Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-январындагы № 27 токтомуна) |
Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 84-беренесине ылайык иштелип чыккан жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү тарабынан (мындан ары - БКБТ) бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын (мындан ары - БЧОС) түзүүнүн (иштеп чыгуунун/жаңыртуунун), ошондой эле кароонун тартибин белгилейт. БЧОСту түзүүчү БКБТ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясын берүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын тизмеги менен аныкталат.
2. БЧОС сектордун/тармактын стратегиялык максатын жана милдеттерин, бюджеттик программаларды, ошондой эле тиешелүү сектордо/тармакта мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишинин натыйжаларынын көрсөткүчтөрүн аныктайт.
БЧОС "Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары" документинин бир бөлүгү катары жыл сайын түзүлөт, жаңыланат жана такталат. БЧОС төмөнкүлөр үчүн багытталган:
1) сектордогу/тармактагы кырдаалды объективдүү баалоо жана орто мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүү болжолдорун түзүү;
2) секторду/тармакты өнүктүрүү боюнча жаңы демилгелерди жана багыттарды кабыл алуу;
3) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджеттин долбоорун түзүү үчүн негиздерди түзүү.
3. БЧОСтун долбоорун даярдоо жана кароо 1-таблицада келтирилген график боюнча ишке ашырылат.
1-таблица
БЧОСту түзүүнүн жылдык циклинин графиги
№ | Этаптар | Жооптуу органдар | Мөөнөтү |
1 | БЧОС долбоорун даярдоо процесси | БКБТ | Кезектеги бюджеттик жылдын 20-апрелине чейин |
2 | БКБТнын расмий веб-сайтына БЧОСтун долбоорун жарыялоо жана коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө билдирүү | БКБТ | Кезектеги бюджеттик жылдын 20-апрелине чейин |
3 | БЧОС долбоору боюнча коомдук угууларды өткөрүү | БКБТ | Кезектеги бюджеттик жылдын 1-майына чейин |
4 | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга БЧОСтун долбоорун берүү | БКБТ | Кезектеги бюджеттик жылдын 5-майына чейин |
5 | БЧОСтун долбоорунун финансылык параметрлерин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен талкуулоо жана макулдашуу | БКБТ, ЫМО | Кезектеги бюджеттик жылдын 15-майына чейин |
6 | "Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттары" (мындан ары - ФСНБ) документинин долбооруна киргизүү үчүн БЧОСтун берилген долбоорлорун жалпылоо | ЫМО | Кезектеги бюджеттик жылдын 20-майына чейин |
7 | ФСНБ долбоорун жана пикир келишпестиктер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кеңешине берүү (мындан ары - Министрлер Кабинетинин кеңеши) | ЫМО | 1-жарым жылдыктан кечиктирбестен |
8 | ФСНБ долбоорун карап чыгуу жана контролдук цифралар боюнча пикир келишпестиктерди жоюу | Министрлер Кабинетинин кеңеши | 15 календардык күн |
9 | Министрлер Кабинетинин кеңеши тарабынан ФСНБны жактыруу | Министрлер Кабинетинин кеңеши | 30 календардык күн |
10 | ФСНБны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына жарыялоо | ЫМО | 5 жумуш күн |
4. Ушул Нускамада пайдаланылган негизги түшүнүктөр жана терминдер:
- бюджеттик программанын администратору - бюджеттик программаны пландоо жана ишке ашыруу процессин координациялоо үчүн жоопкерчилик тарткан БКБТнын кызмат адамы;
- бюджеттик чакан программа - бюджеттик программанын курамдык бөлүгү, ал бюджеттик программаны ишке ашырууга түздөн-түз көмөктөшүүчү иштин түрлөрүн (иш-чаралар, долбоорлор, дайыма аткарылуучу функциялар, үзгүлтүксүз сатып алуулар) билдирет;
- бюджеттик программа - улуттук стратегиянын максаттары жана/же өнүктүрүүнүн стратегиялык/программалык документтери жана/же бюджеттик каражаттар менен камсыз кылынуучу мамлекеттик башкаруунун/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары менен байланышкан натыйжаларга жетишүүгө багытталган өз ара байланышкан чакан программалардын комплекси. Бюджеттик программа сектордун/тармактын милдеттеринин бирин аткарууга багытталган;
- натыйжалуулук көрсөткүчтөрү - пландалган натыйжаларга жетишүү даражасын же сектордун/тармактын конкреттүү абалын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү сектордун/тармактын максаттарына жетүү үчүн багыт катары же БКБТнын ишин баалоо критерийи катары колдонулат;
- стратегиялык максат - сектордун/тармактын конкреттүү абалы, анын жетишкендиктери коомдук көз караштан алганда керектүү болуп саналат;
- болжолдуу көрсөткүчтөр - республикалык бюджетти түзүүнүн мурдагы циклинде республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен бекитилген болжолдонгон мезгилдин көрсөткүчтөрү (болжолдуу көрсөткүчтөр), анын негизинде БЧОСту түзүүдө программалар боюнча бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү жүзөгө ашырылат;
- программалык түзүм - бюджеттик программалардын жана аларды түзүүчү бюджеттик чакан программалардын тизмеги;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (ЫМО) - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган).
2-глава. Процессти уюштуруу
5. БКБТ профилдик, стратегиялык, экономикалык жана финансылык бөлүмдөрдүн жана ведомстволук уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту түзөт (мындан ары - жумушчу топ). Жумушчу топту БКБТ министринин орун басары (мындан ары -министрдин орун басары) же БКБТ аппаратынын жетекчиси жетектейт. Жумушчу топ саясаты БКБТ тарабынан аныкталган секторлордун/тармактардын БЧОСун түзүү боюнча негизги функцияны аткарат. БКБТ кезектеги бюджеттик жылдын 20-мартына чейинки мөөнөттө жумушчу топту түзүү жөнүндө ведомстволук актынын көчүрмөсүн, ошондой эле бюджеттик программалардын администраторлорунун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу жооптуу кызматкердин байланыш маалыматтарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
6. Эгерде БКБТ бир нече сектордогу/тармактагы саясатты башкаруу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу болсо, анда ал ар бир өзүнчө сектор/тармак үчүн бир нече БЧОС иштеп чыгат. Жумушчу топ төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) БЧОСтун долбоорун түзүү/жаңылоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу;
2) негизги маселелерди талкуулоо, бюджеттик программаларды түзүү, бюджеттик программалар боюнча бюджеттик чыгымдарды бөлүштүрүүдөгү артыкчылыктар боюнча чечимдерди кабыл алуу, бюджеттик программаларды ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжаларды аныктоо, БЧОСтун долбоорун даярдоо жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү.
7. Сектордун/тармактын саясатын башкарууга жана ишке ашырууга бир нече мамлекеттик органдар тартылган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлөт.
8. Жумушчу топтун иши 2-таблицада келтирилген иш графигине ылайык жүргүзүлөт.
2-таблица
№ | Этаптар | Иш-чаралар | Мөөнөтү |
1 | БЧОС долбоорун даярдоо процессин демилгелөө | Ведомстволук акт менен жумушчу топтун курамын бекитүү. БЧОСтун долбоорун даярдоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү үчүн жооптуу кызматкерди дайындоо | Кезектеги бюджеттик жылдын 18-мартына чейин |
Жумушчу топту түзүү жөнүндө ведомстволук актынын көчүрмөсүн, ошондой эле бюджеттик программалардын администраторлорунун жана БЧОСтун долбоорун даярдоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруучу жооптуу кызматкердин байланыш маалыматтарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберүү | Кезектеги бюджеттик жылдын 20-мартына чейин | ||
Тармактык саясаттын негизги багыттарын талкуулоо, БЧОС долбоорунун бюджеттик программаларын аныктоо боюнча жумушчу топтун жолугушууларын өткөрүү | Кезектеги бюджеттик жылдын 25-мартына чейин | ||
2 | БЧОСту иштеп чыгуу процесси | Бюджеттик программаларды аныктоо | Кезектеги бюджеттик жылдын 30-мартына чейин |
Бюджеттик программалардын администраторлору тарабынан жумушчу топтун жыйналышында талкуулоо үчүн ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча бюджеттик программалардын сыпаттама бөлүгүн берүү | Кезектеги бюджеттик жылдын 5-апрелине чейин | ||
Бюджеттик программалардын администраторлору тарабынан бюджеттик программалар үчүн натыйжалуулук көрсөткүчтөрү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Кезектеги бюджеттик жылдын 10-апрелине чейин | ||
Жарандык коомдун же коомдук кеңештин өкүлдөрүнүн (болсо) катышуусу менен жумушчу топтун жыйналыштарында бюджеттик программаларды, бюджеттик программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн талкуулоо жана макулдашуу | Кезектеги бюджеттик жылдын 15-апрелине чейин | ||
Ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча БЧОСту түзүү | Кезектеги бюджеттик жылдын 20-апрелине чейин | ||
БЧОСтун долбоорун коомдук талкуулоо | Кезектеги бюджеттик жылдын 10-майына чейин | ||
БЧОСтун долбоору боюнча өткөрүлгөн коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен БЧОСтун долбоорун жеткире иштеп чыгуу | Кезектеги бюджеттик жылдын 12-майына чейин | ||
БКБТ жетекчиси тарабынан БЧОСтун долбоорун жактыруу | Кезектеги бюджеттик жылдын 13-майына чейин | ||
БЧОСту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү | Кезектеги бюджеттик жылдын 15-майына чейин |
9. БЧОСтун долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгенге чейин БКБТнын жетекчиси тарабынан жактырылат. Саясатын башкарууга жана ишке ашырууга бир нече БКБТ ишке тартылган секторлор/тармактар үчүн БЧОСтун долбоору алардын жетекчилеринин кол коюусу менен жактырылат.
10. БЧОСтун долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө ушул Нускаманын 1, 2-тиркемелерине ылайык мамлекеттик жана расмий тилде берилет. Документтердин электрондук форматтары толтуруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
11. БЧОСтун долбоору боюнча документтердин пакети ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
3-глава. БЧОСтун ресурстук негизи
12. БЧОСтун долбоорун түзүүнүн ресурстук негизи болуп республикалык бюджетти түзүүнүн мурдагы циклиндеги республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында бекитилген болжолдуу мезгилдин көрсөткүчтөрү эсептелет (болжолдуу көрсөткүчтөр).
13. БЧОСтун долбоорунда берилген бюджеттик программалар боюнча чыгымдардын жалпы суммасы болжолдуу көрсөткүчтөрдү бекиткен учурдан тартып түзүмдүк өзгөртүүлөрдү эске алуу менен БКБТ боюнча болжолдуу көрсөткүчтөргө шайкеш келүүсү керек. Болжолдуу көрсөткүчтөрдөн четтөөлөр 10 пайыздан ашпоого тийиш. Биринчи кезекте мындай четтөөлөр инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн активдердин ишин камсыз кылуу боюнча учурдагы жаңы чыгымдарды камтышы керек. Четтөөлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен талкууланууга тийиш. БЧОСтун долбоору бир нече БКБТ менен биргеликте түзөлгөн учурда БЧОСто берилген бюджеттик программалар боюнча чыгымдардын жалпы суммасы болжолдуу көрсөткүчтөрдү бекиткен учурдан тартып түзүмдүк өзгөртүүлөрдү эске алуу менен БЧОСту түзгөн БКБТ боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдүн жалпы суммасына шайкеш келүүсү керек.
14. Болжолдуу көрсөткүчтөрдүн чегинен чыккан кошумча каржылоону талап кылган жаңы бюджеттик программалар БКБТ тарабынан БЧОСко чакан программаларды аныктоо менен бюджеттик программанын сценарийи түрүндө берилет. Кошумча каржылоону талап кылган жаңы бюджеттик программалар, БЧОСко сценарий түрүндө киргизилген жана алардын наркы БЧОСтун тексттик бөлүгүндө гана көрсөтүлөт.
15. Программаларды каржылоонун бюджеттен тышкаркы булактары (өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ырасталган каражаттары, өнүктүрүү фонддорунун каражаттары), жеке каражаттар, ошондой эле программанын максаттарына жетүүгө багытталган бюджеттик системанын башка бюджеттеринин каражаттары бар болсо, жогоруда көрсөтүлгөн каражаттар ар бир бюджеттик программа боюнча БЧОСтун тексттик бөлүгүндө көрсөтүлөт.
16. Эгерде бюджеттик программаны ишке ашырууга тартылган БКБТ жалгыз аткаруучу болбосо, анда БЧОСтун тексттик бөлүгүндө тең аткаруучулар, бюджеттик программанын күтүлгөн натыйжаларына жетүүдөгү алардын ролу боюнча толук маалымат чагылдырылат.
4-глава. БЧОСтун долбоорун даярдоо форматы жана тартиби
17. БЧОСтун долбоорун түзүү процесси төмөнкүдөй кадамдардан турат:
1) сектордун/тармактын сүрөттөлүшү;
2) сектордун/тармактын стратегиялык максаттарын аныктоо;
3) сектордун/тармактын милдеттерин аныктоо;
4) бюджеттик программаларды түзүү/жаңылоо;
5) бюджеттик программалар боюнча финансылык каражаттарды бөлүштүрүү;
6) ар бир бюджеттик программа үчүн натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн аныктоо.
18. БЧОСтун долбоорун түзүү процессинин ар бир кадамы сүрөттөмө менен коштолот. БЧОСтун бөлүмдөрүнүн мазмунуна жана сыпаттамасына карата талаптар ушул Нускаманын 1-тиркемесинде баяндалган.
§ 1. Сектордун/тармактын баяндамасы
19. БЧОСтун долбоорун иштеп чыгуу процесси БКБТга тийиштүү болгон секторду/тармакты баяндоодон башталат.
20. Секторду/тармакты баяндоого карата негизги талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) акыркы отчеттук мезгил үчүн кыскача статистиканы келтирүү менен БЧОСтун долбоорун түзүү учурунда сектордун/тармактын өзгөчөлүктөрүн (масштаб жана негизги компоненттер) жана абалын баяндоо (көйгөйлөр жана жетишкендиктер);
2) сектордун/тармактын саясатын аныктоодо жана ишке ашырууда БКБТнын ролу;
3) алардын милдеттерин жана жоопкерчилигин баяндоо менен секторду/тармакты башкарууга жана өнүктүрүүгө катышуучу башка БКБТларды (эгерде алар болсо) саноо.
21. Секторду/тармакты баяндоо БКБТга ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.
§ 2. Стратегиялык максатты аныктоо
22. БКБТ сектордун/тармактын стратегиялык максатын түзүүгө тийиш. БКБТ конкреттүү секторго/тармакка тийиштүү болбогон учурда уюмдун стратегиялык максаты түзүлөт. Эгерде сектордун/тармактын стратегиялык максаты мурда түзүлсө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган болсо, анда ал жүргүзүлүп жаткан реформаларга же тармактык саясатты кайра карап чыгууга байланыштуу максатты баяндоону кайра карап чыгуу зарыл болгон учурдан тышкары, мурдагы редакциясында калат.
23. Стратегиялык максатты баяндоого төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) улуттук деңгээлдеги өнүктүрүү стратегияларынын/программаларынын жана/же сектордук стратегиялык/программалык документтердин артыкчылыктарына шайкеш келүү;
2) баяндоонун тактыгы, аныктыгы жана кыскалыгы;
3) жеткиликтүүлүк жана ченемдүүлүк (артыкчылыктуу болмок);
4) БКБТ ишинен коомдук маанилүүлүктүн/пайданын чагылдырылышы;
5) процесске эмес, конкреттүү натыйжага жетүүгө багыттуулук.
24. Стратегиялык максатты баяндоо түшүнүктүү болууга жана төмөнкүлөрдү камтыбоого тийиш:
1) аны түшүнүүнү кыйындата турган атайын терминдерди жана аббревиатураларды;
2) эркин же түшүнүксүз чечмелөөгө жол берген терминдерди, түшүнүктөрдү жана туюнтмаларды;
3) стратегиялык максаттын өзүнө жетүүнүн натыйжасы болгон башка максаттарды, милдеттерди, натыйжаларды же жыйынтыктарды көрсөтүүнү;
4) стратегиялык максатка жетүүнүн каражаттарын жана ыкмаларын баяндоону.
25. Сектордун/тармактын стратегиялык максаты ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык БЧОСтун "Стратегиялык максат" бөлүмүнө кирет.
§ 3. Сектордун/тармактын милдеттерин аныктоо
26. Сектордун/тармактын милдеттери стратегиялык максатка жетүүгө багытталышы жана иштин негизги артыкчылыктуу багытын чагылдырышы керек. Сектордун/тармактын милдеттери бюджеттик программаларды аныктоо үчүн негиз болуп эсептелет.
27. Сектордун/тармактын милдеттери төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) милдеттер улуттук деңгээлдеги өнүктүрүү стратегияларынын/программаларынын жана/же сектордук стратегиялык/программалык документтердин артыкчылыктарына ылайык келүүсү керек;
2) милдеттерди баяндоо кыска жана так болууга тийиш, аны түшүнүүнү кыйындата турган атайын терминдер жана аббревиатуралар болбошу керек;
3) милдеттер сектордун/тармактын стратегиялык максатынын туюндурулушун кайталабашы керек;
4) милдеттердин саны көп болбошу керек (5тен көп эмес сунушталат);
5) сектордун/тармактын максатына карата сектордун/тармактын милдеттеринин жыйындысы зарылдык (ар бир милдетти чечүү максатка жетүүнүн зарыл шарты болуп эсептелет) жана жетиштүүлүк (бардык милдеттерди чечүү максатка жетүүнүн жетиштүү шарты болуп эсептелет) принциптерине жооп берүүгө тийиш;
6) БКБТнын ишин камсыздоого багытталган милдеттерди коюуга жол берилбейт;
7) милдеттердин тизмеги БКБТ ишин жөнгө салуучу жободогу функциялардын тизмегин кайталабашы керек;
8) секторду/тармакты каржылоо көйгөйүн чечүү милдет катары каралбашы керек.
28. Эгерде сектордун/тармактын милдеттери мурда эле түзүлсө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган болсо, анда алар жүргүзүлүп жаткан реформаларга же тармактык баяндоону кайра карап чыгуу зарылдыгы келип чыккан учурдан тышкары, мурдагы редакциясында калат.
29. Баяндалган милдеттер ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча "Милдеттер" бөлүмүндөгү милдеттердин тизмеги түрүндө берилет.
§ 4. Бюджеттик программаларды түзүү
30. БКБТнын ишинин өз ара байланыштуу негизги багыттары аларды бириктирүүчү сектордун/тармактын милдеттерине ылайык бюджеттик программаларга топтоштурулат.
31. Ар бир бюджеттик программа үчүн максат белгилениши керек, ал так жана кыскача берилип, конкреттүү, жеткиликтүү, ченемдүү, сектордун/тармактын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тышкы керектөөчүлөрүнө, натыйжага жетишүүгө багытталган болушу керек. Максатты баяндоодо аны түшүнүүнү кыйындата турган атайын терминдер жана аббревиатуралар болбошу керек.
32. Ар бир бюджеттик программа үчүн күтүлгөн натыйжа белгиленет, ал орто мөөнөттүү же узак мөөнөттүү мезгилде пландык көрсөткүчтүн маанисин белгилөө менен так жана түшүнүктүү берилет.
33. Бюджеттик программаларды баяндоого төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) сектордогу/тармактагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына шайкеш келүү жана улуттук деңгээлдеги өнүктүрүү стратегияларынын/программаларынын жана/же сектордук стратегиялык/программалык документтердин артыкчылыктары менен так өз ара байланыш;
2) бюджеттик программанын сектордун/тармактын милдеттеринин бирин чечүүгө багыттуулугу;
3) аны түшүнүүнү кыйындата турган атайын терминдерди, аббревиатураларды колдонбостон, бюджеттик программалардын аталышынын кыскалыгы;
4) бюджеттик программалардын санынын негиздүүлүгү (бюджеттик программалардын саны сектордун милдеттеринин санынан аз болбошу жана өтө эле чоң болбошу керек);
5) программалык түзүмдүн мезгил аралыгындагы туруктуулугу. Жаңы бюджеттик программалар/чакан программалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча киргизилет;
6) БКБТнын бюджетинин алкагында каржылануучу инвестициялык долбоорлор жана реформа жүргүзүү боюнча иштер бюджеттик программалар катары аныкталбайт;
7) каржылоо же каржылоонун көлөмүн көбөйтүү программа болуп эсептелбейт;
8) бюджеттик программа коомдук маанилүү болууга тийиш - БКБТнын ишинин пайдасын көрсөтүшү керек жана БКБТнын көйгөйүн чечүүгө багытталбашы керек.
Эгерде сектордун/тармактын бюджеттик программалары мурда баяндалса жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган болсо, анда алар төмөнкү себептер боюнча гана өзгөрүп, мурдагы редакциясында калат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде жана БКБТлардын ичинде түзүмдүк өзгөрүүлөр;
- өзгөрүүлөр процессинин натыйжасы катарыа БКБТлардын функцияларын түп-тамырынан бери кайра карап чыгуу;
- программалык түзүмдү оптималдаштыруу (кичине программаларды бириктирүү же ири программаларды ажыратуу);
- тармактык саясатты кайра карап чыгуу;
- программалык түзүмдү ТӨМ милдеттери менен интеграциялоо;
- программалардын натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары;
- эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жана донордук программаларды ишке ашыруу;
- программалардын мазмундук бөлүгүнө таасир этүүчү мыйзамдык жана ченемдик базадагы өзгөрүүлөр.
34. Бюджеттик программалардын тизмегинде "Башкаруу жана администрациялоо" стандарттык программасы чагылдырылат, ал негизги бюджеттик программалар боюнча чыгымдарын бөлүштүрүү кыйынга турган бөлүмдөрдүн функциясын камтыйт. Бул программаны ишке ашыруу башка программаларга координациялоочу жана уюштуруучу таасирин тийгизет.
35. "Башкаруу жана администрациялоо" бюджеттик программасына төмөнкүлөр кирет: жогорку жетекчилик; финансылык кызмат; мониторинг жана контролду ишке ашыруу үчүн жооптуу бөлүм; адам ресурстарын башкаруу; эл аралык кызматташтык бөлүмү; юридикалык кызмат; ички аудит; коомчулук менен байланышуу боюнча кызмат, басма сөз-катчылар ж.б. Бул программага БКБТнын борбордук аппараты ишке ашыруучу бардык чыгымдарды киргизүүгө жол берилбейт. Бир нече функцияларды аткаруучу, ар башка бюджеттик программаларга/чакан программаларга тиешелүү болгон БКБТнын аймактык бөлүмдөрү "Башкаруу жана администрациялоо" бюджеттик программасында бир бюджеттик чакан программа катары көрсөтүлөт.
36. "Башкаруу жана администрациялоо" бюджеттик программасы тизмеде биринчи көрсөтүлөт.
37. Баяндалган бюджеттик программалар ушул Нускаманын 1-тиркемесинде келтирилген форма боюнча "Бюджеттик программалар" бөлүмүнө, ошондой эле ушул Нускаманын 2-тиркемесинде келтирилген форма боюнча "Бюджеттик программаларды каржылоону талдоо" таблицасына киргизилет. Таблицаны толтурууда программалык бюджеттик классификациянын кодуна шайкеш келген бюджеттик программалардын кодун көрсөтүү зарыл. Программалык бюджеттик классификациянын коду жок болгон учурда, бюджеттик программа ага андан ары белгиленген тартипте код ыйгаруу үчүн "жаңы программа" катары көрсөтүлөт.
38. Бюджетти түзүүнүн мурдагы циклинде берилген программалык түзүмгө салыштырмалуу БЧОСтун түзүлүүчү долбоорунун программалык түзүмү бир топ өзгөргөн учурда, киргизилген өзгөртүүлөрдүн негиздемеси берилет.
§ 5. Бюджеттик программалар боюнча каражаттарды бөлүштүрүү
39. БКБТ бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрү бюджеттик программалар боюнча БЧОСко бөлүштүрүлүшү керек. Бюджеттик программалар боюнча чыгымдардын эсеби чакан программалардын наркын аныктоого негизделиши керек. Бул үчүн бюджеттик программалардын администраторлору бюджеттик өтүнмөлөрдү наркынын 10 пайызы чегинде түзөтүүлөр менен (зарыл болгон учурда) программалык форматта түзүүнүн мурдагы жылдагы циклинин жүрүшүндө эсептелген бюджеттик чакан программалардын наркынын көрсөткүчтөрүн пайдаланат. Жаңы бюджеттик чакан программалар боюнча каражаттарды бөлүштүрүү программалык негизде бюджеттерди түзүү үчүн бекитилген методиканын негизинде алдын ала эсептерден аныкталат.
40. Эсептөөлөрдүн жыйынтыгы ушул Нускаманын 2-тиркемесинде келтирилген форма боюнча "Бюджеттик программаларды каржылоону талдоо" таблицасына киргизилет.
41. Программаны каржылоонун бюджеттик эмес булактары БЧОСто "Бюджеттик программаларды каржылоону талдоо" таблицасында ар бир программа боюнча республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардан өзүнчө көрсөтүлөт. Бюджеттик эмес бардык булактар боюнча жыйынтык сумма "Бюджеттик эмес булактардын эсебинен жыйынтык" деген өзүнчө сан менен көрсөтүлөт.
§ 6. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн аныктоо
42. Ар бир бюджеттик программа үчүн ченемдүү күтүлгөн натыйжалар белгиленет. Аларды баяндоо үчүн натыйжалуулук көрсөткүчтөр колдонулат. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрдү тандап алуу Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамада бекитилген методиканын талаптарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Бюджеттик программалардын/чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн аталышы мезгил аралыгында туруктуу бойдон калууга тийиш, башкача айтканда, эгерде натыйжалуулук көрсөткүчтөрү БКБТнын программалык бюджетинде мурда эле түзүлсө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган болсо, анда алар төмөнкү себептер боюнча гана өзгөртүлүп, мурдагы редакциясында калат:
- бюджеттик программаларды/чакан программаларды кайра карап чыгуу;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы.
Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
43. Бюджеттик программалардын күтүлүүчү натыйжалары БЧОСтун тексттик бөлүгүндө жана ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча "Бюджеттик программаларды каржылоону талдоо" таблицасында чагылдырылат.
5-глава. БЧОСту кароо тартиби
44. БЧОСтун долбоорлору жана бюджеттик программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрү учурдагы жылдын 25-апрелинен кечиктирилбеген мөөнөттө коомдук талкуулоодон өтүүгө тийиш.
45. Коомдук талкуулоону өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнчаБКБТ коомдук талкуулоонун протоколун, БЧОСтун долбоорун коомдук талкуулоонун жыйынтыгы боюнча сын пикирлерди жана сунуштарды эсепке алуу матрицасын түзөт. Коомдук талкуулоонун протоколу БЧОСтун долбоору менен бирге бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
46. БЧОСтун долбоору бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү үчүн БКБТ жетекчиси тарабынан каралат жана жактырылат.
47. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БЧОСтун долбоорун программалык негизде бюджеттерди түзүү үчүн бекитилген методиканын жана ушул Нускаманын (каражаттарды бюджеттик программалар боюнча бөлүштүрүү бөлүгүндө) талаптарына шайкеш келүүсүн карайт жана баяндалган талаптарга шайкеш келбеген учурда, берилген БЧОСтун долбоорун толуктап иштеп чыгуу үчүн БКБТга кайтарат.
48. БКБТ бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен БЧОСтун долбоорун жеткире иштеп чыгат. Жеткире иштелип чыккан БЧОСтун долбоору жеткире иштеп чыгууга жиберилген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
49. Берилген орто мөөнөттүү стратегиялардын жыйындысын Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбооруна киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздайт.
50. Кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонгон мезгилге бюджеттик программаларды ишке ашырууга бюджеттик ассигнованиелерди бөлүштүрүү республикалык бюджет жөнүндө тийиштүү мыйзам менен аныкталат.
6-глава. БКБТнын орто мөөнөттүү стратегияларын аткаруу
51. БЧОСтун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби жөнүндө нускамага ылайык каралган жана аткарылган программалык бюджетти аткаруу жолу менен БКБТ тарабынан аткарылат.
|
| Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага 1-тиркеме |
20____ -20____-жылдарга ___________________________ сектору/тармагы боюнча бюджеттик чыгымдардын ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ СТРАТЕГИЯСЫ
Киришүү (БЧОС түзүү зарылдыгынын стандарттык баяндалышы): "Бул документ расмий бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү (20__-жылдан 20__-жылга чейинки үч жылдык мезгилди камтыган) стратегиясы болуп саналат, ал "20___-20__-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары" долбооруна киргизилген.
Ушул Стратегия сектордун/тармактын саясатын ишке ашыруунун алкагында бюджеттик программаларды жана аларды республикалык бюджеттин пландалган каражаттарынын чегинде каржылоону, ошондой эле каржылоонун бюджеттен тышкаркы ырасталган булактарын билдирет."
1. Сектордун/тармактын баяндалышы: сектордун/тармактын өзгөчөлүктөрүнүн кыскача баяндалышы (3-4 абзац), кыскача тармактык статистика, көйгөйлөр жана өнүктүрүү).
Секторду/тармакты башкарууда жана аны өнүктүрүүдө БКБТнын ролунун кыскача баяндалышы (1 абзац). Милдеттерин жана жоопкерчиликтерин бөлүштүрүүнү баяндоо менен секторду/тармакты башкарууга жана өнүктүрүүгө катышкан башка БКБТларды санап өтүү (эгерде андайлар болсо).
2. Сектордун/тармактын стратегиялык максаты (узак мөөнөттүү, коомдук жактан маанилүү, түшүнүктүү, ченемдүү); (максимум 1 абзац - максат жана эгер зарыл болсо, абдан кыска түшүндүрмө).
3. Сектордун милдеттери (улуттук жана тармактык өнүктүрүү программаларына шайкеш келген орто мөөнөттүү, коомдук жактан маанилүү); (Милдеттерди бир нече пункттарда санап өтүү; милдеттер көп болбошу керек, максимум 4-5 (милдеттердин саны бюджеттик программалардын санынан ашпашы керектигин эстен чыгарбоо зарыл), түшүндүрмө берүүгө болот (1-2 абзац). БКБТнын ишин камсыз кылууга, бюджеттик ассигнованиелерди көбөйтүүгө багытталган милдеттерди коюуга жол берилбейт.
4. Бюджеттик программалар (аталышы; бюджеттик классификациядагы бюджеттик программанын кодунун көрсөтүлүшү; программа чечүүчү сектордун/тармактын милдеттеринин номерин көрсөтүү; абдан кыскача баяндама (1-2 абзац) - бул багыт боюнча учурдагы абал жөнүндө маалымат жана программанын актуалдуулугу), (программалардын саны сектордун/тармактын милдеттеринин санынан аз болбошу керек. Бир нече программа бир маселени чече алат, бирок бир программа бир нече милдеттерге тиешелүү болбойт).
Бюджеттик программалардын тизмесинде "Башкаруу жана администрациялоо" стандарттуу бюджеттик программа биринчи болушу керек. Бул программада негизги бюджеттик программалар боюнча бөлүштүрүүсү татаал болгон түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бирдиктердин административдик чыгымдары топтоштурулушу керек.
Ар бир бюджеттик программаны баяндагандан кийин бюджеттик чакан программалардын болжолдуу тизмеги берилет (баяндамасы жок тизмек). Бир бюджеттик чакан программаны ишке ашырууга бир уюм же бөлүм жооптуу.
Сценарийлер: эгерде саясаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жаңы бюджеттик чакан программа пландалган учурда, БКБТ бюджетинин программалык түзүмүндө биринчи жолу пайда болот жана БКБТ үчүн белгиленген болжолдуу көрсөткүчтөрдөн ашыкча кошумча каржылоону талап кылат, бул бюджеттик чакан программа боюнча маалымат тиешелүү бюджеттик программанын баяндалышында төмөнкүдөй форматта берилет:
Бюджеттик программанын аталышы жана коду |
| ||
Жаңы бюджеттик чакан программанын аталышы |
| ||
Жаңы демилгенин кыскача негиздемеси (зарылчылык жана коомдук пайда, улуттук деңгээлдеги стратегияга/Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин демилгесине, тармактык өнүктүрүү стратегиясына шилтеме) |
| ||
|
| ||
Каржылоо каражаттары | Х+1 жыл (план) | Х+2 жыл (болжол) | Х+3 жыл (болжол) |
1. Бюджеттик каражаттар |
|
|
|
2. Атайын каражаттар |
|
|
|
3. Мамлекеттик инвестициялар |
|
|
|
Бардыгы: |
|
|
|
Натыйжалуулук көрсөткүчтөрү: |
|
|
|
1-көрсөткүч (өлчөө бирдиги) |
|
|
|
2-көрсөткүч (өлчөө бирдиги) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кошумча комментарийлер (зарыл болсо) |
|
|
|
Андан ары орто мөөнөттүү келечекте бюджеттик программаны ишке ашыруунун күтүлүүчү жыйынтыктары саналып өтөт. Күтүлгөн жыйынтык ченемдүү, реалдуу жана социалдык жактан маанилүү болууга тийиш. Бюджеттик чакан программалардын натыйжалуулук көрсөткүчтөрү бул этапта аныкталбайт.
5. Финансылык план (бюджеттик программалардын наркы, анын ичинде бюджеттик ассигнованиелер, атайын каражаттар, мамлекеттик инвестициялар, бюджеттен тышкаркы булактар). Сектордун/тармактын бюджеттик программалары боюнча чыгымдардын жалпы көлөмү жана өткөн жылдар үчүн анын динамикасындагы олуттуу өзгөрүүлөр баяндалат.
6. Бюджеттик программаны ишке ашырууга тартылган БКБТ жалгыз аткаруучу болбогон учурларда, тең аткаруучулар жөнүндө маалыматты, бюджеттик программанын күтүлгөн натыйжаларына жетүүдөгү алардын ролу көрсөтүлөт.
|
| Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага 2-тиркеме |
20____ -20____-жылдарга ___________________________ сектору/тармагы боюнча бюджеттик программаларды каржылоону талдоо
БКБТ (толук аталышы) ________________________________________________________________________________
ТӨМ коду | ПР коду | ЧП коду | Бюджеттик программалар/Бюджеттик чакан программалар | Каржылоо (программалар/чакан программалар боюнча) (миң сом) | Күтүлүүчү жыйынтыктар | ||
Х+1 жыл План. | Х+2 жыл План. | Х+3 жыл План. | |||||
00 | 1 | 01 | Башкаруу жана администрациялоо Программанын максаты: башка программаларды ишке ашырууга координациялоочу жана уюштуруучулук таасир этүү |
|
|
|
|
|
|
| Бюджеттик каражаттар |
|
|
|
|
|
|
| Атайын эсептерде топтолгон каражаттар |
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик инвестициялар (тышкы каржылоо) |
|
|
|
|
|
|
| Бюджеттен тышкаркы булактар |
|
|
|
|
|
|
| "Башкаруу жана администрациялоо" программасы боюнча баары, алардын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
| - республикалык бюджеттен |
|
|
|
|
|
|
| - бюджеттен тышкаркы булактардан |
|
|
|
|
01 | 1 | 01 | 2-программа. Программанын аталышы Программанын максаты: |
|
|
|
|
|
|
| Бюджеттик каражаттар |
|
|
|
|
|
|
| Атайын эсептерде топтолгон каражаттар |
|
|
|
|
|
|
| Мамлекеттик инвестициялар (тышкы каржылоо) |
|
|
|
|
|
|
| Бюджеттен тышкаркы булактар |
|
|
|
|
|
|
| 2-программа боюнча баары, алардын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
| - республикалык бюджеттен |
|
|
|
|
|
|
| - бюджеттен тышкаркы булактардан |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардык программалар боюнча баары, алардын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
| Республикалык бюджеттен, баары |
|
|
|
|
|
|
| Бюджеттен тышкаркы булактардан, баары |
|
|
|
|
|
| Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегияларын түзүү, кароо жана аткаруу боюнча нускамага 3-тиркеме |
Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбооруна тиркелген документтердин ТИЗМЕГИ
1. Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорунун тексти;
2. 1-тиркеме. Бюджеттик программаларды каржылоону талдоо;
3. Бюджеттик чыгымдардын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун коомдук талкуулоонун протоколу.