Редакцияот 21.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 21-августу № 32

 

“Орто-Кайыңды айыл аймагында Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө”

 

Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязованын “Орто-Кайыңды айыл аймагында ” Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы № 194 “ Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123” Жергиликтүү мамлекеттик администрация администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Орто-Кайыңды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Орто-Кайыңды айыл аймагында жайгашкан  ресторандарда, эс алуучу жайларда, тойканаларда, кафелерде саат 22:00дөн таңкы саат  07:00гө чейин ( дем алыш жана майрам күндөрү саат 9-00гө чейин) үн басымын жана ызычуунун белгиленген денгээлинен ашууга тыюу салынат.

 

2.Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнө тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш  болгон жайларга жана аймактарга жакын жайгашкан  эс алуучу  коомдук  жайларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилет.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Баязовага жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын  төрагасы Абдиманап кызы Сажидага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

К.Мырзагелдиев