кургактагы жана тузсуз суу экосистемаларын сактоо жана калыбына келтирүү |
Токойлорду туруктуу башкаруу жана токойлордун кыйылышын токтотуу | |
Жерлердин чөлгө айлануусуна жана деградациясына каршы күрөшүү | |
Тоолуу экосистемаларды сактоо | |
Биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушун алдын алуу боюнча шашылыш чараларды көрүү | |
Генетикалык ресурстарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | |
Браконьерликти жана корголуучу түрлөрдү сатууну токтотуу | |
Инвазивдүү түрлөргө каршы күрөшүү | |
Улуттук стратегияларга экосистемалык баалуулуктарды киргизүү | |
Экосистемаларды сактоо үчүн финансылык ресурстарды мобилизациялоо | |
Токойлорду туруктуу башкарууну колдоо | |
Браконьерликке каршы күрөшүү боюнча чараларды күчөтүү | |
Тынчтык, акыйкаттык жана натыйжалуу институттар | |
16 | Зомбулуктун жана кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүү |
Балдарды зомбулуктан жана эксплуатациядан коргоо | |
Мыйзам үстөмдүгүн жана акыйкаттыкка бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | |
Мыйзамсыз финансылык агымдарга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү | |
Коррупциянын жана паракорлуктун деңгээлин төмөндөтүү | |
Натыйжалуу, отчет берүүчү институттарды өнүктүрүү | |
Бардык деңгээлдерде инклюзивдүү чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу | |
Өлкөнүн эл аралык институттарга катышуусун күчөтүү | |
Укуктук иденттүүлүккө жалпы жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу | |
Маалыматка жетүүнү жана негизги эркиндиктерди коргоону камсыз кылуу | |
Адам укуктарын колдогон улуттук институттарды чыңдоо | |
Басмырлоону жокко чыгаруучу мыйзамдарды жана практикаларды камсыз кылуу | |
Туруктуу өнүгүү максатында өнөктөштүк | |
17 | Туруктуу өнүгүү үчүн ички ресурстарды мобилизациялоону жакшыртуу |
Өнүктүрүү максатында расмий көмөктөшүүнү толук ишке ашырууну камсыз кылуу | |
Кошумча финансылык ресурстарды тартуу | |
Макроэкономикалык туруктуулук аркылуу туруктуу саясатты колдоо | |
Эң аз өнүккөн өлкөлөргө инвестиция тартуу | |
Илим жана технология жаатында эл аралык кызматташтыкты жогорулатуу | |
Туруктуу технологияларды колдоого алуу | |