Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VII чакырылыштагы кезексиз XXXVII сессиясынын
2020-жылдын 25-февралы № 259/37-7
“Кайрым” балдарга жардам берүү борборунун иш алып баруу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 25.02.2020-жылдагы кезектеги 36-сессиясынын протоколдук чечиминин негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык мэриясынын “ЮНИСЕФ” балдар фондусу менен макулдашуу Мемарандумунун мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу,Талас шаарындагы “Кайрым” зордук зомбулуктан, ырайымсыз мамиледен жабыр тартып, оор кырдаалга кабылган балдарга укуктук, социалдык жана психологиялык жактан жардам берүү борборунун иш алып баруу багыты өзгөртүлсүн жана юрист, психолог, тарбиячы штаттары кыскартылсын.
2. Борбордун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу Талас шаарындагы зордук зомбулуктан, ырайымсыз мамиледен жабыр тартып, оор кырдаалга кабылган балдар боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Талас шаардык мэриясына (А.Джузупбеков) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына ( Н.Мусуралиева) тапшырылсын.
Төрага |
| М. Есенкулов |